Понедельник, Ноябрь 18

Дүйнө чемпионатындагы алтын үчүн таймаш – Видео

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Шаршенбеков 60 кг салмактагы категорияда таймашка чыкты. Күмүш медалга жетүү үчүн Азербейжандан келген Асгар Ализаданы, Россиядан келген Артур Петросянды, кытайлык Лигуо Каону жана украиналык Жора Абовянды жеңди. Ал эми чечүүчү таймашта армениялык Армен Меликян менен бет келишип, бул жолу жеңилип калды.

Эске салсак чемпионат 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын Будапешт шаарында болду. Бул таймаштан кыргыз спортчулары үч медаль менен кайтышты.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз