Билимди соодага айланткан “Себат” мектептери

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталып, желегин көтөрүп, акчасын чыгарып, баш мыйзамын кабыл алып, дүйнө элдери менен байланыш-алака түзгөн өткөн кылымдын 1991-1995-жылдарында урунттуу бир ишке кабылган. 1992-жылы кыргыз элине билим берүү тармагында кол-кабыш кылабыз, жардамдашабыз, балдарыңарды дүйнө алдыңкыларына сүрөйбүз ж.б. көптөгөн перспективалуу сунуштары менен биричи жолу “Себат” жеке менчик билим берүү мекемеси ачылган. Бул мекеменин Кыргызстанга келишин ошол кездеги бийлик дагы кубаттап, бюджеттик каржылоосу өп-чап болуп турган мамлекеттик билим берүү тармагына пайдалуу инвестициялык салым катары мүнөздөшкөн. Ошол кездеги ажо Аскар Акаев бул лицейлерге мамлекеттик колдоо катары жеңилдик болсун деп облус борборлору, чоң шаарлардан мамлекеттин балансындагы чоң имараттарды акысыз пайдаланууга берген. Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн расмий уруксат-лицензияны да тездик менен Билим берүү министирлигинен алышкан. Андыктан бул мектептерге тиешелүү делген көптөгөн имараттар чындыгында мамлекеттики. Бул имараттардын, мындайча айтканда элдин мүлкүнүн мамлекетке кайтарып берилишин көзөмөлдөгөн иш-аракеттердин бийлик тарабынан дагы деле болбогондугу коомчулукту тынчсыздандырууда.

Лицейлердин алгачкы ишмердүүлүгү жергиликтүү калктын тилин табууга жана өзүлөрүн жакшы жагынан көрсөтүүгө багытталган. Билим берүүнү 7-8-класстан баштап уюштурушкан. Албетте окууга кабыл алуу экзамен аркылуу ишке ашырылып, таң калаарлык жагы алгачкы мезгилде окуу бекер болгон. Лицейлер кыска убакытта борбор шаар Бишкекте, Ошто, облустук борборлордо жана айрым чоң өнөр жайлуу шаарларда ачылып иштеп баштаган. Билим берген мугалим эже-агайлардын дээрлик 80% чет өлкөнүн тактап айтканда Түркиянын жана айрымдары АКШнын жарандары болушкан. Мына ушул жерден дагы белгилеп айта кетүүчү шектүү жагдай, аталган окутуучулардын арасында американын пайдасына тыңчылык кылган англис тилин окуткан мугалимдердин болгону тууралуу Орусиялык жана Түркиялык басылмалары американын New Yorker журналына шилтеме кылып 2016-жылы жазып чыгышкан. (14 октябрь 2016-жыл, vesti.kg). Окутуу программасы Кыргызстандын билим берүү министирлигине негизделип, өзүлөрү тарабынан толукталган программа болгон.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдөгү өткөөл мезгилде сапатын жогото баштаган мамлекеттик билим берүүгө ишенбеген, бирок колунда акчасы же бийлиги болбогон жарандарыбыз өз уул-кыздарын акырындап коммерциалык негизде билим бере баштаган “Себат” лицейлерине беришкен. Бул ата-энелер өз кезегинде аталган окуу жайдын демөөрчү жана колдоочуларына айланышкан. Англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөө, компьютерде иштей билүү, улуттук жана эл аралык олимпиадаларга байма-бай катышуу, ал эле эмес, балдардын ислам дининен кабары болуусу жана жакшы адептүүлүгү өңдөнгөн бир топ көрсөткүчтөр Кыргызстан жарандарынын алдыңкы бөлүгүн өзүнө тарткан. Натыйжада республикабыздагы дээрлик баардык белгилүү атка минер чиновниктердин, депутаттардын, бизнесмендердин жана өнөр адамдарынын балдары “Себат” лицейлеринин окуучуларына айланышкан. Башында бекер башталган окутуу акырындап коммерциялык негизде акы төлөп окутууга айланып, колунда жок үй-бүлөдөн болгон бир далай зээндүү жаш балдар лицейдин саясатынын натыйжасында бул окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Акырындап бул билим берүүчү мекеме курамында 16 лицей, 1 эл аралык университет, 3 жалпы билим берүү мектеби, жалаң гана чет тилде сабак берген эл аралык мектептери бар олчойгон билим берүү системасына айланган. Арадан өткөн 26 жылдын ичинде бул билим берүү мекемелери түркиялык диний лидер Фетхуллах Гүлендин Америка аралашкан шектүү долбоору экендиги белгилүү болгон. “Азаттык” радиосунун Билим берүү жана илим министрирлигине шилтеме кылып 2017-жылдагы берген маалыматына ылайык, 1992-жылдан бери “Себат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы саны 12,000 ден ашуун болгон. Балдарга билим берип эмгектенген мугалимдеринин саны 1000ден ашыгыраак экени маалым. (https://rus.azattyk.org/a/28679237.html)

Бул окуу жайдын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ушул гүленчилердин эл аралык тобуна ийгиликтүү кошулуп, алыскы чет өлкөлөрдөн билим алып, тажрыйбаланып, алды байыса, кээ бирлери саясатка кирип, ал эми ортозаары булардын кызматкерлерине айланышкан. Уядан жаңы учкан бул жамааттын балдарына Батыш өлкөлөрүнүн университеттери, компаниялары ошондой эле Кыргызстанда иштеген батышчыл эл-аралык уюмдар эшигин кеңири ачышкан. Жөнөкөй эле мисал, эл аралык Cambridge Silk Road, Oxford school, International school сыяктуу мектептерин Бишкек жана Ош шаарларында ачуу үчүн эле эл аралык стандарттагы шарттар жана батыштагы бул аталыштагы окуу жайлардынын расмий лицензиясы – уруксаты керек. Иш көрсөткөндөй батыштын бул окуу жайлары өз лицензияларын “Себат” мекемесине ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн беришкен. Эмне максатта жана кайсыл кызматы үчүн батыштын жогоруда аты аталган окуу жайларына өзүнүн лицензиясын себатчыларга берген? Албетте, акча табууга жана идеологиялык жалпы кызыкчылыка негизделген биримдиктин негизинде Гүлен тобуна ушундай артыкчылык берилген.

Бул мектептерде билим алуу үчүн төлөнүүчү акы “ат көтөргүс” кымбат. Мисалы, “Cambridge Silk Road International” мектебинде жылдык окуунун акысы 9 миң – 11 миң АКШ доллар, Себат лицейлеринде бир жылдык билим алуу акысы 2 миң – 3миң 500 АКШ долларын түзөт. (https://kaktus.media/doc/338956_gid_kaktus, https://rus.azattyk.org/a/28281350.html). Албетте бул кымбат баалуу билим берүүнүн аркасында Гүлен тобунун жашыруун жана ачык чоң каржылык кирешелерди топтоп, байуусунан кабар берүүдө.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган “Жеке менчик билим берүү мектептерди салыктардан бошотуу” жөнүндө мыйзам, бул топтун мындан ары дагы байып, кирешесин көбөйтүүгө уникалдуу шарт түзүп берди. Натыйжада, Гүлен тобуна тиешелүү окуу жайлар жашоосу оор, жакыр турмушта жашаган карапайым жарандардын балдарына эшигин ачып, кучагын жайып, алардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзгөнү дагы деле байкалбайт. Негизи эле, “Сапат” билим берүү мекемесинин жылдык таза кирешеси жана алардын коомдук максатта пайдаланышы тууралуу маалыматтардын маалымат айдыңында ачыкка чыкпагандыгы, айрыкча булардын эл аралык лицензиясы бар “Oxford Silk Road International” school сыяктуу мектептеринин батыштагы лицензия берген тарап менен киреше бөлүшүүсү жабык тема бойдон калууда.

Интернеттеги ачык маалымат булактарына “Сапат” мекемесинин жыл сайын окууга кирген жана окууну бүтүргөн окуучуларындын так саны берилген эмес. Мына ушул себептен жогоруда билдирилген 12 миңденден ашуун окуучунун орто эсеп менен 2 миң АКШ долларына көбөйтүп эсептеп көрсөк, жалпы суммасы 24 миллион доллар деген чоң суммадагы акча каржаты чыгууда. Бул акчанын “Сапат” мекемесинде топтолуп, диний же саясий топ экени белгисиз гүленчилердин кызыкчылыктарына ылайык иштетилиши көп суроолорду жаратууда.

Ошол эле учурда “Cambridge Silk Road International” мектебин эле ала турган болсок, Бишкекте окуган 70-80 окуучунун жылдык төлөгөн 9 миңден 11 миң долларга чейинки акчаны 1 жылга көбөйтсөк 630 миң жана 770 миң АКШ долларын түзөт. Эми ушул жалпы сумманын акыркысын 15 же 20 жылга көбөйтсөк 11 млн 550 миң жана 15 млн 400 миң доллар каражат болууда. Бул эсептер ачык булактарда болгон орточо көрсөткүчтөргө негизделген. Бул суммадагы акчалар айсбергдин чокусуна окшоп, бизге көрүнгөнү гана. Көрүнбөгөн, жашырылган жагы албетте, Гүлен тобунун окуу жайлары аркылуу элибизден топтогон акча жана башка каражаттары болууда. Бул кыргыз коомчулугунда көп суроолорду жаратууда. Бул багытта даректүү иликтөөлөр бийлик тарабынан жүргүзүлүшү керек экендигин Түркияда болгон кандуу окуялардан көрсөтүп койду. 15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракети биз үчүн сабак болушу керек.

Сыртынан байкалбаганы менен бул уюшкан диний-саясий топтун кылыктары 2016-жылдын июль айында Түркияда орун алган аскердик төңкөрүш аракетинде дүйнөгө шардана болду. 16-июлга караган түндө Түркиянын аскерлеринин бир катар бөлүктөрүнүн Стамбулдагы чоң көпүрөнү тосуп, элди токтотуусу, ал эми борбору Анкара шаарында Кызыл Ай аянтында карапайым жарандарга ок атып, бомба таштоосу, парламент менен улуттук телевидениени басып алышы, ажосу Эрдоганды бутага алышы аскердик төңкөрүш аракети деп мүнөздөлдү.

Ушул жерде “Эмнеге Гүлен тобу төнкөрүш кылгысы келди?”, – деген суроого жооп берсек. Себеби, алардын мектептерин, банктарын, диний мекемелерин Түркия бийликтери жаба баштаган жана мамлекеттик органдарга сиңип кеткен Гүленчилерден тазалай баштаган. Аскерий чөйрөдө күчтүү болгон бул топтун адамдарынын төңкөрүш аракети акыркы шансы болчу.

Аскердик төңкөрүш аракетинен 240 жаран өлүп, 2 миң 200 адам жарадар болгон. Натыйжада 160 миң жаран камалып, 626 окуу жайы жабылып, 524 жеке менчик мектеп мамлекетке өткөрүлгөн. 19 профсоюз уюму, 35 медициналык мекеме жана 15 университет жабылган. 1 миң 200дөн ашык коомдук жана кайрымдуулук фондду ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул мисалдар Гүлен тобунун Түркияда канчалык тамыр жайганын, мамлекет менен тиреше турган деңгээлге жеткенин көрсөтөт. Анткени ийгиликке жете албаган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин жүргүзүлгөн тергөө процесси Түркиядагы бул жамааттын болуп көрбөгөндөй тамырлашкан уюшкан топ экендигин көрсөткөн.

Кыргызстандын кийинки тарыхы көрсөткөндөй, 2005-жылы март айындагы жана 2010-жылдын апрель айындагы эки ыңкылап коомубуздагы негизги көйгөйлөрдү ачып көрсөттү. Өлкөбүздөгү саясий лидерликтин боштугу, коррупция жана али күнгө чейин оңоло албай келаткан улуттук экономика, саны өсүп жаткан тышкы миграция, жаштардын арасындагы сапатсыз билим, кылмыштуулук, радикалдашуу сыяктуу бир катар көйгөйлөр даана көрүнүп калды. Ал эми эң негизги маселе коомдогу жакыр катмар менен бай жана бийлерден түзүлгөн каймак катмар ортосундагы ажырымдын күн өткөн сайын чоңойушу болду. Элита делген илимдүү, билимдүү, бай жана бийликте отурган катмар, жогорудагы көйгөйлөрдү чечмек түгүл, билим берүүнү ураан кылып, иш жүзүндө улуттук элитаны барымтага алган Гүлен тобунун саясатын жүргүзгөн кызматчыларга айланышкан. Гүлен тобунун заманбап мектептери жалгыз эле бизде эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Иштеп эле тим болбостон, билим берүүнү жамынып алып түшкө кирбеген кирешелерди табууда, ошол эле мезгилде жергиликтүү элдин элитасын тарбиялап, байлыка жана бийлике негизделген өзүнүн империясын чоңойтууда.

Аталган окуянын желаргысы албетте, Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемесине келип тийди. Мына ушул жерден бул уюмдун өлкө ичинде таасири көрүндү десек жаңылышпайбыз. 1992-жылдан бери иштеп келген жеке менчик билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды кыргыз жараны экендигине карабай кызматынан кетип, ордуна Нурлан Кудайбердиев дайындалган. Эң башкысы, мекеменин аты өзгөртүлүп “Сапат” болуп, мекеменин негиздөөчүлөрүнүн бирөөсү катары Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министирлиги киргизилген.

Гүлен тобунун мектептерин жабуу жана алардын ордуна түркиялык “Маариф” фондунун мектебин ачуу тууралуу Түркия бийлигинин демилгеси экс-президент Алмазбек Атамбаев тараптан колдоо тапкан эмес. Мындай чечимдин ошол кездеги бийлик тарабынан кабыл алынышына эмне түрткү болду деген суроо жаралат. Себеби балдары “Себат” мектептеринде окуган экс-премьер министр Сапар Исаков, Гүленге жолугуп келди делген Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов сыяктуу чоң чиновниктер, ошондой эле киреше булактары Гүлен жамааты менен байланышкан таасирдүү кишилер тоскоол болушкан. Ал кездеги мамлекеттик маалымат каражаттары да гүленчилердин сөзүн сүйлөгөн. Бул тиреш акыры келип бир тууган элдердин мамилесине бир катар кедергисин тийгизген. Түркиянын Кыргызстанга багытталган бир катар долбоорлору токтотулган.

2018-жылы өлкөбүздөгү Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып келди. Гүлен тобуна кандай мамиле жасайт деп күтүлгөн Жээнбековго, Түркия Президенти Эрдоган 2018-жылдын сентябрь айындагы өлкөбүзгө болгон расмий сапарында дагы бир жолу гүленчил топтун коркунучун эскерткен. Президентибиз абалды талдап, таразалоонун сөзүн берип, Эрдоганды Түркияга узатты. Кээ бир эксперттер муну президенттин айланасындагы гүленчилерден арыла элек деп жоромолдоду. Ошондуктан Гүлен тобуна карата туура чечим кабыл алууда Президент Сооронбай Жээнбековдун канчалык эрки бар жана күчкө ээ деген суроо туулат.

Айрым серепчилер жана журналисттер гүленчилердин медиа, бизнес, билим берүү жана акыры келип саясатта күчтүү позициясы бар экендигинен коомчулукка кабар беришүүдө. Атап айтсак, орус тилдүү “Дело №” гезити жана бир катар маалымат басылмалары “Марал FM”, “saresep.kg”, “Жаш Ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА)” жана “Адеп Башаты” фонду ж.б. уюмдар гүленчилер тобуна таандык экендигин жазып чыккан. Түркиялык медиа булактары учурда кылмыш иши козголуп, тергөөсү менен соту чубалган экс–премьер-министр Сапар Исаковдун дагы гүленчилерден экендигин маалымдаган. Эрдогандын Кыргызстанга болгон акыркы иш сапарында 130 гүленчинин тизмесинин УКМКга берилиши тууралуу сенсациялык маалымат али күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Себеби расмий кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Түркия тараптан мындай тизме берилбегендигин билдиришкен.

2019-2020-жылдагы Кыргызстандагы ички коомдук-саясий окуяларга бул топтун катышуусу жана таасири кандай болот деген суроо да жаралууда. Себеби 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жамааттын кызыкчылыгын колдоп коргогон адамдарын Жогорку Кеңешке келүүсү жана өкмөттүн курамында отуруусу өңдүү божомолдор батышчыл таасири бар бул топ үчүн максаттуудай сезилет.
Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, бул Гүлен тобунун билим берүү мекемесинин менчигиндеги жогоруда айтылган имарат-мүлктөр, өткөндө Монголияда болгондой кокустан башка чет элдиктерге сатылып кетсе эмне болот деген түкшүмөлдөр бар (http://ca-news.org/news:1491686). “Сапат” мекемесинин макамы эл аралык болуп эсептелет. Бул өңүттө, курамында Билим берүү жана илим министирлиги болсо да, аралаш-менчик бойдон калган бул мекеменин мүлктүк маселеси актуалдуу бойдон калууда. Негизи эле мамлекет “Сапат” менен катар Гүлен тобунун мүлкү тууралуу атайын иликтөөсүн жасашы керек деген ойдобуз.

Ошол эле учурда, колунда жок үй-бүлөнүн балдары дагы деле болсо акысы кымбат “Сапат” мектептеринде окуй албай жатышат. Бул багытта атайын даректүү изилдөөлөрдүн жоктугу түзүлгөн жагдайды толук ачып көрсөтпөй жатат. Мекеменин учурда “Жөндөмдүү балдар” программасын ишке ашыруусу аркылуу окуучуларга жана студенттерге окуудагы жетишкендиктери үчүн бюджеттик орундар жана гранттык колдоо көрсөтүлөөрүн маалымдаган билдирүүсү кыргыз коомчулугунда жетиштүү сезиле элек. Себеби бул программадан жардам, колдоо алган окуучулардын так саны жана анализинин маалымат айдыңында жоктугу, болгону элди жоошутуу чарасыбы деген суроолор пайда болууда.
Макаланын соңунда белгилеп кетүүчү нерсе, бул Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан демилгеленип, сунушталган “Маариф” фондунун пилоттук мектебин Кыргызстанда ачуу жана бул окуу жайды жер жерлерге жайылтуу маселеси турат. Себеби учурдагы колунда жок ата-энелердин балдарынын жакшы билим алуусуна “Маариф” мектептери жардамчы болобу деген илгери үмүт бар. Мына ушул маселени кийинки макалабызда изилдеп, талкуулайбыз.

Замандан калбай, келечекке карап өнүкпөсөк, жаштарга заманбап жана сапаттуу билимди өз убагында бербесек, дүйнөлүк агымдан артта калуу коркунучу да бар. Бул жерде жарандарыбыздын байлыгына, статусуна, жынысына, диний–идеологиялык ишенимине карабай, бирдей билим алуу маселеси канчалык көйгөйлүү экендиги баарыбызды ойлондурат. Мына ушул жагдайларда, өлкөбүздө элитаны эмес, жалпы элди тарбиялаган билим берүү системасын курууда Гүлен тобу жана анын “Сапат” баш болгон коммерциялык мектептери мүмкүнчүлүк эмес, тоскоолдук жаратат деп ойлойбуз.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз