Среда, Октябрь 23

Бишкекте 56 май куйуучу жай түрттүрүлөт

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Бишкектеги 96 май куйуучу жайдын болгону 40 чактысы талаптарга жооп берет. Бул тууралуу вице-мэр Уланбек Азыгалиев Бишкек шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Айтымында 56 май куйуучу жайды түрттүрүп салыш керек же башка жакка, мисалы шаардын чет жагына көчүрүү зарыл.

“Мен талаптарга жооп бербеген май куйуучу жайларды айтып жатам. Биз аларды жабышыбыз керек. Бирок башка жолдорун дагы карап көрсөк болот”,-деди вице-мэр.

Ал эми Азизбек Алымкулов болсо мунун бир канча жолу бар экенин айтты. Ал: түрттүрүү, алмаштыруу же көчүрүү. Ошондой эле ижарачы МКЖ ордуна социалдык багытта башка нерсе салуу планы бар болсо ага уруксат берүү керектигин белгиледи.

“Мэрияга МКЖ ордуна башка жер тилкесин издеп отуруу пайда алып келбейт. Анткени май куйуучу жайларды иштеткендер ири суммадагы акчаларды төлөшөт”,-дейт Алымкулов.

Маалымдалгандай бардык жер тилкелери шаардын башкы планы ишке киргизилгенче ижарага берилген.

Эскерте кетсек мэрия жетекчилиги Бишкектеги бардык май куйуучу жайларды текшерүүгө алган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз