АКШда 12 киши атып өлтүрүлдү

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кошмо Штаттардын Виржиния штатындагы Виржиния-Бич шаарынын муниципалитетинин имаратында 31-майда ок атууда 12 киши жан таслим болду. Кол салган адамды полиция атып салган. Маалыматка караганда, имаратта ок чыгарган адам мурда  муниципалитетте иштеп, ишинен бошотулган экен. Жергиликтүү полиция ок атуунун себептерин иликтеп жатканын билдирген.

Кошмо Штаттарда курал эркин сатылат. Ошондуктан бул өлкөдө жарандардын коомдук жайларда ок чыгаруусу көп кайталанат.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз