Беларустун алтын кору $8,3 млрд.га  чейин жогорулады

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Баанын өсүүсүнүн негизги фактору эл аралык рынокто алтынга карата суроо-талап жогорулоосу болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Беларустун эл аралык активинин кору  $8 млрд. 290,7 млн. (эквивалентте) түздү деп билдирди  БЕЛТАга республиканын Улуттук банкынын маалымат жана коомдук байланыштар башкармалыгынан.  

Маалыматка ылайык, июлда өлкөнүн алтын кору быйылкы жылдын май айындагы $521,6 млн (6,9%га) өсүүдөн кийин $200,7 млн ( 2,5%га) жогорулаган. 

Июнда өкмөт жана Улуттук банк тарабынан  $250 млн. суммага сырткы жана ички милдеттер аткарылган. 

Июндагы алтын корунун деңгээлинин жогорулоосунун негизги фактору эл аралык рынокто алтынга карата баанын жогорулоосу болгон. Ошондой эле өлкөнүн алтын корунун жогорулоосуна «Беларусь валюталык-фондулук биржада” Улуттук банк тарабынан чет элдик валютанын сатып алынышы, бюджетке чет элдик валютанын түшүүсү, анын ичинде мунай жана мунай продуктыларынан экспорттук пошлинанын алынуусу, Улуттук банк жана Каржы министрлиги тарабынан чет элдик валюта менен номинацияланган облигацияларды сатуудан каражаттын түшүүсү негизги киреше булагы болгон. Мындан тышкары алтын корунун методологиясы актуалдашкан. Андан көрсөткүч $70 млн.га жогорулаган. 

2019-жылдын акча-кредит саясатынын негизги багыттарына ылайык, эл аралык резервдик активдер 2019-жылдын 1-январына карата $7,1 млрд. ды түзгөн. 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз