Пятница, Ноябрь 22

Айыбын сезген айдоочу кечирим сурады

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Чүй облусунун Москва районунда “Хонда Фит” автоунаасынын айдоочусу “Коопсуз шаар” долбоорунун АПК операторуна кол салган.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөргө коюлган көзөмөл камералар буга дейре да айрым айдоочулардын кыжырын кайнатып, камераны талкаласа эле маселеден арылчудай түшүнүктө таш ала чуркашканы маалым.

Укук коргоо кызматынан билдиришкендей айдоочу 11 –сентябрда Москва районунун Ак-Торпок айылында саат 9.20да АПК операторуна кол салып, ал жерден кетип калуусун талап кылган. Ошондой эле ал көзөмөл камерасын да жараксыз абалга кептелтүүгө аракеттенген.

Бул боюнча кабар бараары менен милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип айдоочуну тергөө кызматына жеткиришкен. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган.

Айдоочу кийинчерээк кетирген күнөөсүн сезип видео кайрылуу менен коомчулуктан кечирим сурады.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз