Среда, Октябрь 23

Чавушоглу: Түркиянын Сириядагы операциясы эл аралык укукка негизделген

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркия Сириянын түндүгүнө операция өткөрөт. Ал эл аралык укуктардын нормаларына негизделген, БУУнун Уставында жана Коопсуздук кеңешинин резолюциясында көрсөтүлгөн өзүнүн мыйзамдуу укуктарына ылайыкталат. Бул тууралуу Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу билдирди.

Министрдин айтымында Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн негизги максаты – Евфраттан баштап чыгышты көздөй аймактардагы террористтерди жок кылуу, бул Сириянын бүтүндүгүн коопсуздандырууга маанилүү салым кошот.

Ошондой эле бул пландалып жаткан терроризмге каршы операция Түркиянын чек ара провинцияларына жаралган коркунучту жоюуга жана миллиондогон сириялык качкындардын мекенине өз эрки менен коопсуз абалда кайтуусуна жардам берет.

Сириялык РКК согушкерлери АКШнын колдоосу менен Түркия менен болгон чек аранын 480 чакырымга жеткен аймагын көзөмөлдөп турушат.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз