Бишкекте ШКУнун саммити өтүүдө

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин жетекчилеринин саммити башталды.  Бишкектеги жыйын Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Саммитке катышуу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттер-Кытай лидери Си Цзинпин, Россия президенти Владимир Путин, жекшемби күнү шайлоодо жеңишке жетишкен Казакстан президенти Касымжомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев,  Тажикстан лидери Эмомали Рахмон 13-июнда Кыргызстанга келди.

Белгилүү болгондой 2017-жылы Астана саммитинде Индия жана Пакистан ШКУнун мүчөсү  болуп кабыл алынган. Ошондуктан Бишкек саммитине катышуу үчүн Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди, Пакистан премьер-министри Имран Хан да келген.

Шанхай кызматташуу уюмуна байкоочу-өлкө статусуна ээ болгон Беларусь президенти Александр Лукашенко, Ооганстан президенти Ашраф Гани, Иран президенти Хасан Роухани, Монголия президенти  Халтмаагийн Баттулга да Кыргызстандагы саамитке катышат.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттер президенттери адегенде тар курамда жыйын өткөрүшөт. Андан киийн аларга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери кошулат.

Саммbтин соңунда бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз