Понедельник, Апрель 6

2019-жылы Түркиянын ЖОЖдорунда рекорддук сандагы чет элдик студенттер окуду

0

Түркия 2023-жылга чейин өзүнүн жогорку окуу жайларындагы чет элдик студенттердин санын 250 миңге чейин жеткирүүнү пландаштырууда.

Түркиянын жогорку окуу жайларындагы чет элдик студенттердин саны акыркы беш жылда 48 миңден 178 миңге чейин жетти жана бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Чет элдик студенттер үчүн Түркияда бир катар стипедиялык программалар каралган. Алардын катарында – Түркия өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин жана боордош жамааттардын иштери боюнча башкармалык (YTB), Жогорку билим берүү боюнча Түркия кеңеши (YÖK) – “YÖK Bursları”, “Hükümet Bursları”, “Türkiye Diyanet Vakfı bursu” бар.

Мындан тышкары, чет элдик студенттер 207 түркиялык ЖОЖдордогу 60 миң стипендиялык программалардан пайдалана алышат.

Түркия 2023-жылга чейин өзүнүн жогорку окуу жайларындагы студенттердин санын 250 миңге чейин жеткирүүнү пландаштырууда.

«Анадолу» агенттиги YÖK, YTB жана Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын маалыматтарына шилтеме берип билдиргендей, Түркия Республикасы түзүлгөнгө чейин эле чет элдик студенттер Түркиядан сапаттуу билим алып келишкен. Бул жагдай Түркия Республикасы жарыялангандан кийин да сакталып калган.

1960-жылдары чет элдик студенттерге стипендиялар чет мамлекеттер менен эки тараптуу макулдашуулардын негизинде төлөнө баштаган. 1992-жылы Түркияда “Чоң студенттик долбоорго” старт берилип, чет элдик студенттердин окуусун системалаштырууга жол ачылган.

Бул программа 2000-жылдары чоң ийгиликтерге жетишкен. 2012-жылы долбоор Түркиянын стипендиялык программасы деп өзгөрүп, YTB тарабынан ишке ашырылууда.

Стипендиялык программанын алгачкы жылында 42 миң чет элдик студенттер кабыл алынып, 2019-жылы – 146600га жеткен.

Түркиянын стипендиялык программасы студенттерге каржылык колдоо көрсөтүүдөн тышкары алардын өздөрүнө окуу программасын тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен YTBнын программасы башка өлкөлөрдүн стипендиялык программаларынан айырмаланып турат.

Студенттер университетте билим алгандан тышкары ар кандай социалдык, маданий жана илимий иш чараларга катыша алышат. Стипендиялык программага арыздарды кабыл алуу 20-январда башталды жана 20-февралда аяктайт.

Программага катышуу үчүн минималдуу 70 балл чогултуш керек. Арыздар төмөндөгү сайтта кабыл алынат: www.turkiyeburslari.gov.tr. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн студенттер түркиялык студенттик визаны алышат.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз