Афганистандагы Гүлендин тарапташтарынын баардык мектептери Түркияга өткөрүлдү

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын Агартуу фондунун карамагына террордук уюмдун акыркы 5 мектептери өткөрүлүп берилди. 

Түркиянын Агартуу фондунун (TMV) карамагына Фетхуллах Гүлендин (FETÖ) террордук кыймылынын Афганистандагы акыркы 5 мектеби өткөрүлүп берилди. 

Афганистандагы TMV өкүлчүлүгүнүн билдирүүсү Афган-түрк балдар лицейинин, кыздар лицейинин жана Кабулдагы аралаш “Дарул-Улум” лицейлеринин жетекчилиги алмашкандыгын билдирди. 

Мындан тышкары түрк фондуна Кабулдагы “Берекет” эл аралык лицей жана Кандагардагы башталгыч мектеп өткөрүлдү. 

Ошентип TMVнын карамагына Афганистандагы Гүлендин тарапкерлеринин баардык 13 окуу жайлары өткөрүлүп берилди.  

Афганистандагы Гүлендин тарапкерлеринин билим берүү мекемелерин өткөрүп берүү боюнча макулдашууга 2018-жылы 26-февралда эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин деңгээлинде кол коюлган. 

Түркиянын билим берүү фонду (TMV) бүткүл дүйнө жүзү боюнча Фетхуллах Гүлендин тарапташтары менен каттуу күрөшүп келатат. 

Атап айтканда, TMVнын карамагына FETÖ тарапкерлеринин Гвинеядагы 10 мектеби, Сомалиде – 6, Суданда – 6, Конго Республикасында – 3, Малиде – 18, Мавританияда – 8, Нигерияда – 10, Тунисте – 2, Сенегалда – 7, Чадда – 6 мектептери өткөрүлүп берилген. 

Гүлендин агымынан турган Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн тобу 2016-жылы 15нен 16-июлга караган түнү өлкөдө бийликти куралдуу жол төңкөрүш менен басып алуу аракетин көргөн. 

Хунтанын аракети өлкө жетекчилиги жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле катардагы жарандардын кескин каршылыгынан улам ооздукталган. Анда 251 киши каза болгон.  

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз