Среда, Октябрь 23

Ахмет Акалын: Курманжан Даткага зыярат кылуу үчүн келдим

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

“Менин саякаттарымдын негизгилеринин бири Ош болчу. Эгер Казакстан же Өзбекстанды кыдыра албасам да сөзсүз Ошко келмекмин. Анын негизги себеби Борбор Азияга гана эмес, дүйнөгө белгилүү Курманжан Датка болуп саналат. Бул тоо ханышасы кийинки жылдарда Түркия үчүн да маанилүү каарманга айланды”,- дейт түркиялык Ахмет Акалын. Ал быйылкы жылы жайкы эс алуу убактысын Борбор  Азияны кыдырууга арнады. Бул чөлкөмдө аз убакыт болгон учурдагы көргөн-билгендери менен таасирлери тууралуу биз менен маектешти.

  • Саламатсызбы, Ахмет мырза,  Сиз Кыргызстанга болгон сапарыңыз тууралуу айтсаңыз?
  • Мен алгач 18-августта Стамбулдан Алматага учуп келдим, бул шаарды кыдырып, Алмата тоолоруна чыккандан кийин, Хожа Ахмет Ясавини зыярат кылуу үчүн поезд менен Түркстан шаарына, андан Арслан Атаны зыярат кылуу үчүн Отрар шаарына бардым. Ал жактан Ташкентке кайтып келип, ал жерден Бухара, Хива, Коконду кыдырдым. Кокондон такси менен Ошко өтүп, Өзгөн, Жалал-Абадды көрүп Бишкеке келдим. Ушинтип саякатым аяктап, Бишкектен Стамбулга учканы жатамын. 
  • Чет өлкөлүк туристтер  көбүнчө көңүл ачуучу, эс алуучу жерлерге келишет. Сизге Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхый, маданий жерлерин кыдырып, көрүүңүзгө эмне түрткү болду?
  • Көп жылдар бою Борбор Азияны, түрк элдери жашаган аймактарды, түрк тилдүү өлкөлөр туралуу гезит, китеп жана түрдүү маалымат булактарынан окуп, алар тууралуу көргөзүлгөн телепрограммаларды көңүл коюп көрчү элем. 2016-жылы Бишкек, Ысык-Көл, Алматы, 2018-жылы Ташкент, Бухара, Самарканд шаарларына чакан иш сапарларыбыз болгон. Бирок мындай кооз жерлерди кеңири кыдырып,  жашап көрүүнү, бул чөлкөмдөгү элдер менен баарлашууну, бирге тамактанууну, тойлорго, маарекелерге катышууну, чөлкөмдүн адамдары менен кошо жаратылышта чогуу басууну, биз үчүн маданий жана диний жактан маанилүү болгон жерлерге зыярат кылууну көптөн бери кыялданып жүргөм. Ушул тилегимди быйылкы жылы ишке ашырдым деп айта алам. 

Алгач үч  өлкөнү бир убакта кыдырып чыгуу бир аз кооптондурду. Борбор Азия делген кең аймактын түндүгүнөн орто тушуна чейин кыдырууда ар кандай кыйынчылыктарга туш келем го деп ойлогом. Бирок мурунтан курган кыялдарымды ишке ашыруум керек деп Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан турган саякаттоого даярдык көрө баштап, жолго камындым. Эки жумага созулган саякат программасына жылдык эс алуу укугумдан пайдаланып сапарга чыктым. Түркияда башка досторум, тааныштарым эс алуу үчүн Европа же Түркиянын курорттук жерлерине барышат. А мен үчүн бул чөлкөмдөгү материалдык жана руханий кооздуктарды көрүү, алардын ичинде жашап көрүү маанилүү эле. Үч өлкөнүн маанилүү жерлерин кыдыруу Алматы шаарынан башталып, Батышка карай жол тарттым. Алгач Отрар шаарындагы Хожа Ахмет Ясевинин устаты Арслан Ата күмбөзүнө зыярат кылып, ал жактан Түркстан шаарындагы Хожа Ахмет Ясеви күмбөзүнө бардым. Анын күмбөзүнүн жанында Казак хандарынын мазарлары да жайгашыптыр. Ал жердеги тарыхый күмбөздөр ТИКА  жана Казакстан өкмөтү тарабынан оңдолуп, реставрация, реконструкция иштери жүрүп жатыптыр. Казакстандын жолдорунда ат, төө үйүрлөрүн, чөл, адырларды көрүүгө болот. Андан кийин Ташкентке келдим. Өзбекстанда латын тамгалары менен жазылгандыгы үчүн көп нерсе түшүнүктүрөөк болот экен. Ташкенттен Хивага же болбосо Хорезмге поезд менен чыгып, ал жердеги тарыхый хан сарай, мечит, медресе, атактуулардын күмбөздөрүн кыдырууга мүмкүн болду. Жолдо Бухараны да көрүп, саякаттоо мүмкүнчүлүгүн таптым. Кайра Ташкентке, андан кийин Кокон шаарына келип, тарыхый хан сарайды, мечит, медреселерди кыдырып, кечинде өзбектердин үлпөтүнө катыштым. Түн жарымда болсо такси менен Кыргызстандын Достук чек ара бекетине келип Ош тарапка өттүм. Чек арадан өткөндө эч кандай кыйынчылык жаралган жок. 

  • Эмне үчүн Ош шаарын саякаттагыңыз келди? 

Менин саякаттарымдын негизгилеринин бири Ош болчу. Эгер Казакстан же Өзбекстанды кыдыра албасам да сөзсүз Ошко келмекмин. Анын негизги себеби Борбор Азияга гана эмес, дүйнөгө атагы тараган Курманжан Датка болчу. Бул тоо ханышасы кийинки жылдарда Түркия үчүн да маанилүү каарманга айланды. Албетте, мында ал тууралуу тартылган тасманын да таасири чоң. Мурунтан эле Курманжан Датка жана анын мугалими болгон Салахаттин Сахип аалымдын күмбөздөрүн зыярат кылуу ниетим бар болчу. Салахаттин Сахип бул чөлкөмдөгү эң күчтүү аалымдардын бири болгон. Ал түрктөр үчүн да маанилүү инсан, себеби ал Осмон империясынын султаны Абдулхамит IIнин да мугалими болуптур. Бул инсандар менин Ош шаарына келүүмө түрткү болду.

  • Оштон кандай өзгөчөлүктөрдү же күтүлбөгөн нерсени кезиктирдиңиз?
  • Ош шаарына түнкүсүн келгендигим үчүн мейманкана табуу кыйын болду, тапсак да баалары кымбат же шарттары анча жакшы эмес. Акыры жакшы, таза мейманкана таап жайгаштым. Эртең менен ойгонгонумда маңдайыбыздагы турган калдайган тоону көрүп таң калдым. Аны сураганымда Сулайман-тоо экендигин айтышты жана анын тарыхын баяндап беришти. Аңгыча ал тоого чыгып, музейге кирдик, ыйык жерлерди кыдырдык. Бул тоонун өзгөчөлүгү, тарыхый табылгалардын көптүгү жана шаар ортосунда жайгашып, бүтүндөй шаарды үстүнөн көрүү мүмкүн экен. Тоонун эң башында Бабур Шахтын ханзада заманында курдурган кичинекей үйүн көрүү мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду.

 Ал эми Курманжан Датка жана Салахаттин Сахиптин күмбөздөрүнүн кароосуз калганы капаланткан жагдай эле. Мен аларды шаардыктар баары билишет го деп ойлогом. Тилекке каршы шаардыктардан  бул улуу адамдардын күмбөздөрүнүн жайгашкан жерин сураганда көпчүлүгү билбейбиз деп гана жооп беришти. Күмбөздөрдүн абалы Өзбекстандагы тарыхый инсадардын күмбөздөрүнө салыштырмалуу аябай эле артта калган. Алар тууралуу илинген атайын жазуулар жок, чоң күмбөз курулган эмес. Анан баары кадимки көрүстөндөрдүн арасында жайгашыптыр. Булар чет элдиктердин зыярат үчүн келүүсүнө өтө ыңгайсыздык жаратчудай. Буларды Ош шаарынын мэриясы, кыргыз өкмөтү көңүл буруп карашы зарыл экен. Ал гана эмес, Түркия өкмөтү, ТИКА же Түркиядагы уюмдар, чоңдорго да кулак кагыш кылуу керек.  Булардын күмбөзү комплекс болуп бүтсө туризм үчүн да пайдалуу болмок. 

  • Ош шаарынан кийинки  саякатыңыз кай жакта уланды?
  • Ош шаарында тарыхый жайларды зыярат кылгандан кийин Алай тарапка кеткен жакта тоолорго барып, ат минип, таза абадан жутуп, жаратылыш менен таанышып, кыргыз улуттук тамактарын жеп келдим. Эртеси эрте менен Өзгөн шаарына барып, Батыш Карахандар мамлекетинин борбору, азыр да аймактагы маанилүү деп саналган Өзгөн шаарына бардым. Ал жердеги тиешелүү жерлерди кыдырып, андан Бишкеке сапар тарттым. Жолдо Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Кара-Көл сыяктуу кооз шаарларды, Нарын дарыясы, Токтогул суу сактагычы, Чычкан капчыгайы, Суусамыр жайлоолорун көрүп, туннелдерден өтүү мен үчүн чоң бакыт болду. Булардын баары мен үчүн пландалбаган, күтүүсүз саякаттарым эле. 
  • Ал эми Бишкек шаарына  Кыргызстандын Эгемендик күнүнө туш келиптирсиз, анан да Бишкекте тарыхый жайлар кездеше бербейт. Ошондуктан кайда  бардыңыз?
  • Бишкектеги тааныштарым мени майрам болуп жаткан Ала-Тоо аянтына алып барышты, ал жерде эл аябай көп экен. Аянтты кыдырып, Манас айкелине бардык, эски аянт, Курманжан Датканын эстелиги, ачык асман музейи, Уркия Салиеванын эстелиги, Эркиндик гүлбагы сыяктуу кооз парктарды кыдырдык. Түштөн кийин Супара этно-маданий комплексине барып кыргыздардын тарыхый жашоосу менен таанышып, улуттук тамак-ашынан тамактанып, сергип келдим. Кечинде Ош базарына барып, ыңгайлуу баада улуттук калориттеги белектерди сатып алдым. 
  • Сиз саякаттаган үч өлкөнүн эң чоң шаарларын же болбосо борбор калааларын кыдырыптырсыз. Бул үч шаар тең Советтер Союзу мезгилинде гүлдөп-өсүп, кийин Алматы казактардын, Ташкент өзбектердин, Бишкек кыргыздардын колунда калды. Мындайча айтканда мурда окшош планда өнүксө, кийин ар башка жолго түштү. Ушул үч шаардын кандай өзгөчөлүк байкай алдыңыз?
  • Албетте, бул шаарлар үч өлкө үчүн эң маанилүү борборлор. Бирок биз, түрктөр үчүн азыркы шаарлар эмес, тарыхый жайлар дагы да маанилүүрөөк. Самарканд, Бухара, Хива, Түркстан, Отрар, Талалар, Ош, Өзгөн, Ысык-Көл, Ала-Тоону көрүүнү эңсейбиз. Бирок буларды бир четке коюп, борборлор тууралуу айтсак, Алматы Казакстандын мурдагы борбору, азыркы чоң шаары, көп жактан өнүгүптүр. Башкаларга карганда бир кадам алдыраакта экендиги сезилди. Бирок үч шаардын тең тазалыгы, жашылдыгы суктандырды. Ташкент тарыхый жайлардын, музейлердин көптүгү, жакшы каралгандыгы жагынан алдыга кетсе, Бишкек соода тармагында өнүгүптүр. Борбор Азиянын соода борбору Бишкек болуптур. Дагы да өнүктүрүү үчүн башка өлкөлөрдүн шаарлары менен туташтырган темир жолдорду курса болчудай. 
  • Кыргызстанга дагы да туристтердин көп келиши үчүн эмнелер жасалышы керек, кандай сунуштарды айта аласыз? 
  • Биринчиден, өлкөнү таанытуу керек. Мисалы, мен сыяктуу маданий, тарыхый жактарына көңүл бурган туристтер, анан көңүл ачууну каалаган туристтер бар да. Ошондуктан булардын баарын камтыган таанытуу видеолорду, тасмаларды, брошюраларды чыгаруу керек. Кыргызстандын табигый жаратылышы, тоолору, суулары, өзөндөрү, токойлору, жайлоолору, аттары, мергенчилик кыла турган аймактар туристтерди кызыктырат. 

Менин оюмча азыр тасмалар, сериялдар тартылышы керек. Азыр Өзбекстан менен Түркия биргелешип Жалалиддин Хорезм Шах тууралуу тасма тартып жатышат. Кыргызстан менен Түркия ортосунда же Кыргызстан өзү да ушундай тарыхый тасмаларды тартып, анда Кыргызстандын кооз жерлери: Ала-Тоо, Ысык-Көл, Өзгөн, Талас, Ош, Бурана, Нарын, жайлоолор, токойлор, дарыяларды көргөзүү керек. Мында бир ок менен эки коён атасың. Тарыхый тасма да тартылат, туристтерди да тарта аласың. Андан сырткары эс алуучу жайлардын курулушу, жолдо токтогон жерде  атайын имараттардын курулушу жана мындай жайларды иштеткендердин атайын окуудан өткөрүлүшү зарыл. Жогорудада айтып өткөндөй, Ош шаарына түндөсү келгенибизден улам мейманкана таба албай кыйналдык. Демек, бул мейманкана иштетүү тармагында жасалчу иштер көп экенин түшүндүрөт. Анан да атайын белгилердин, жазуулардын чет тилдерде да жазылуусу маанилүү. Себеби, чет элдик туристер керектүү жерлерди табууда көп кыйынчылыкка тушугушат экен. Андан сырткары өлкөнүн туризм министрлиги чет өлкөдө окуп, иштеп жаткан Кыргызстан жарандары менен байланышып, ошол тилдерде Кыргызстанды таанытуу программаларын уюштуруп, интернеттен атайын таанытуу тасмаларын жайылтуусу зарыл.

  •  Маегиңизге чон рахмат, Кыргызстанга кош келипсиз. Дагы да күтөбүз.
  • Буюрса, атайын Бишкекти көрүү үчүн дагы бир жолу келем…

Маектешкен:  Дастан Разак уулу

Ахмет Акалындын Кыргызстанда тарткан сурөттөрү:
Бөлүшүү

2 комментария

Комментарий жазыңыз