Вторник, 4 августа

Бүгүн дагы 494 адам COVID-19 жуктуруп алды

0

Кыргызстанда 1-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 494 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 36 миң 299 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары – 112
Ош шаары – 66
Чүй облусу – 33
Ош облусу – 95
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 16
Ысык-Көл облусу – 94
Жалал-Абад облусу – 53
Баткен облусу – 23

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз