Понедельник, Ноябрь 18

Автодиллерлер өкмөткө нааразы

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Унаа ташуу бизнеси менен алектенгендер өкмөттөн азырынча жеңилдетилген бажы салымын көтөрбөй турууну суранышууда. Анткени 2020-жылдын 1-январынан тартып мамлекетке үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унааларды каттоо Евразиялык экономикалык бирликтин бирдиктүү тарифтерине жараша жүргүзүлүп баштайт. Бул туурасында автотранспорт ассоциациясынын президенти Нурбек Турсунбаев билдирди.

“Мындан машиналардын баасы кескин жогорулап, бажы алымдары дээрлик 11 эсеге чейин кымбаттайт. Мындан бир эле ушул тармактагы ишкерлерден тышкары бюджетке дагы ири суммадагы каражаттар түшпөй калат. Кыргыз мамлекети Бажы биримдигинин алкагындагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калды. Анткени жеңилдиктерди ишкерлер болгону бир жарым жыл колдонушкан. Ал эми биз менен бир убакта уюмга мүчө болгон Армения үч жылдан ашык убакыттан бери арзандатылган кызматтарды пайдаланып келет”,-деди.

Айта кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин алкагындагы 166 товардын, анын ичинде машиналарды ташып келүүдөгү жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынаары маалымдалган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз