Пятница, 30 сентября

Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучу кармашкан видео тарады (видео)

0

Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 102 номери аркылуу орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда бир нече окуучунун ата-энелери мугалимдин балдарга кол көтөрүүсү боюнча териштирүү зарылдыгын билдиришкен. Ошол эле учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы видеого тартылган фактыны кылдат териштирүүнү айтышкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз