Суббота, Март 23

“Боингден” көпчүлүк өлкөлөр баш тартууда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Евробиримдик Boeing 737 MAX жана анын модификацияларынын учуусун Эфиопиядагы авиакатастрофанын себептери аныкталганча токтотту. Бул тууралуу 12-мартта Европалык авиациялык коопсуздук боюнча агенттик (EASA) билдирди. “Коопсуздукту камсыз кылуу максатында EASA бүгүн саат 19:00дөн (Москва убактысы боюнча 22:00) тартып күчүнө кире турган директива чыгарды. Ага ылайык, Европанын аймагында Boing 737-8 MAX жана 737-9 MAX моделдериндеги самолёттордун баардык авиациялык операцияларына тыюу салынат “, – деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары агенттик европалык эмес авиакомпаниялардын авиапарктарына таандык бул модификациялардагы лайнерлер үчүн да аба мейкиндигин жабуу чечимин чыгарды. Азыркы учурда Boeing 737 MAX жана анын модификацияларынын учуусун токтотуу боюнча бир нече авиакомпаниялар, туроператорлор жана мамлекеттер билдиришти.

Бөлүшүү

Автор тууралуу

KYRGYZ NEWS

КыргызНьюс маалымат порталы Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктарды окурмандарына туура, толук, айкын жана объективдүү жеткирип берүүнү максат кылат. Адистер тарабынан даярдалган аналитикалык макалаларыбыз болуп жаткан окуяларга терең көз караш менен карашыңызга жардам кылат.

Комментарий жазыңыз