Пятница, Ноябрь 22

Анкарада Сириядагы кырдаал талкууланды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын мамлекеттик катчысынын Сирия боюнча атайын элчиси Жеймс Жеффри менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиянын аталган министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда жолугушууга АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд катышты.

Жолугушуу алдында атайын элчи Жеффри менен Түркиянын улуттук коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу баштаган Түркия менен АКШнын делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү болду. Тараптар 2019-жылдын 17-октябрында кол коюлган Сирия боюнча түрк-америка келишиминин ишке ашуу жүрүшүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз