Понедельник, Ноябрь 18

9 пайыздык босого чек боюнча долбоорго Атамбаев кол койгонбу?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып, парламенттин дарегине ачуу сындарды айтууга түрткү болгон 9 пайыздык босого чек боюнча долбоорго мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул туурасында “kyrgyz.news” интернет басылмасына депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Зулпукаров “9 пайыздык босого чек боюнча чечимге 2017-жылы 5-июнда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ал сунушту парламенттеги оппозициялык маанайдагы фракция “Республика- Ата Журт” депутаттары берген. Эми болсо минтип шайлоонун алдында айрымдары өз кызыкчылыгын ойлоп, кайрадан туура эмес сунуштарды бериши мүмкүн”,-дейт.

Ошондой эле ал 5 миллион сомдук күрөөнү азайтууну колдоорун 9 пайызды 3 кө чейин түшүрүү туура эмес деди.

“9 пайызды 3 пайызга чейин түшүрөбүз деп жатышат. 1 миллион 700 миң шайлоочу катыша турган болсо бул баягы партиялар өтө берет деген сөз да. Мисалы 51 миң добуш ала турган болсо кээ бир райондор бар да 100 миңден шайлоочусу ашкан. Бул жерде бир коркунуч пайда болот. Мамлекетте ынтымак жок болот. Эмнеге дегенде региондук эмес бир райондук партиялардын түзүлүп калуу коркунучу бар. Аймактарда 0,7 пайыз деген өткөрмө босоголор бар бул өтө эле аз болуп калат”,-деди.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз