Вторник, 4 августа

Бир суткада коронавирус менен пневмониянын 662 учуру катталды

0

Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 662 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус менен катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 6 адам;

– Ош шаарында 23 адам;

– Чүй облусунда 9 адам;

– Ош облусунда 25 адам;

– Ысык-Көл облусунда 2 адам;

– Жалал-Абад облусунда 49 адам;

– Баткен облусунда 28 адам;

– Талас облусунда 4 адам.

Пневмония менен катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 215 адам;

– Ош шаарында 29 адам;

– Чүй облусунда 33 адам;

– Ош облусунда 56 адам;

– Нарын облусунда13 адам;

– Ысык-Көл облусунда 80 адам;

– Жалал-Абад облусунда 53 адам;

– Баткен облусунда 19 адам;

– Талас облусунда 18 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 35 миң 805 бейтап катталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз