Среда, Октябрь 23

Бийликтин 2 саат гана убактысы бар

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы болгон абалга нааразы тургундар бүгүн, 17-сентябрда таң эрте Ак үйдүн алдына чогулушкан. Алар кырдаалдын курчуп кетишине жол берген бийликке нааразы пикирлерин айтышкан. Бирок шаардык милиция кызматкерлери акциянын катышуучулары алдын ала мэриядан уруксат албаганын эскертишип, аянттан кетирүүгө аракеттеништи. Ал тургай айырмдарын кармап кетүүгө үлгүрүшкөн. Натыйжада митингчилер акцияны Горький паркында улантышты.

Бир аз убакыт мурун акциянын катышуучулары өкмөткө өздөрүнүн талаптарын айтып, аны менен таанышууга 2 саат убакыт беришти. Алар:
1. Курамына Баткен облусунун мурдагы губернатору Марат Айбалаев, аймактын аксакалдары, ММК өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, активисттер кирген мамлекеттик комиссия түзүү;
2. “Кант” авиабазасын Баткен облусун көчүрүү;
3. ММКлар аркылуу маалыматтарды объективдүү жеткирүү;
4. Кыргызстандан Тажикстанга кайра Баткен аркылуу кетүүчү контрабандага бөгөт коюу;
5. Чек араны делимитация жана деморкациялоо комиссиясынын ишин ачык өткөрүү;
6. Баткен облусуна өзгөчө макам берүү, жаңы облус башчысын шайлоо;
7. Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан жер тилкелерин аймактагы тургундарга бөлүп берүү;
8. Талаш жер тилкелериндеги курулуш иштерин токтотуу;
Өкмөттүн өкүлдөрүнөн эки саат аралыгында жооп болбосо, акциянын катышуучулары Жогорку Кеңешти көздөй бет алаарын айтышты.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз