Атаханов абакта кала турган болду

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Батукаевди бошотуу иши боюнча 21-майда кармалган мурунку вице-премьер-министр Шамиль Атаханов Жаза аткаруу мекемесинин №1 тергөө абагында 26-июнга чейин отура турган болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук  соту 23-майда  чыгарды.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Азиз Батукаев өлөсөлүү ооруу деген шылтоо менен 2013-жылы 9-апрелде Нарындагы абактан бошотулуп, Манас аба майданында учак  менен узатылган. Учурда Батукаев аман-соо криминалдык ишин улантып жүрөт.

Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иш Атамбаевдин президенттиги учурунда жабылып калган. Быйыл ал иш кайрадан козголуп, Батукаевди рак илдети менен ооруйт деп диагноз койгон дарыгерлер, ал кездеги саламаттык сактоо министри Д.Сагынбаева камакка алынган эле. Сагынбаева 22-майда үй камагына чыгарылган. Ошондой Жаза аткаруу мекемесинин башчысынын кеңешчиси К.Качкыналиев камакка алынып, Батукаевди бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовго кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 23-майда кабарлаган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз