Вторник, 4 августа

Дубай—Бишкек каттамы менен 175 жаран келди

0

Дубай—Бишкек багыты боюнча Кыргызстандын 175 жараны келди. Алардын арасында жаш балдар бар экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Ошондой эле бул каттам менен Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Түштүк Корея, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар кайтып келишти. Алар Дубайдын аэропортунан транзиттик каттамга отурушкан.

«Дубай шаарынын аэропортунда аттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тест алынып, жыйынтыгында оору аныкталган жок», – деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз