Вторник, 4 августа

COVID-19: Кыргызстанда дагы 14 адам көз жумду

0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 14 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.

Бишкек шаарында – 2 бейтап;
Чүй облусунда – 3;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Нарын облусунда – 1.

Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1378 адамга жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-июлда COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз