Алтын сертификаттардын аркасындагы табышмак

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Жай келип, абитуриенттердин кайсыл окуу жайга тапшырсам деген санаасы күчөгөн учур. Мектеп бүтүрүүчүлөрүбүздүн келечегин бир топ жылдан бери ЖРТ же башкача айтканда Жалпы республикалык тестирлөө чечип калганын баары эле билет. Маданият жана дене тарбия жаатын эске албаганда, баардык жогорку окуу жайлар ЖРТдагы тосмо упайдан өткөндөрүн гана кабыл кылат. Билим берүү жаатындагы эксперттердин баамында жылдан жылга билим берүүнүн деңгээли оңбогудай начарлап баратат жана буга биздин келечектеги абитуриенттердин студент болуу мүмкүнчүлүгүн бир гана ЖРТга байлап койгондугубуз да өз таасирин тийгизип жатат деген пикири бар. Окуу деңгээлинин төмөндөшүнө жалгыз гана ЖРТ күнөлүү деп айта албайбыз, бирок учурда мектептерде мугалимдер бүтүрүүчүлөргө билим берүүнүн ордуна окуучуларды ЖРТга даярдоо менен гана чектелип, билимди экинчи планга таштап убактылуу бир сынактан өтүүнүн айласын көрүүдө. Негизинде ЖРТ суроолору мектеп программасына ылайыкташуусу керек болчу, а бирок тескерисинче учурда мектеп мугалимдери өз окутуу программасын ЖРТга жараша өзгөртүп келе жатат. Тестирлөө ыкмасы ар дайым эле баланын билим деңгээлин толугу менен чагылдыра албашы айдан ачык. Ошол үчүн балким совет доорундагыдай экзамен алып, баарлашып, келечектеги студенттин акыл дараметин, ынтызарлыгын, ниетин баалоочу коммиссия аркылуу ЖОЖдорго кабыл алсак, балким жаңы замандын талабы болгон тестирлөөнү да кошуп койсок, өгүз өлбөй, араба сынбай турчу абал болоор беле?! Экзамен жана тестирлөөдөн алган упайларынын арифметикалык ортолугун алса туура болмок. 

Статистикага ылайык жылдан жылга ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн саны жана алардын ичинен тосмо упайдан өткөндөрдүн саны азайып баратат. Мисалы быйыл 43400 бүтүрүүчү гана ЖРТ катышып (салыштыруу үчүн 2012 жылы 55546 адам катышкан), анын 27019, же болбосо 62% гана тосмо упайдан өтө алган. Калган 38% бүтүрүүчү жана кошумча ЖРТга катышпаган миңдеген окуучулар аргасыздан тышкы миграциянын агымы менен өлкөдөн чыгып баратат. ЖРТ башталган 2002 жылдан бери өлкө боюнча орточо упай 100-119дын ортолугунда эле сакталып келүүдө.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жыл сайын эң көп упай алган 50гө жакын бүтүрүүчү өлкө башчыларыбыздын колунан “Алтын сертификат” алып келген. Эскерте кетсек аталган сертификат ээси өлкөнүн каалаган окуу жайында бекер окуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ошол 50 мыктынын үчтөн бирин Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык окуу комплекси алып келген. Бул бир гана мектептин көрсөткүчү. Аталган мектеп 1963 жылдан бери өз ишмердүүлүгүгн улантып, орусчул саясий элитанын балдары окуп келген уяга айланганы көпчүлүккө маалым. 

Ошол эле учурда 1992 жылы негизделип, алгач эл арасында “Себат” аты менен таанылган, кийинчирээк “Сапат” деп өзгөргөн лицейлер да кеңири тараган. Расмий Анкара 2016-жылкы окуялардан кийин “Себат” мектептеринин негиздөөчүсү болгон Фетуллах Гүлен башында турган ФЕТО уюмун куралдуу төңкөрүш аракетинде айыптап, расмий Бишкектен бул террордук уюмдун мектептерин жаап, мамлекетке кайтарылуусун кээде өтүнүп, кээде талап да кылып келет. Эмнеге эле бул мектепке жармашты дегендер үчүн июнь айынын этегинде чыккан Russia Today агенттиги даярдаган 5 бөлүктөн турган “Гүлен долбоору (Проект Гюлена)” аттуу даректүү тасманы көрүүгө чакырат элем. Ошол тасманын биринчи бөлүгүндө бул уюмдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө сөз кылынып, билим берүү жаатында бул топ өз “акыл аскерлерин” кантип даярдашат? деген суроого жооп изделет. Учурда расмий ФЕТО кыймылына тиешелүү КР аймагында 30га жакын лицей, башталгыч мектеп, жогорку окуу жайы жана эл аралык билим берүү мекемелери катталган. 1992 жылдан бери бул окуу борборлору өлкөнүн мектептерин кыдырып, ийгиликтүү балдарды терип алып, келечекте кыргыз элитасынын каймагы болчу катмарды өз лицейлеринде контракттык негизде окутуп келет. Учурда 13000ге жакын баланы окутуп, ошол эле сандагы бүтүрүүчүнү чыгарганга да жетишкен. 

Бирок көпчүлүк адамдарды бир суроо түйшөлтүп келген: эмне үчүн жылдар бою 50 алтын сертификаттын үчтөн бирин 61-мектеп өзү жалгыз алып келет да, сапаттуу билим берет делген 30дан ашуун “Сапат” мектептери араң гана 4-5 сертификат алышат? Айта кетчү жагдай, 61-мектеп бир гана көп сертификат алгандыгы менен эмес, ошол эле учурда алдынкы сапта жайгашкан бүтүрүүчүлөрдүн саны менен да айырмаланып турушчу. 

Бирок быйылкы ЖРТ жыйынтыгында эң көп упайды  “Сапат” лицейинин окуучусу алгандыгы эмес, акыркы 2-3 жыл ичинде геометриялык прогрессия менен “алтын сертификат” алгандардын катарында сапатчылардын көбөйүүсү шек жаратат. Мисалы, быйыл бул уюмга тиешелүү “Секом” окутуу борборунун билдирүүсү боюнча жалпы 50 “алтын сертификаттын” 20сын алышыптыр. Ошол эле учурда сапатчылардын бүткүл “системалуу” ийгилигине саны жагынан тең келип турган №61 мектеп быйыл болгону үч гана “алтын сертификат” алганы да таң калтырбай койбойт. 

Маселенин мандемин түшүнүш үчүн ФЕТО уюмунун 2016-жылкы төңкөрүлүшкө чейинки Түркиядагы билим берүү жаатындагы ишмердүүлүгүнөн кабардар болуу керек. 2016-жылга чейин аталган уюм өз ара байланыш үчүн колдонгон ByLock кабарлашуу тиркемеси аркылуу өз окуучуларына мамлекеттик тестирлөөнүн жана университеттердеги кабыл алуу сынактардагы суроолордун жоопторун алдын ала таркатканы маалым болгон. Мисалы, 120 суроодон турган тестирлөөдө баардык 120 суроого жооп бергендердин басымдуу бөлүгүн ФЕТОчулар түзүп, бул ийгиликти кайталагандар жылдан жылга өсүп келген. Башкача айтканда даяр жоопторго таянып көпчүлүк мамлекеттик жана жеке менчик мектептердеги бюджеттик орундарга ФЕТОчулар отуруп келгени аныкталган. Алдын ала почта аркылуу да суроолордун жооптору окуучуларга таратылганы да тастыкталып, кылмыш иши козголуп, көптөгөн уюм мүчөлөрү сот аркылуу абакка кесилген. 2016-жылдан кийин 120 суроонун баарына жооп берген окуучулардын саны 5-6 эсеге азайып кеткен. 

Биздин өлкөдө 2016 жылга чейин булар ЖРТга көп деле маани берген эмес, анткени “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү алдын ала эле Түркиянын стипендиялык программасы аркылуу түрк университеттерине каалаган санда тапшырып, кээ бир акчалуулары Европанын окуу жайларында билим алып келишкен. Түркия Республикасынын Түркия стипендиясы программасы да булардын колунда болгон. Мындан сырткары бул топко мүчө болгон ишкерлер бир гана Түркия эмес, бүткүл Европадагы Гүлен тобунун мүчөлөрүн каржы тарабынан камсыздап турушкан. Качан гана түрк бийлиги 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин натыйжасында ойгонгон соң, бул террордук уюмдун тамыры кыркылып, бүткүл Түркиядагы каржы булактары кургаган. 

Түркиядагы окуялар албетте биздин өлкөбүздөгү ФЕТОчуларга да таасирин тийгизген. Ошол жылдан бери түрдүү айла-аракеттер менен жергиликтүү гүленчилер ЖРТ аркылуу өлкөбүздөгү маанилүү гранттык орундарга ээ болуу үчүн аракет кыла баштаган. Биздин коррупциялык сазга баткан абалыбызды жана акыркы мезгилде гүленчилердин билим берүү министрлигиндеги түрдүү макамдарга жайгашуусун эске алганда, бизде да бул уюмдун мүчөлөрү өз окуучуларына Түркиядагыдай “ийгилик” жаратып берүүсү толук ыктымал. 

Жалпы Республикалык Тестирлөө USAID, башкача айтканде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин каржылоосу менен ишке ашып жатканын көп жарандар билбесе керек. Ал эми ФЕТОнун анабашчысы болгон Гүлендин акыркы 22 жылдан бери АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармалыгы (ЦРУ) жана Дүйнөлүк Масон кыймылынын штаб-квартиралары жайгашкан Пенсильвания  шаарында отурукташканы көп нерседен кабар берет. Гүлен тобунун АКШ үчүн тыңчылык кылганын көптөгөн аналитиктер айтып келет эмеспи. Андыктан, бизнес-омбудсмен кылып ЖИАнын өнөктөшү болгон чет өлкөлүктү дайындоо канчалык кооптуу босо, ЖРТ сыяктуу жаштардын келечегине түздөн-түз таасир эткен иш чаранын чет элдик агенттик тарабынан өткөрүлүүсү ошончолук кооптуу да.

Мамлекет бул тестирлөөнү өзү каржылап, өзү өткөзмөйүн миңдеген таланттуу балдарыбыз мигрант болуп талаалап, ал эми бул топко мүчө болгон, батышчыл мүнөздөгү же атасы бай балдар жыргал жашоодо күн көрөөрү анык. Жыл сайын тестирлөөнү тескөө үчүн өлкө аймагынан ыктыярчылар да тартылат. Кызыгы бул ыктыярчылар көбүнесе өлкөбүздөгү ФЕТО уюмуна тиешелүү фонддордун активдүү мүчөлөрү болушат.

ЖРТ учурунда көпчүлүк эл биле бербеген, бирок илгертен эле тестирлөө учурунда ишке ашырылган “дублер” деген операция жүргүзүлөт. Мисалы бир студент, “Сапат” окуучусунун ордуна кирип, ал жерден керектүү упай алып берет. Тестирлөөгө жашы жетпегендер тастыктоочу документ катары туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгүн көрсөтөт эмеспи. Ал эми мектептен сүрөт үстүнө мөөр басылган тактаманы алуу “сапатчылар” үчүн чоң деле көйгөй эмес. 

Тестирлөөнү көзөмөлдөгөн ыктыярчылар өздөрүнүн кишиси болсо, анда окуучу эч коркпостон эле керектүү жыйынтыгына жетишет. Мындан башка ыктыярчылар тобунун башчысына тестирлөө баракчалары бир күн мурда берилет, демек теория жүзүндө татаал болсо да, практика жүзүндө тестирлөө баракчалары ыктыярчынын тарапташтарына тестирлөөдөн мурун сүрөткө тартылып, жиберилиши толук ыктымал. 

Улуттук Тестирлөө борбору алдын ала тестирлөөнүн суроолорун жана жоопторун бир электрондук дискке жазып, банктагы ячейкада сактайт. Акча жана байланыш жагынан көптөгөн мүмкүнчүлүккө ээ болгон, жергиликтүү банктарда мите курттай тараган ФЕТОчулар бул ячейкадагы сырдуу маалыматты алууга кудуреттүү. 

Буга кошумча “Сапат” мектептерине жана ФЕТОго жаңы жаштарды тартуу жаатында иштеген “Секом” окуу борборунун башчысы Зарылбек Нышановдун жакында эле Билим берүү министрлигинин алдындагы координациялык кеңештин мүчөсү болуп дайындалганы жана министрликтин алдында USAID менен биргеликте ЖРТны реформалоо жана өнүктүрүү жаатында иштеп жаткандыгы көп нерседен кабар берет. “Секом” окуу борбору чоң бизнес проект болуп, бир гана Гүлен тобу үчүн кызмат кылып жаткандыгы жөнүндө кийинки макалаларыбызда кенен токтолобуз.

Акыркы маалыматтарга караганда биздин өлкөбүздө аскердик институт жана милиция академиясына тапшырган “сапатчылардын” саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Түркияда да убагында бул уюмдун мүчөлөрү көбүнесе аскердик жана полиция окуу жайларына тапшыргандардыгы жана 2016-жылкы  төңкөрүштү Гүлендин аскерлери ишке ашырганы, өз элине ок атканы маалым. Ошондуктан ЖРТдан өтүп, аскерий билим алган, погон тагынган гүленчи аскер жана күч түзүм кызматкерлери кыргыз элине каршы иш жүргүзбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

“Сапат” лицейлери бай-манаптардын, бийлик жана мансап ээлеринин балдарын окутуучу жана келечекте ФЕТО үчүн жанын аябай кызмат кыла турган аскер чыгаруучу заводко айланганы айдан ачык. Ал “завод” сыртынан бир диний жамаат катары көрүнгөнү менен, ички структурасы, эрежелери жана ишмердүүлүүгү катардагы деструктивтүү секталардан айырмаланбайт. 

Кайсыл бир өлкөнүн жаштарын колго алсаң, ал өлкөнү колго алганга барабар деген принципти бекем тутунган бул топтун ачык жүзүн карапайым эл биле турчу мезгил бышып жетилди. Сыртынан жылтыраганы менен ичинен калтыраган абалын канчалык кооз сөздөр менен жашырса да, акыйкат оркоюп эле көрүнүп турат. Жылдан жылга “Сапатка” окутам дегендердин саны суюлган сайын, мектеп жетекчилиги сынактарын да эл көрсүн үчүн гана өткөрүп, акчасын берсеңер эле болду деген ыкмага өтүп, лицейлериндеги балдардын санын кармап туруу менен алек. Учурдагы билим берүү жаатындагы жеке менчик мектептер менен атаң талашуу, конкуренция шартында бул мектептер артта калбаш үчүн мурункуга салыштырмалуу өзүн ашкере жарнама кылууга өтүштү. Мисалы ай сайын эле маалымат булактарынан “Сапат” мектептеринин окуучулары баланча деген олимпиададан түкүнчө орунду алып келди деген кабар менен, бир эки Кыргызстандын желегинин фонундагы мотурайган балдардын сүрөтүн жарыялап коймой жайы бар. Заманбап тил менен айтканда фактчекинг, же болбосо “аныктыгын тастыктоо же төгүндөө” ыкмасына ылайык, интернет булактарын бираз гана пайдалана ала турчу жаран бул олимпиадалар чоң салмакка ээ эместигин аныктай алат. Аталган олимпиадалардын көпчүлүгү ФЕТО уюмунун башка 170 өлкөдө ачылган лицей-мектептеринин окуучуларынын ортосунда гана өткөрүлөт жана ага катышкан ар бир окуучу куру кол кайтпайт. Бирөөсү күмүш, экинчиси коло, үчүнчүсү көрүүчүлөрдүн симпатиясы үчүн деп бир медаль тагынганга жетишет. Болбосо өз өлкөсүндө мамлекеттик олимпиадаларды кыйрата албаган окуучулар кантип эле эл аралык сынактарды жеңип келсин. Эң акыркы кабарга эле ылайык “Сапат” мектептеринин окуучулары АКШда өткөн олимпиадада 12 медаль утуп, 13 кызыктыруучу сыйлыкка татыды деп айтылат. Бул эмне алар ушундай акылдуу болуп, болгон сыйлыктын баарын эле чаап келгенине жатабы? Албетте, жок. Балдарды акыл дарамети эмес, чөнтөк дараметине жараша тандап алып, чуу деп эле сыртка чыгып, дүйнө жүзүндөгү ФЕТО ачкан лицей окуучулары менен тааныштырып, жасалма бир жарыш уюштурумуш болуп, баарынын мойнуна бирден медаль илген бойдон кайра кайтып келмей. Келген соң ММК каражаттарда майлуу сүттүү жерлерди ээлеп калган бүтүрүүчүлөрү аркылуу пиар кылуу. Аны текшерген эч ким деле жок. 

Албетте акыркы учурдагы Түркия тараптын бул мектептерге болгон сын көз карашын калайык-калк түшүнө бербейт. Кыргыз коомчулугу үчүн бул лицейлер башынан эле кыргыз-түрк лицейлери катары таанылып, расмий Түркия тараптан колдоого алынган эле. 1992-жылдары эгемендүү Кыргызстанда алгачкылардан болгон бул окутуу системасы чындап эле түрк жарандарынын салыгынын эсебинен, расмий Түркиянын каржылоосу аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүлүп келген. 2016-жылкы аскерий төңкөрүлүш аракетине чейин лицей түрк тили боюнча эл аралык сынактарды уюштуруп да, катышып да келген. Эрдоган мырза башында турган бийликтин сес көрсөтүүсүнөн кийин антитүркчүл позицияны кармана башташты. Түрк тилине болгон сүйүүсү түгөндүбү айтор түрк тили боюнча жыл сайын уюштурулуучу сынак да өткөрүлбөй калды. 

Түрк бийлиги Гүлендин чыныгы жүзүн билбестен, бир гана биздин өлкөдө эмес, бүткүл Орто Азиядагы анын окуу жайларына колдоо көрсөтүп келген. Тактап айтсак, бардык окуу имараттары, окуу куралдары, негизги материалдык-техникалык базасы Түркиянын эсебинен каржыланган. Мисалы, Кыргыз Республикасы өлкө ичинде, чет мамлекеттерде, анын ичинде Түркияда мектеп ачса жана аны мамлекеттик бюджет аркылуу каржыласа, кайра эле ошол мектепти бир топ ээлеп алып мекенибизде аскердик төңкөрүлүш кылууга аракет кылса, жүздөгөн адамдар шейит болуп, миңдеген жарандарыбыз жаракат алса, биз деле ачууланып, чыккынчыларды жазага тартып, мектептерин жапканга аракет кылмакпыз да. Бул өңүттөн караганда биз түрк тараптын талабын туура түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек.

Акыркы учурда Түркиянын талабы бурмаланып жеткизилип жатат. Расмий Анкара бул мектептер толугу менен жабылсын дегенден алыс. Тескерисинче алар мектептер Түркиянын билим берүү министрлигинин карамагына өтсүн, аты “Маариф” деп өзгөртүлүп Түркия каржылап берсин, окутуу бей-бечара жана социалдык муктаж катмар үчүн бекер болсун жана калгандарга окуу аксы жеке менчик мектептердеги акыдан салыштырмалуу төмөн каралсын деген сунушту айтууда. Ал жерде иштеген кыргыз мугалимдеринин санын көбөйтүп, айлыгын бир топ жогору кылабыз деген убадасы да бар. Жеке “Сапат” билим берүү мекемесинде балдарын окуткан ата-энелер үчүн эч кандай айырма жок болушу керек. Анткени гүленчи түрктөр кетип, расмий бийликтин түрк мугалимдери келмек. Окутуу бекер болгон аярлуу катмардын балдары билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, келечекте кыргыздын керегине жараган бир катмар жаралмак. Курсагы ток байдын балдарына караганда, жокчулукту көргөн балдар бир топ аракетчил болуп, өзгөчө тырышчактыгын көрсөтмөк. 

Билим берүүгө инвестиция тартылып жатканда, аны четке кагуу акмактыктын белгиси. Тээ 2016-жылдан бери кыргыз-түрк мамилесинде кекиртекке такалган сөөктөй болгон бул “Сапат” мектептеринин маселесин чече турчу мезгил эчак эле келген. Бир мектептин айынан канчалаган инвестициялардан куру жалак калып, учурда Кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылбай турат. Анын ачылышы да чоң саясий интригага айланды. Эгер бул мектептер жабылса, кыргыз-түрк мамилелеринде жаңы барак ачылып, “лөлүнүн пулун алып, эшегин суугар” демекчи көптөгөн проекттерге жол ачылмак. Мисалы түрк тарап эл аралык аба майданын куруп берүүгө кызыктар экенин айтууда. “Сапаттан” чыккан сапатсыз кадрлар жакын арада мамлекеттик кызматтын баардык тешигине чейин кирип, мамлекет ичинде мамлекет курууга баратканы байкалып турат. Буюрса учуру келгенде Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жеткен булардын калкалоочулары жөнүндө да кеп кылабыз. 

Орто Азия өлкөлөрүндөгү Гүлен мектептеринин тарыхына көз чаптырсак мындай абал ортого чыгат:

– Өзбекстанда бул кыймылдын мектептери 1999-жылы толук жабылган.

– Россия Федерациясы 2008-жылы Гүлен жамаатынын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таап 43 мектебин жапкан. 

– Азербайджанда 2014-жылы бул уюмга тиешеси болгон 11 мектеп жабылган.

– Тажикстан 2015-жылга чейин бул уюмга тиешелүү алты мектептин барын жапкан.

– Казактанда уюмдун мектептери толук кандуу мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

– Түркмөнстан 2016-жылкы окуялардан кийин уюмга тиешеси болгон мектептердин баарын жапты.

Ал эми Кыргызстан ФЕТО уюмунун 170 мамлекеттеги мектептеринин арасында элдин санына бөлгөндө эң көп мектеп салынган өлкө болуп чыкты. Өз өлкөсүн аябастан тышкы душмандарга сатып, аскердик төңкөрүшкө аракет кылган, өз элине курал колдонгон бул жамааттын тарапташтары биздин өлкөдө да бир бузукулук кылып жибербейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Бөлүшүү

1 комментарий

  1. Аватар
    Колдош Датасы:

    Туп туура жазылган колдоймун дагы детайлары бар аларга да жетет деп ойлойм. Кыргызстандагы ишкерлери кандай пирамида жолу менен иштеп козго илинбей кыргыз жаш коомборду коруп же жеке фирмаларды кардылап башында биздин жигиттер ошол тармактан келген. ЖИА га окшогон бирикмелерди куруп Америка иш адамдары менен жолугушуу Германия иш адамдары менен жолугушуу деп ошол эле жогоруда айтылган олимпиада мисалы бул жерде да ошол жол менен иштеп кележатканы туз. Пенсиованияга барып келгендердин тизмесини чыгарса эле баары белгилуу болот бул тармактын элитасы.

Комментарий жазыңыз