Среда, Октябрь 23

Айданбек Акматов: “Ак-сайлыктар өтө намыстанып, бир сантиметр да жердин өтүшүнө жол бербей жатышат”

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал боюнча эксперт Айданбек Акматов менен маек.

 – Айданбек мырза, 22-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда дагы чыр чыгып, алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тараптан бир адам өлүп, 5-6 адам жаракат алгандыгы, ал эми кыргыз тараптан 15ке жакын адам жаракат алгандыгы кабарланууда. Бул жаңжал эмнеден чыкты?

 – Бул жаңжалдын биринчи себеби чек аранын так аныкталып бүтө электигинде. Экинчиден, ошол жерде жашаган элдердин бири-бирине карама-каршылыгы абдан жогору деңгээлге жетип тургандыгында. Маалыматтарга караганда, жаңжалдын чыгышына тажик тараптын талаштуу жерге желек орнотуусу, кыргыз тараптын “Ак-Сай” деген жазуусу бар тактайды орнотуусу себеп болгон. 

Байкасаңыз, бир-эки метр ары-бери орнотулган нерсе үчүн ызы-чуу чыгып, бир адам өлүп, ондогону жаракат алып жатат. Араздашуу, келишпестик тереңдеп жатат. Ошондуктан кошуна жашагандан кийин эки тарапка тең сабырдуулук жана чек араны аныктап бүткөнгө чейин чыдамкайлык керек го.

 – Кыргыз бийлиги Ак-Сай айылынын 300дөн ашык жашоочусун коопсуздуктан улам Баткен шаарына көчүргөндүгүн билдирди. Аларды көчүрүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле? Бул кошуналардан чегинип, психологиялык жактан жеңилгендик эмеспи? 

– Көчүрүлгөндөр жаш балдар жана аялдар экенин видео, сүрөттөн көрдүк. Чоң жаңжал чыгып кетүүдөн сактанып, аларды коопсуз жайга алып баруу чечилгендей. Муну психологиялык жеңилүү деп айтканга болбойт. Анткени ал жерде аскерлер, эркектер бүтүндөй калып жатпайбы. Аял, балдарды коопсуз жайга көчүрүүдө мүмкүн бир жагдай эске алынгандыр. Ворухта 42 миңдей тажик жашайт, Аксайда 3 миңдин тегерегинде кыргыз бар. Аз санга карабай аксайлыктар чек араны аскерлер менен бирге бекем кармап турушат. 

Бирок айрым коопсуздук чараларын көрүшкөн. Бул аргасыздыктан жасалган иш.

 – Ак-Сай айылынын жашоочулары кошуна мамлекеттин жарандары менен быйыл эле 3-4 ирет ок атышып, адам өмүрү кыйылган жаңжалга туш болушууда. Деги ушундай окуялар тез-тез кайталануусунун себеби эмнеде? Чечүүнүн жолдору барбы?

 – Чечүүнүн жолу чек араны аныктоо. Президент, өкмөт, парламент жана жергиликтүү бийлик тажик тарап менен биргеликте бул маселени чечүүнүн үстүндө абдан тыгыз иштеш керек. Тилекке каршы, ушул маселелерди чечебиз деп Кыргызстан президенти С. Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жакынкы күндөргө жолугушуусу белгиленген эле. Эми анын болуш-болбошу да так болбой калыптыр. Тажиктер келишпестикти күчөтүп, Лейлек тараптан келген жолду жаап салганы кабарланып жатат. Кандай болгон күндө да чек ара маселеси сүйлөшүү менен чечилет. 

Мына ошонун артынан сая түшүш керек. Андан сырткары чыр-чатактуу жерде жетиштүү аскердик күч топтолуш керек. Атамбаев “ыңкылап кылам” деп ИИМ жана башка күчтөрдүн аскерлерин Бишкекте кармоого аргасыз кылып жаткан болуш керек. Ошондуктан мындай чыр-чатак чыккан учурда улуттук биримдик болуп, чырлуу жерде жетиштүү күч болуш керек.

 – Кыргызстандын кошуналар менен такталбаган жана чечилбеген чек ара көйгөйү Өзбекстан жана Тажикстан менен гана калды. Анын ичинде өтө татаалы Тажикстан. Себеби алар биздин азыркы эл жашап, Кыргызстандыкы деп саналган жерлерди талашууда. Мындай талаштын узакка созулушу бизге зыян, аларга пайда болууда. Анткени жерибиз улам билинбей жылма миграция менен ал жакка өтүп кетүүдө… 

– Туура айтасыз, бизде Тажикстан жана Өзбекстан менен чечилбеген чек ара маселебиз турат. Өзбекстанда жаңы президент келгени бул өлкө менен чек араны аныктоодо жылыштар болуп жатат. Тажиктер менен жылыш аз болуп жатат. Өзүңүз билгендей, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым келет. Анын ичинен аныкталганы 504 чакырым. Дээрлик жарымы аныктала элек. 

Жылма миграцияны токтотууда жергиликтүү бийлик менен борбордук бийлик абдан эриш-аркак иштеп, чек ара аныкталганга чейин талаштуу делген жерлерге эч кандай курулуш иштерине жол бербеш керек. Ушул кезге чейин сакталып келген статус-квону бекем сакташ керек.

 – Эмне үчүн кечээки окуяда Ак-Сай айылынын эли тажиктер Исфара-Ворух жолуна өздөрүнүн желегин орнотуусуна нааразычылык билдирип, ок атышты? Бул жагдайды мамлекеттик органдар чечиш керек эле да. 

– Ак-Сайлыктар эң башкы чек арачылар – бул эл деген сөздү дагы да ырасташты. Ал жердеги калк көп жылдан бери тирешип жатып, абдан намыска келип, айрым бир учурларда өтө өчөшүп алгандай. Бир сантиметр жердин өтүшүнө жол бербей турушат. Чындыгында тажик тарап президентин тосо турган болсо, анда биздин чек арачылар, Ак-Сай айыл өкмөтү менен бир аз кеңешип койсо, мында чыр чыкпайт беле деген ой келет. Макулдашуу жок болсо, алар тура калып эле талаштуу жерге желегин орнотуп жатса, кыргыз тараптан реакция болуп, “Ак-Сай” деген жазууну орнотуп киришкендей… 

– Акыркы маалыматтар боюнча, Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусу сүйлөшүлүп жаткандыгы кабарланууда. Эгер бул жолугушуу болсо, кандай маселелер чечилиши мүмкүн? 

– Бул жаңжалдын алдында, июнь айынын соңунда президенттер Жээнбеков менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, жакын арада жолугушууну болжошкону кабарлаган. Эки президенттин жолугушуусу үчүн даярдыктар көрүлүп жатышы түшүнүктүү. Ал даярдык улантылууга тийиш. Анткени ал жолугушуунун максаты -чек араны аныктап, мына ушундай окуяларга жол бербөө эмеспи. Ошондуктан жолугушуу бир аз кийинки мөөнөткө жылдырылса да ( тараптардын деми сууганча, ачуусу тараганча) ал болууга тийиш. Эки президент чек ара маселесин чечүүдө чечүүчү сөзүн айтыш  жана аны ишке ашырыш керек.

Маектешкен Э. Досназаров.

Айданбек Акматов

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз