Среда, Октябрь 23

Адахан Мадумаров: “Эл ишеним артпаган бийлик ар дайым алсыз болот”

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Белгилүү саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров KyrgyzNews агенттигинин кыргыз-түрк мамилелери тууралуу суроолоруна жооп берди.

KyrgyzNews: – Адахан Кимсанбаевич, Сиз кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалына кандай баа бересиз?

А. Мадумаров: – Кыргыз-түрк мамилелери биз алгач, биз бири-бирибизди таанып, табышкан Эгемендүүлүк жылдары аябай эйфория, кубаныч менен башталган. Ошол 1992-93-жылдары журналисттерди чакырып, Түркияны кыдыртып, алардан чыккан гезит, журналдарды көрсөтүп, алар кандай иштей тургандыгын көрсөтүп, Кыргызстандан барган журналисттер тобун ошол мезгилдеги премьер-министр, парламент төрагалары, президенттерге чейин кабыл алышып, аябагандай чоң шаан-шөкөт болгон. Ушул кезге чейин алардын интеллигенттери айтып калышат, “Биздин ата-журттун, ата конушунун элисиңер. Биз жашап аткан жерибиз, бул эне журтубуз. Биз Кыргызстанды өтө ыйык көрөбүз, ар бир кыргызга башка мамиле кылабыз”,- дешип, аябагандай чоң сүйүнүч, кубаныч менен кабыл алышчу.

Ошол мезгилде биринчи “Кыргыз аба жолдору” эмес, “Түрк аба жолдору” аба байланышын баштаганда мыкты учактарды, мыкты тейлөөчүлөрдү бизге коюшчу. Ошол жылдары учуп баратканыбызда да, учуп келатканда да эбегейсиз камкордукка бөлөнчүбүз. Алар бизди ыйык көрүшчү. Анан улуу кишилерден бирөө айтпады беле, “Мен ар бир адамдын жакшы жагын көргүм келет, жаман жагын өзү көрсөтөт”,- деп. Ошол сыяктуу биздин жакшы жактарыбызды алар аябай көкөлөттү. Тилекке каршы биз болсо жаман жактарыбызды тез эле көрсөтүп койдук. Ал маданиятыбыз, жүрүм-турумубуз, ишке болгон жөндөмдүүлүгүбүздү башка жактан көрсөтүп алдык да, кокууй, булар биз күткөн деңгээлде эмес экен деп, кичине кичине көңүлдөрү калып, муздап, сууп, башкача, солгун мамиле кыла башташты. Айрыкча соңку он жылдын ичинде, маселен жетекчиден көп нерсе көз каранды да, Сулайман Демирель же Тургут Озал – эки аксакал турган кезинде түрк тилдүү мамлекеттерге болгон мамилеси байкалып турчу.

Бирок кийин биз жаман жагыбызды көрсөтүп алгандан кийин, булар туруксуз экен, майдараак экен дегендей кылып, көңүл бурбай башташты. Конституциялык реформаларды жүргүзүп, Реджеп Тайип Эрдоган келгенден бери кайрадан бир башкача толкун, башкача мамиле, башкача сезимдер башталды. Назарбаевге “Бүткүл түрк дүйнөсүнүн аксакалы” деген макамды беришип, демилгени түркиялык тарап көтөрүп, ага чейин ошол аксакалдык макамда Сулейман Демирель болчу эле, ушундай көтөрүшүп, бир туугандык сезимдерин арнашты. Тилекке каршы кайра эле өзүбүз тышкы саясатта алешемдиктерди кетирип алдык. Анын кесепетинен арабыз аябай муздап кетти. Мисалы, былтыр ачылышы болгон Бишкектеги чоң мечитте алгач астында унааларды токтото турган бир башкача долбоор болчу. Анан мунун курулушу, Түркиянын ишкерлеринин чоң-чоң долбоорлору токтоп калды. Түркиянын ишкерлеринин мекенди сүйүү сезими аябай күчөгөн. Алар акча десе, акчанын артынан томолонуп кетпейт, биринчи кезекте мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын алдыга койгон ишкерлер.

Мен эки жыл Стамбулда жашап, ар кандай катмарлары, абдан чоң ишкерлери менен да  байланышта болуп көрдүм. Алар менен көп жолу отуруп сүйлөшүп, пикир алышып, саясатчылары менен да акыл калчашып көрдүм. Көптөгөн жылдар боюу дипломатияда жүргөн аксакалдары менен пикир алышып калдым. Сырттан көз салсаң, көптөгөн кемчиликтер көрүнөт. Ал эми ошол болуп аткан окуянын ичинде жүрүп, казанда кайнап жүрсөң, ал окуяга анча маани бербейсиң. Элибизде сөз бар эмеспи, “Тоонун улуулугу алыстан көрүнөт”,- деген. Ошол сыңарындай улуттун улуттугу, мамлекеттин мамлекеттүүлүгү сырттан жакшы көрүнөт. Эмне үчүн биздин убакытылуу сыртта иштеп жүргөн кыргыз кыздары менен жигиттери шайлоо учурунда аябай өжөрлөнүп, жакшы тилектер менен добуш беришет? Себеби алар сырттан бүт кайнап аткан нерсени карап турушат. Аларга ким менен, кайсы мамлекет менен алаканы күчөтүшүбүз керек, тескерисинче кайсы мамлекет менен мамилени бир аз басаңдатыш керектиги даана көрүнүп турат. Мына, бир туура эмес айтылган сөздүн айынан эки мамлекеттин ортосуна чоң доо кетип калды. Мен кантип салыштырам? Маселен, Курманбек Салиевич президент болуп келгенде Россия аябагандай чоң үмүт артып, бүгүнкү күнгө чейин Отунбаева, андан кийин Атамбаев, азыр Жээнбеков минип жүргөн самолётту Россия Курманбек Салиевичке белекке берген. ТУ – 154М модификацияланган. Мына ушуну Россиянын өлкө башчысы Кыргызстанга белек, колдоо катары берген. Самарада аябагандай каттуу оңдотуу-түзөтүү иштеринен өткөрүп, моторлорун жаңылап, себеби биз баарын бекиткенбиз, сыртында кандай жазуу, кандай түстө, кештелери кандай болуу керек экендигин. Куйругунда турбайбы, куш учуп бараткандай, мындай карасаңыз шырдактын оюмдары түшүрүлгөн. Мына ошолорго чейин берип, алар баарын жасап, аябагандай чоң мамиле жасаган. Бул чоң ишеним, үмүт болчу. Ошондой жасалган ишенимге биз толук кандуу жооп беришибиз керек. Өз кызыкчылыгыбызды албетте, алдыга коюп, “Ийилгенге ийилип, керкейгенге керкейип” мамиле жасашыбыз керек. Тилекке каршы эки тоонун тең чөбүн алгыбыз келди окшойт, тышкы саясатыбызда кичине алешемдик кетип калды. Бирок чоң державалар андайды көп кечире бербейт… Натыйжада биз дагы бир аз артка кеттик.

Түркия менен да дал ошондой болду. 2010-жылдан тартып бир чоң иш чаралар болуп, болгондо дагы алар президенттик башкарууга өтүп, Тайип Эрдоган президент болуп шайланганда Кыргызстанды бооруна кысып алчудай мамиле жасады. Бирок биздин ар кандай билдирүүлөрүбүз менен кадамдарыбызда ар кандай туура эмес иштер болуп кетип, алардын көңүлү калып кетти. Натыйжада ишкерлер дагы аябай каттуу солгундады. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз болуп турган, Кыргызстанда курула турган тикмечилик өлкөбүздө аябай дүркүрөп аткан. Алардын программасы боюнча өздөрүнө да ыңгайлуу болчу. Себеби биз ЕАЭБдин мүчөсү катары 200 млн.го жакын базары бар мамлекеттер пайда болмок. Маселен, Россия 145 млн., анын ары жагында Беларусь жатат 10 млн.го жакын, бул жагыбызда 20 млн.го жакын Казакстан турат. Анан Армения, Кыргызстан. Мына ушул 200 млн. калкы бар ортодон жогору базар ачылмак. Ошондо жеңил өнөр жайы, дүйнөгө белгилүү болгон түрк текстили курулуп, Бишкекте үч миңге чейин жумуш орду түзүлө турган чоң ишкана куруу долбоору бар эле. Бирок заматта ушулар токтоду да, Өзбекстанга өтүштү. Азыр алар Өзбекстанда иштеп атат. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү.

Андан башка да бир топ долбоорлор бар болчу. Алардын баары ишке ашпай калды. Бүгүнкү күндө мамиле кандай деңгээлде болорун билесизби? Жеке инсандан көп нерсе көз каранды. Жетекчилердин жеке мамилесинен аябай көп нерсе көз каранды болот. Дайым эле костюмду кийип, галстукту тагынып, столдо бронзодой чыкыйып отуруп алып маселени чече албайсың. Көп нерсе столдон тышкары, жеке мамиле аркылуу бүтөт. Кыргызда айтып коёт го, жылдызы келишип кала турган болсо, көп маселе чечилет. Эгерде жетекчилердин жылдызы келишип кала турган болсо, өкмөттүн да, тышкы иштер министрлигинин да, ишкерлер ассоциациясынын да кажети жок. Буйрук берилет, аткарыла берет. Айрыкча Түркияда ушундай. Мамлекеттик тартип күчтүү. Мамлекет тарабынан сөзсүз кайсы ишканалар кайсы мамлекетте иш жүргүзөрүн көзөмөлгө алат. Бул улуттун коопсуздугу үчүн, биздегидей чаржайыт эмес. Өзүбүздө бир ширеңке чыгарган завод жок, бирок эл “мыкты” деп башына көтөрүп алган “азаматтар” бүтүндөй каражаттарыбызды уурдап алып сыртка кетет дагы, завод салса дагы сыртка салат, базар курса дагы сыртка курат. Конок үйүн курса дагы сыртка курат. Эмне үчүн? Себеби өз элинен, жеринен качат. Аны алар көрүп турат. Түркияда маселен, жыл сайын иликтөө жүргүзүлөт. Мисалы, быйыл 50 млн. саякатчы келди дейт. Алардын канчасы кайсы мамлекеттен келди, кандай катмардагы эл келди? Алардын талабы эмне, кийинки жылы көбөйөбү же азаябы? Эгер алар көбөйсө, кайсы тармактарды өстүрүшүбүз керек? Көрдүңүзбү, бул пландуу экономика деп аталат. Анан канча киши сырттан келип акча салды? Инвестиция деп эле кыйкыра беребиз го биз. Алар инвестиция салгыла, анткиле, минткиле деп кыйкырбайт. Ал жакка элдин көпчүлүгү өзү эле барат, эмне үчүн? Биринчиден тартип бар, мыйзам иштейт, коопсуздук бар. А биздин өзүбүздүн жарыбаган куржунубуздагы акчаны уурдаган кыргыз жигиттер ошол жакка барышып, акчасын ошол жакка салышат. Дубайга салышат. Чет жакка көп салышат. Кээ бирөөлөрү азыр Россияны өздөштүрүп атышат. Өтө чапчаңдары Америкага чейин барып акчаларын салып жатат. Анан бизден уурдап кеткен акчаларын чет өлкөгө алпарып иштетип атса, биздин элибиз аларга баатырлар сыяктуу мамиле кылууда. Бул караңгылыкпы, кенебестикпи, жоомарттыкпы, кандай деп мүнөздөмө берүүгө башым жетпейт. Мусулманчылыкта кыяматтын бир белгилери ушул болуп калат дейт. Кыяматтын алдында калп сүйлөгөндөрдү, элдин акысын жегендерди көкөлөтүп, төбөсүнө көтөрүп калат деп айтылган белгилерге туш келип калат.

Азыр мамилелерди күчөтүү аракеттери болуп атат. Бирок алардын деңгээлинде ой жүгүртүп, алардын каалоосун билип, алар менен теңме-тең иштеше ала турган, аларга кызыктуу боло турган долбоорлорду сунуштай ала турган бизде кесипкөй өкмөт же бийлик жок, тилекке каршы. Анан туруктуулук жок. Мына ушулардан алар чочулап, бул жакка келүүдөн бир аз тартынышат. Азыркы жагдайыбыз ушундай. Биздин өзүбүздүн ата-бабалардан калган сөз менен айтканда “Каргайын десем, жалгызсың, каргабайын десем, желмогузсуң”,- дегендей эле мамиле болуп атат. Каттуу айтайын дейт, боордошпуз, айтпайын дейт, күйдүрүп атат.

KyrgyzNews: – Гүленчилер деген топту Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн катарына кошсо болобу?

А. Мадумаров: – Эгерде күчтүү мамлекет болсо, аларды этибарга албай эле койсо болот. Мамлекеттик тартип болуп, мамлекеттик талап болсо, аларды этибарга алыштын кажети жок. Бирок бүгүнкү күндөгүдөй мамлекеттик кызматтар, даражалар, депутаттык мандаттар, министрлик орундар, соттор менен милициянын орду  сатылып аткан мезгилде сөзсүз түрдө коркунуч болот. Эмнеге? Жалгыз эле ал уюм эмес, ар кандай уюм каалаган акчасын сарптап, каалаган мамлекеттик кызматтарга орношуп алып, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна сөзсүз түрдө кандайдыр-бир коркунучтарды алып келиши мүмкүн.

KyrgyzNews: – Булар кыргыз саясатында канчалык күчкө ээ? АКШ бул топту колдоо аркылуу эмне максатты көздөөдө?

А. Мадумаров: – Американы  дүйнөгө таасирин жайылткысы келет, жайылтып да жатат. Американы кой, биздин кошуна өлкөлөр да Кыргызстанга таасирин жайылткысы келет. Биз аябагандай каттуу чабал же сыноолорду өткөрүүчү аянтчага айланганбыз. Саясатчыларыбыз жан дили менен көрүнгөн жакка кызмат кылып берүүгө даяр, бир гана көкүрөккө тагуучу төш белги үчүн. Өздөрү даяр турат, көздөрү алаңдап, бизди ким чакыра калат экен, ким көмөк көрсөтө калат экен, кимдин кызматын аткарып жиберсек экен, бизди эптеп эле ошол жерге жеткирип коё турган күчтөр бар бекен деп жалдырап, өздөрү эле даяр турушат. Ошондуктан Америка сыяктуу чоң держава эмес, кичинекей өлкөлөр деле кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгын көтөрүп, баягы кубулма массалык маалымат каражаттары аркылуу тыйын бөлүп берип коюп, эл аралык колдоо көрсөтүү деген чүмбөттү жамынып алып, ошонун аркасында ар ким өзүнүн жумушун жасап жатат. Бул коркунучтуу. Тилкееке каршы маалыматтык саясат, маалыматтык коопсуздук тармагында ой жүгүрткөн киши жок.

KyrgyzNews: – Эмне себептен А. Атамбаев бул топту колдоп, керек болсо С. Исаковго окшогон гүленчилерди премьер-министрге чейинки жогорку кызматтарга жеткирди?

А. Мадумаров: – Сиз билесизби, баардык нерсе алкымдан. Мусулманчылыкта адамдын денесинде муштумдай болгон бир эт бар, ошол эт таза болсо, бүтүндөй дене таза болот дейт. Ал жүрөк экен. А мен ушуну мындай деп дагы уламакмын, эгерде адам өз акыл-эсин, ой-жүгүртүүсүн ашказанына баш ийдирип койгон болсо, напсиси бузулса, ар кандай нерсе болуп кете берет. Напсиси менен ашказанына баш ийип калган адамдын акылы көп жакшы иштебей калат. Ошондуктан эмне кызыкчылык, кайсы тараптан болгон болсо, ойлонбой туруп өз энесин өлтүргөн маңкурттай иштерди жасайт. Бүгүнкү күндө напсисин агытып коюп, ар кандай садагага чапканга даярлар бар. Көпчүлүк эле азаматтар ушундай кубулуштардын негизинде келип калып жатат. Кызматтан кызматка көтөрүлүп атканда мамлекеттин кызыкчылыгы деген түшүнүк калбай калды. Мамлекеттин кызыкчылыгы деп сүйлөсөң сени келекелеп, күлүп, артта калган адамдай басмырлаган деңгээлге келип калбадыкпы. Мамлекеттин кызыкчылыгы десең эле бырс күлүп жатпайбы. Бул сөз архаизмге айланып, колдонулбай калды. Бүгүн баланчы партиянын, топтун кызыкчылыгы үчүн же президенттин кызыкчылыгы бар экен же Жогорку Кеңеш айтыптыр деген түшүнүктөр мээге сиңип калды. А мамлекет мындай эле өзүнчө калып калды. Ушундай ой жүгүртүүнүн, идеологиянын негизинде ар кандай кишилер келип калып атпайбы. Көрүп атабыз го, кат жазганды билбегендер келип атпайбы. Бийликтин ыйыктыгы жоголду. А бийлик ыйык болчу. Башта билесизби, мен ушул район, областты жетектегендер, министрлер тамак жебесе керек, ажатканага барбаса керек  деп ойлочумун. Булар башка ааламда пайда болуп түшүп, бизди башкарып аткан инсандар деп элестетчүмүн. Чындыгында ошондой болчу. Билесизби, райондун акими кандай жогорку даражада эле. Мисалы, Биз Бишкекте отуруп, Лейлектин, Ак-Талаанын, Чоң-Алайдын акими ким экендигин билчүбүз. Ал кайда иштеген, кантип келди, кесиби эмне экендигине чейин билчүбүз. Бүгүнкү күндө өкмөт башчыны деле билбей калбадыкпы. Ошентип бийликтин ыйыктыгы жоголду. Анан бул мага керектүү, мени сатпайт деп, ошол жигиттерди мүмкүнчүлүгүнө жараша эмес, өзүнө берилгендигине карап кызматка көтөрүп калды. Бул чоң кайгы. Мына Түркия жөнүндө сурадыңыз, Түркияда өкмөт башчысы болуп келген Йылдырым мырза Стамбулдун шаар башчылыгына коюп, өтпөй калды. Президенттин партиясынан, президент көрсөткөн талапкери Стамбул шаарына мэр болбой калды деш, бул не деген нерсе? Болгондо да билесизби, канча пайыз менен? Жарым пайызга жетпейт, 0,02%. Мына ушуга БШК чечим чыгарып, оппозициядан болгон талапкер Имамоглуну мэр деп жарыялады. А бизде 0,02% калып калса муунуп эле өлүп алмак да, сотко, прокурорго берип, бул жерде киши ташыптыр, сатып алыптыр деп миң бир нерсени токуп чыгып, өзүнүкүн сөзсүз түрдө сүрүп алып келип коймок. Бизде президенттик шайлоо ушундай эле өтпөдүбү. Ушундай болуп аткандан кийин эл ишеним артабы? Жок. Эл ишеним артпаган бийлик ар дайым алсыз болот. Себеби ар кандай жагдайлар болуп кетиши мүмкүн.

KyrgyzNews: – Президентибиз былтыр алгачкы чет өлкөгө сапарын Түркияга жасап, аны өтө жогорку деңгээлде тосуп алды. Бирок түрк мамлекет башчысы ага ачык эле гүленчилер маселесин койду. С. Жээнбековдун бийлигинин гүленчилерге мамилесине кандай баа бересиз?

А. Мадумаров: – Эми биринчи келип аткан кишиге үмүт артат. Анын эки себеби бар. Биринчиси, кеткен президент көрсүн дегендей ишара, экинчи жагы, жаңы шайланган кишинин мүмкүн болушунча көңүлүн табуу. Кыргыз жетекчилеринин кайгысы ушунда, жеке мага ушундай мамиле жасап атат деп көкөлөп учуп калат дагы, көзүн заматта эки кабат май басып, көрсө мен жөн киши эмес экенмин деп, өзүн башкача сезип, учуп  калат. Бул кыргыз мамлекетине көрсөтүлгөн сый. Жээнбековбу, Эшматов же Мадумаровбу, кимиси барса, ошондой сый-урмат көрсөтүлмөк. Бул эл аралык протокол. Анан “эрлер чекишкенче, жылкы кишенешкенче” дейт. Андан кийин отуруп, эки тараптуу маселени талкуулаганда чыныгы деңгээли билинет. Же деңгээли жогору экен деп, сый-урматы жогорулайт же кокууй, бир байкуш экен деп, сый-урматы жоголот. Ушундай бир кабыл алуу болду деп элестетсек болот. Экинчиден, ММКларда ар кандай маалымат чыгып кетти, канча бир кишинин тизмесин бергендиги тууралуу. Мына ушулардын кээ бирөөлөрүн ал жакка кайтарып берүү же жогорку кызматтарда иштеп аткандарын бошотуу талабы коюлган дегендей. Дагы бир маалыматтар чыгып кетти, эч кандай бир иш аракеттер болбогондугунун натыйжасында мамилелер солгундай түштү деген. Мүмкүн кээ бир кишилердин кандайдыр бир даражада четтетилип калып жаткандыгынын себеби ошол ишаараттын аркасынан да болушу мүмкүн. Себеби эң жаман жагдай, айрыкча мамлекет башчысы, депутат же министр болгондогу эң оор жагдай, бул – бирөөнүн алдында барымтага калып калган кырдаал жаман. Барымтага калып, кандайдыр бир шарттар коюлуп, ошол шарттар аткарылбаса, момундай иш аракеттер болуп кетет деген ишаараттын туткунунда калган  киши эч качан алдыга жыла албайт. Бул жанакы Ибин Синанын эки козу менен өткөргөн тажрыйбасы сыяктуу. Бир күндө туулган эки  козуну бирдей суу, бирдей чөп, жем менен багат. Бир гана айырмасы, бирөөсүн тоо тарапты, экинчисин башка жакты каратып коёт. Башка жакты караганы күндөн күнгө чүнчүп, жүдөп, семирбейт, жегени жукпайт. Себеби көрсө, алысыраак жерде капастагы карышкырды каратып койгон экен. А карышкырды көрүп туруп жеген чөбү тамак болбойт. А бер жактагысы семирип кетет. Ошол сыяктуу баягыдай бир убадалардын алдында калып, барымтада калып калган жетекчинин иши жүрүшпөй калат. Мен Кыргызстандын бүгүнкү жетекчилигин бир тараптан эмес, бир нече тараптан барымтада калгандай сезем. Мүмкүн Кыргызстандын ичиндеги тыйындуулардын барымтасында отурат, мүмкүн баягы бир жарым миллиард сом келиптир, ал кайдан келди деген кыйкырык бекер жерден чыгып аткан жок. Бул акчаны ким берди, кайсы мамлекет берди, эмне үчүн берди?

KyrgyzNews: – Өлкөдөгү коррупцияга байланыштуу абал буларга кирешесин арттырууга жана саясый күч топтоого канчалык жардам берип атат?

А. Мадумаров: – Аябай жардам берип атат. Себеби Украинанын мисалында айтсак, беш жылда Порошенконун байлыгы канча пайызга өскөн? Бизде да президенттикке эптеп-септеп келет. Анан эле асмандай түшкөндөй көкөлөп, “Менин илгерттен баштап эле ушундай байлыгым бар эле…”,- деп, чыгып кетип атышпайбы. Акыркы маалыматтардын канчалык чындык экендигин билбеймин, азыркы президенттин деле жери, жылкылары  көбөйүп атыптыр. Мен түшүнбөймүн, дыйканчылык кылып качан иштеп атты экен? Ошончо жылкыны кантип кайтарып атты экен? Анан бир кызматка келсе эле сөзсүз байлыгы пайда болуп, жомоктогудай байып кетет.  Кечээ бирөөсүн айтып атат, бир миң метр чарчы метрден ашык туракжайы бар деп. Ал эмне футбол ойнойбу? Ал декларацияга көрсөтүлгөнү, көрсөтүлбөгөнү канча? Ошондуктан сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Көпчүлүгү мен тууралуу “буга эч нерсе жакпайт” дей беришет. Жакса айт сен анда. Сен айт, бала бакчаларыбыз жыргап атат, ата-энелер мектепке акча жыйнабай атабыз, балдарды бекер китеп менен камсыз кылып атабыз, Бишкекте мектептер көбөйүп, окуучулар жок болуп атат. Айт, жаккан жагын. А мен болгонун болгондой айтсам эле аларга жакпай калып атам. А сен унчукпай отура бер. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кайрылып кетейин.

KyrgyzNews: – Алдыда болчу шайлоого Гүлен тобу өзүнө кандай максат коюуда жана кандай кадамдарды ташташы мүмкүн?

А. Мадумаров: – Билесизби, Кыргызстан эч ким эч нерсени суракка албай турган жайлоо болуп калды. Ар кандай топтор пайда болуп атат. Майрам келип калса эле аянттарга казандарын тизе калып, тамак берип, адептүүлүккө, боорукердик, кайрымдуулукка  чакыргандардын артында сөзсүз бир балээ турат. 7-8 жыл мурда Ош, Жалал-Абадда аябай боорукер инсандар пайда болуп кеткен. Майрам болсо эле 4-5 союшту соё коюп, казан асып, тамак таратып баштайт. Бүгүнкү күндө майрамда бир тууганыңа бир согум союп бербейсиң да, анан элге жөн эле ошентип таратып каласыңбы? Анын артында чоң бир балээ бар. Бир чети коом да сурабай калды да, тазабы, арамбы. Акаев “бергенин ала бергиле, бирок өзүңөр билгендей добуш бергиле” деп, руханий түркүгүбүзгө сокку ургандай, саясатчыларыбыз элди бирөөнүн колун каратма, суртма кылып койду. Бийлик башында тургандардын деңгээли канчалык төмөн түшүп баратса, коомдун деңгээли андан да төмөн болуп, каттуу сокку уруп атат. Бул коркунучтуу маселе. Эгерде бүтүндөй элибиз көтөрүлүп, бүттү жетишет деп көкүрөк какмайынча Кудай өзү сактасын, бул жоруктар мамлекетти жоготконго чейин баратат. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мен “Мамлекеттүүлүк бар” деп оозумду толтуруп айта албаймын.

Маектешкен Э. Досназаров.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз