АКШнын акыркы эскертүүсүбү?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кошмо Штаттар июнь айынын биринчи жумасы ичинде Россиянын С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуудан баш тартууну Түркиядан талап кылды. Бул тууралуу АКШнын маалымат каражаттары шейшемби күнү кабарлашты. Эгерде Анкара  С-400дөн баш тартпаса, анда Түркия Ф-35 программасынан чыгарылат жана санкциялар киргизилет деп эскертилген маалыматта.

Түркия Россиядан С-400 сатып алуу маселеси чечилген маселе экенин айтып, андан баш тартпасын билдирип келатат. Ал эмес кечээ жакында түрк бийлиги Россия менен биргеликте С-500 абадан коргонуу системасын биргелешип жасоо боюнча максаттар бар экенин кабарлаган. С-500 абадан коргонуу системасынын жаңы, өркүндөтүлгөн варианты экени белгилүү.

Анкара убагында АКШ жана  батыш өлкөлөрү Түркияга Пэтриот абадан коргонуу системасын сатуудан баш тартканын, мына ошондон кийин Түркия Россиядан сатып алууну чечкени маалым. Эки өлкө келишимге 2017-жылы кол койгон. Контрактын баасы 2.5 млрд. доллар.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз