Понедельник, Ноябрь 18

АКШ Сириянын нефти чыккан райондоруна жаңы база курат

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Нефтиге бай Дейр-эз- Зор сириялык провинциясына АКШ эки жаңы база курууга киришти.
Өткөн жумада АКШнын администрациясы Сириянын нефти кен байлыктары бар аймактарына аскерлерди коюуга ниети бардыгын билдирди, анын артынан америкалыктар Дейр-эз-Зор провинциясындагы райондорго аскер күзөттөрүнүн санын көбөйттү.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда америкалык аскерлер Сур калктуу конушунда жана 113-бригада районунда базаларды калыптандырууга даярданышууда. Маалым болгондой аталган аймактарга курулуш техникаларынын ири тобу жеткирилди, ошондой эле 250-300 аскер кызматкерлери, бронетранспортерлор, оор куралдар жана курал-жарактар жөнөтүлдү.

“Тынчтык булагы” операциясынын башталганына байланыштуу АКШнын Сириядагы аскерлеринин байкалаарлык азайышынан кийин Америка Дейр-эз-Зор провинциясына аскердик жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйттү. 28-октябрда бул жакка 170 транспорт каражаты менен америкалык конвой жеткирилди. Бул акыркы убактардагы АКШнын Ирактан Сирияга аскердик жана техникалык жөнөтүүлөрүнүн эң ириси болду.

23-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын чыгышындагы кен байлыктары бар аймактардагы коопсуздукту америкалык аскерлер камсыздаарын айткан.

АКШ өлкөнүн “Омар” ири нефти чыгуучу жайын база катары пайдаланууда. Андан тышкары АКШ ДЕйр-эз-Зордогу дагы үч районго база орнотту. Аймактын батыш тарабы Башар Асаддын режиминин көзөмөлүндө турат. Провинциянын нефти кени бар чыгыш тарабы YPG/PKK террористтик уюмунун курчоосунда.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз