Понедельник, Ноябрь 18

0% үчүн кезек: Данияда ипотекалык бум болууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Данияда нөл пайыздагы ипотеканын киргизилиши насыя рыногундагы ири толкунду пайда кылды. Банктар жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала божомолдонгон киреше деңгээлин көтөрүштү. Politiken гезити жазгандай бир нече ай ичинде эле жаңы шарттагы ипотекалык келишимге жүз миңден ашуун үй ээлери кол коюшкан.

Эксперттер мындай көрүнүштү кайра каржылоонун биз кез келген эң чоң толкуну катары кабыл алышты. Бул жылы соода согушунун кесепетинен жана экономиканын келечегине болгон коркунучтан улам рынокто ишеним жоголуп пайыздык ставкалар ылдыйлагандан ылдыйлап келген.

Даниянын банктары жылдын башынан бери ипотекалык ставкаларды нөл пайызга чейин жеткиришти, а кээ бирлери планканы -0,5%га ылдыйлатышты, башкача айтканда кардарлар насыя үчүн кошумча төлөп беришет. Финансисттер банктарга бул нерсе Борбордук банктын жана башка факторлордун терс ставкасын эске алганда банктарга пайдалуу.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз