Среда, Октябрь 23

Жапаров: Кредиттин баары талаага чачылды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

— Акылбек Үсөнбекович, жакынкы аралыкта өлкөбүз үчүн чоң коркунуч жарата турган тышкы карыз болуп турат. Азыр бул маселеге көптөр баш ооруткусу келбегендей түр көрсөтүшүүдө. Сиз Бюджет Кодексин иштеп чыгып, аны парламент бекитти. Ушул Кодексте тышкы карызды жаба турчу механизмдер камтылганбы?

— Биз жаңы президент келгенден бери тыштан карыз алган жокпуз. Мындан3–4 жыл мурун финансы инстутуттар менен кол коюшуп койгон программалык займаларды гана алып жатабыз. Ошону менен бирге ички дүң продукция өсүп, ага салыштырмалуу тышкы карыз азайып жатат. Бул жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Бирок, 2023-жылдан баштап 320 млн доллар, 2027-жылы 402 млн доллар менен жыл сайын тышкы карызды жаап беришибиз керек. Ал учурда сомдун долларга болгон курсу кандай болорун Кудай өзү билет. 2005-жыл менен 2010-жылды салыштыра турган болсок, 2005-жылы биринчи революциядан кийин доллардын сомго болгон курсу 47 сом болчу, 2010-жылы болсо 46 сом эле. Ал убакта макроэкономикалык саясат абдан туура жүргөн. Ошондой туура саясат жүргүзө алышабы же жокпу? Сомдун долларга болгон курсу 25 пайыз түшүп, 70 сомго чейин чыгып кетти. Эгерде дагы бир жолу ушундай секирүүлөр боло турган болсо, анда Кыргыз мамлекетине жакынкы аралыкта эң коркунучту туудура турган тышкы карыз болот. Биз тышкы карызды алдын ала төлөө боюнча туруктуу механизмдерин киргизип иштеп койдук. Мен парламентке үчүнчү жолу депутат болуп шайланып келдим. Биринчи жолу депутат болуп шайланганымда Салык Кодекси менен Бажы Кодексин кабыл алдырган элек. Үчүнчү жолу депутат болгонумда Бюджет Кодексин толугу менен кабыл алдырып коюп, биринчи жолу чоң бөлүм кылып өлкөнүн бюджеттик резервин киргиздим. Бул экономикалык абалыбызга катуу коркунуч келе турганда, бизге согуштун коркунучу жаралганда, техногендик катастрофалар болуп калса, Өкмөттө резерв болуш керек деген тариздеги мыйзам. Тилекке каршы, ошол жакка акча топтобой жатабыз. Менин жеке оюм боюнча 2023-жылга чейин кыйнала баштагандын алдында ошол жерге кесинде 500 млн доллардан 1 млрд доллар 3 жылдык запас менен акча туруп туруш керек. Ушул көрсөткүчтөргө жете албасак, анда экономикабызга гана эмес, көз карандысыздыгыбызга өтө катуу сокку жарата турган болуп калабыз. Мунун баары Алмаз Атамбаевдин доорундагы Кытайдан ойлонбой туруп, кыска мөөнөттөгү алган карыздын кесепети.

— Кытайдан алынган карызды качан төлөй баштайбыз?

— Бүгүнкү күндө төлөп жатабыз. Максималдуу мөөнөтүбүз 20 жылга карыз алганбыз. 4 млрд 700 млн доллардан ашык тышкы карызыбыз болсо, анын 2 млрд доллардан ашыгын Кытайдын Эксимбанкынан алып калдык. 20 жыл өтө аз мөөнөт. 2012-жылдан баштап алып баштасак, 5 жыл жеңилдетилген мөөнөтү бүтүп, 2017-жылдан тарта карыздын баарын төлөй баштадык.

— Кытайга болгон карыздын эң коркунучтуусу кайсылар?

— Мөөнөтүнүн аябай аздыгы, үстөк пайызынын көптүгү. Карызды 2 пайыз менен алганбыз. Бишкек ЖЭБге 386 млн доллар сарптадык деп бир топ кишилер азыр соттолуп жатпайбы. Биз кайтарып берчү акчанын суммасы 492 млн доллар. Эгер өз убагынан бир саат кечигип төлөй турган болсок, Эксимбанк бүт карызды ошол күнү төлөп бересиңер деп айтканга макул болуп койгонбуз. Ошондой талап койгонго мүмкүнчүлүк түзүп бергенбиз. Акчаны бир мүнөт кечигип төлөй турган болсок, Кытайдан алынган акча жумшалган долбоорлордун баарын башкаруу Эксимбанкка өтө турганына дагы макул болуп, келишим түзүп, ратификациядан өткөрүп, мыйзамга президент Атамбаев кол коюп кете берди. Эң чоң коркунуч ушул. Бүгүн Бишкек ЖЭБде үчтөн бирин гана жаңылап, чала жан кылып таштап салдык. Тарифти көтөрө албайбыз. Демек, ал акчаны кайра чыгара албайт, өзүн-өзү актабайт. Бюджеттен топтошубуз керек болот. Кемин-Датка ЛЭП дагы жакшы иштебей жатат. Убагында Өзбекстанга транзит аркылуу төлөп жаткан 8 млн доллар бюджетке түшөт, 20 млн долларга жакын акча казактар сурашы мүмкүн, ошол 28 млн долларды жылына бюджетке беребиз деп энергетиктер Датка-Кеминди башташкан. Бүгүнкү президент Өзбекстандын, Казакстандын президенттери менен татынакай эле иштеп жаткандыктан, Датка-Кемин жакшы иштей албай жатат. Атамбаев Каримов, Назарбаев менен урушпаганда Датка-Кеминдин кереги жок эле. Анын ордуна жогорку нарын каскадын куруп койгондо болмок. Тилекке каршы, Датка-Кемин долбоору дагы күткөндөй натыйжа бербей калды. Түндүк-түштүк альтернативдүү жол дагы бүтпөй жатат. Демек, Кытайдын карызы жумшалган долбоорлордун баары акча алып келбей турган долбоор болуп, эффективдүүлүгү нөлгө барабар десем болот.

— Акчаны төлөөнү кыргыз тарап бир мүнөт кечиктерсе, Датка-Кемин, альтернативдүү жолду, Бишкек ЖЭБди башкарууну кытайлыктар өздөрүнө алышса, кыргыз тарап бир мүнөттө эле четте кала береби?

— Кытай тарап түздөн-түз өздөрүнүн башкаруу механизмдерин киргизишет. Керек болсо, кытайлыктар Африка өлкөлөрүнүн биринде Финансы министрлигине өзүнүн өкүлүн алып барып олтургузуп койду. Пакистан бир портун 49 жылга, Шри-Ланка бир портун 99 жылга берди. Биздин дагы ошондой болуп айлабыз кетиши мүмкүн. 3 млн армиясы, 1 млрддан ашык калкы, экономикалык көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан Кытай менен абайлап мамиле кылуу керек. Биз кытайларды таш менен кууп чыксак болот экен дегенибиз убактылуу эле.

— Эмне кылуу керек деген анализиңиз барбы?

— Бул коркунучту көргөндөн кийин экономиканы дарылап, киреше жагын көбөйтүп, эстүүлүк менен башкарышыбыз керек. Көзкарандысыздыгыбызды, жерибизди бөлөктөргө тебелетпейбиз десек, анда акыл-эстүү, профессионалдар кызматка келип, экономиканы башкаруусу зарыл.

— Карызды убагында төлөй албасак, биздин дагы Финансы министрлигибизге Кытай тарап өз өкүлүн олтургузуп коюу коркунучу жокпу?

— Бүгүнкү күндө андай коркунуч жок. Датка-Кемин, түндүк-түштүк альтернативдүү жол, Бишкек ЖЭБди башкарууга алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз ошондой мүмкүнчүлүктү түзгөн келишимди ратификациядан өткөрүп берип койгонбуз. Мына ушул жагы аябай чатак.

— Соттошуу механизмдеринде өзүбүздүн укукту коргоо боюнча жылчык калтырганбызбы?

— Өмүрбек Бабанов экөөбүздүн келишпес көз карашыбыз Датка-Кемин долбоорундагы ушул маселеден келип чыккан. Арбитраж маселеси, же болбосо кайтаруу мөөнөтүн, үстөгүн финансы министри сүйлөшпөй эле, энергетика министри барып сүйлөшүп келип, “Биздин президент Кытайга баратат. Давай, кол койгула” деп коркутканда финансы министрлигинин жамааты, министр катары мен дагы кашы чыккам. Анткени, ал жерде арбитраж боло турган болсо Гонконг шаарында гана кытай тилинде, кытай мыйзамдары менен өтөт деп жазылып калган. Жада калса Гонконг соода палатасынын эрежелери менен өтөт дешкенге биздикилер макул болгон. Биз ушунун баарын алдын ала утулчу жолго салып алдык. Байкасаңар, Датка-Кеминге карыз алаары менен ал Өкмөттү отставкага кетирди. Бишкек ЖЭБге кол койгон Өкмөттү дагы отставкага кетирди. Альтернативдүү жолго дагы акча алаары менен ал Өкмөт дагы отставкага кетти. Ар бир чоң насыя алган сайын саясий интрига кылып, парламенттеги фракция лидерлеринин колу менен Өкмөттү чаап, өздөрүнө ыңгайлуу шартты түзүп алышты.

— Сиз Датка-Кеминди гана айтып жатасыз да. Берки эки долбоордун келишимичи?

— Эксимбанктын шарты бирдей. Эки долбоордо тең ушул эле абал. Эксимбанктын жанында Кытайдын Өнүгүү банкы бар. Алар менен шарттарды сүйлөшсө болот. Башында эле Өкмөткө орустар менен жакшыбыз, кытайлар дагы орустар менен жакшы, келишимди орус тилинде кылбайлыбы, соттошсок Москвада орустун тилинде соттошпойлубу деп айткам. 25 жылдан бери балдарыбыз дагы англис тилин үйрөнүштү, өзүбүз деле анча-мынча соттошуп үйрөндүк, англис тилинде келишим түзбөйлүбү дегенде көнбөй коюшкан. Жалгыз өзүм каршы болуп калып калгам.

— Кытайдын башчылары менен биздин жаңы бийлик ушул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, Эксимбанктан алынган карызды үчүнчү тарапка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караса болобу?

— Сөзсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Өзүмдүн сунушумду президентке атайын кат жүзүндө жакынкы аралыкта киргизем. Президенттин тышкы карыздарды тейлөө жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн атайын өкүлү түзүлүшү керек деп ойлойм жатам. Анткени, Өкмөт улам алмаша бергендиктен, туруктуу болгон президенттин алдында өкүл пайда болуп, ал эмитен сүйлөшүүлөрдү башташ керек. Өзүбүз чакан өлкө болгондуктан, Кытай менен саясат, маданиятта теңата сүйлөшсөк дагы, экономикада этият болуу зарыл. Экономикага келгенде жаныбызга дагы бир өнөктөш албасак болбойт. Бул жерде Россияны колдонсок болот. Россия СССР ураганда анын курамына кирген мамлекеттердин тышкы карызын өзүнө алган. Азыр Россиянын тышкы карызы анча көп эмес. Биздин тышкы карызыбыздын 2 млрд долларын өзүнө алып коюшу мүмкүн. Ал үчүн Россиядан 20 жыл эмес, 40 жылдык кылып өзүбүзгө каттап алышыбыз керек. Бул биринчи жолу. Экинчи жолу, Эксимбанктын карызын Кытайдын финансы министрлигине өткөзүп беришибиз керек. Анда эки өлкөнүн президенттери, премьер-министрлери саясий чечим кабыл алып, төлөө мөөнөтүн узартып коюшу мүмкүн. Эгер 40 жылга мөөнөтүн узартып алсак, карызды 50 пайызга азайткан болот элек. Төлөнчү 2 пайыз үстөк 0,75 пайызга түшмөк.

— 2027-жылы тышкы карыз үчүн 402 млн доллар жумшайт экенбиз. Ушул сумманын канча пайызы Кытай карызын жапканга кетет?

— 2023-жылдан баштап 2030-жылга чейин тышкы карызды төлөө үчүн каралган сумманын дээрлик 80 пайызы Кытайдын карызын жапканга кетет.

— Өкмөттүн бүгүнкүдөй акыбалы, экономикабыздын азыркы кейпи менен 2023-жылга чейин барсак, тышкы карызды жапканга кудуретибиз жетеби?

— Бүгүнкү тенденция менен эптеп-септеп өнүгүп, бири-бирибизге тийишпейли, салык төлөбөгөндөр төлөбөй эле койсун, контрабандисттер байый берсин, салыкты көзөмөлдөгөндөр акчаны бюджетке эмес, өзүнүн чөнтөгүнө сала берсин десек, таз кейпибизди кийебиз. Кытай 2020-жылы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөдө биринчи орунга, Индия экинчи, АКШ үчүнчү боло турган болуп жатат. Мындай өлкө менен тамаша катары мамиле кылбашыбыз керек. Экономиканын жаңы ыкмаларын колдонбосок, Кудай берген кен-байлыктарды кайра элге бурбасак, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Же болбосо Тажикстан мамлекетиндей бир топ кендерибизди Кытайга берип, андан кийин тынчый турган абалга келебиз. Биз санариптештирүү боюнча КМШнын ичинде, ЕАЭБдин алкагында эң артта калдык. 2018-жылдын отчётун карап жатабыз, бажы менен салык кызматы биригип, болгону 103 млрд сом чогултуп жатышат. Бул 1 млрд 300 млн доллардын тегерегиндеги акча. Жаңы ыкмаларды киргизген Алма-Ата шаары 1 млрд 650 млн доллар салык чогултту. Бүт Кыргызстан менен Алма-Ата шаарын теңеп болбойт да. Армениянын аймагы Ош облусундай эле, 3 млн калкы бар, салыктан чогулткан акчасы 3 млрд доллар. Азыркы иштеп жаткан премьер-министрдин бүт командасы менен депутаттар дагы Грузияга барып келдик. Силердин тажрыйбаңарды үйрөнөбүз деп 18-делегация барыптырбыз. Эч нерсе жылдыра алган жокпуз. Биздин жарым территориябыз менен тең Грузия 5 млрд 700 млн доллар акча чогултуп жатышат. Ал жакта “Кумтөр”, Нарын дарыясындагы ГЭСтер жок. Жакында эле Эстонияга барып келдик, 1 млн 300 миң эл жашайт экен. Салыктын түрлөрү биздикиндей, бир аз көбүрөөк. Бирок, баары салык төлөгөндүктөн алар 10 млрд евро чогултуп жатышат. Жеке өзүмдүн эсептөөлөрүм боюнча, эгерде жаңы ыкмаларды киргизгенибизде 6 млрд доллардын тегерегинде бюджетибизди толтурсак болот. Ошондо мугалим, врачтардын орточо айлыгын 400–600 долларга, орточо пенсияны 300 долларга көтөрө алабыз. Азыр 2 млрд долларга эптеп чыгып жатабыз. Эгер ушундай кадамдарга барбасак, дагы бир жолу эл көтөрүлөт, баарыбызды айдайт. Андан кийин ушуну жасай турган кишилер келет. Мындан башка жолубуз жок. Жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн саясий эрк, башы иштеген профессионалдар гана керек. Тилекке каршы, ошондой профессионалдарды жоготуп алдык. Мурунку президенттин доорунда “Шоопур” деген каймана аты бар киши кадр саясатын тейлегендиктен, бүгүнкү күнү профессионалдар жокко эсе десем жаңылбайм.

Маектешкен Наралы Асанбаев

“Жаңы Ордо” гезити. №28 (642), 11-октябрь, 2019-жыл.

Бөлүшүү

1 комментарий

  1. Аватар
    Элмира Датасы:

    Акмак Эми ичип сийип карапайм элди киридитке47%отургузуп карапайым Эл талалап расия турккия Америка лап журушот уйлорун киридитке алдырып ийишип тологуло 120депутат элиталар элмира

Комментарий жазыңыз