Блог: ДҮЙНӨ КООПСУЗДУГУН КИМ КАМСЫЗДАЙТ?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Сырттан караганда өтө чоң имараттагы Бириккен Улуттар Уюму. Бүткүл дүйнөлүк уюм. Президенттер, чоң макамдагы дипломаттар чогулушат…

Чоң маселелер чечилип жатат деп ойлойбуз да.

Анан бир талкууда сөз болуп калды. АКШда 16 жыл окуп-жашап келген дипломат БУУда да иштеп калган экен. Ички процесстерди минтип айтып берди:

Эрте менен саат 9 да жумушка келишет. Кабинеттерде жыйындар башталат. Кайсы бир мамлекеттин дипломаты өз өлкөсүндөгү бир маселе жөнүндө презентациясын сунуп баштайт. Башка өлкөнүн өкүлдөрү угушат. Саат 12 болгондо баары түшкү тамакка жөнөшөт. Жыйында айтылган маселе боюнча балким, кайсы бир мамлекет ыктыярдуу жардам берүүнү чечет. А маселе ошол бойдон калат.

Түштөн кийин дагы башка маселелер боюнча презентациялар башталат. Мисалы, бир мамлекет дагы бир мамлекетти өз коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткандыгын айтып арызданып чыгат. БУУнун бул маселеде кыла турчу  иши кайсы бир мамлекетти айыптайбыз деп бийик трубинадан айтканга мүмкүнчүлүк бергени. Россия Крымды алам деди, алды. БУУдан канча жолу айыптап кыйкырсаң да колуңдан эчтеке келбейт. Күчтүү мамлекеттер ООНдун мандаты менен эсептешип отурбайт”.

Анан Молдовалык кыз каршы чыкты:

«БУУ биздин мамлекеттин тарыхында аябай чоң өзгөрүүгө себеп болду. Башынан айтып берейин, биздин мамлекеттин өзгөчөлүгү, ким президент болсо деле жактырбайбыз. Жек көрө беребиз, бардык проблеманын өзөгү президент болгонсуп. Өзүбүз 3 миллиондук чакан мамлекетпиз. Анан бир күнү биздин чегараны бойлой Россия аскердик командасын алып келип тизип койду. Коркунучтуу. Бизди да Крымга окшотуп басып албайт деген кепилдик жок болчу.  Ошол кездеги президентибиз БУУга барып бул жөнүндө укукка таянып, ушундай мыкты сөз сүйлөдү. Ал сөздөн кийин башка өлкөлөрдүн башчылары биздин президенттин жанына келип, колдогон сөздөрдү айтып, суроолорду беришип, өлкөбүздүн дүйнөлүк кадыр-баркы аябай көтөрүлүп калды. Элдин да ошол президентке карата симпатиясы пайда болду»- деди.

Мен суроо бердим: – «ал сөздөн кийин Россия аскерлерин чегарадан алдыбы?»

“ЖОК” деди.

Башка сөзгө керек барбы?

БУУнун бүгүнкү күндөгү функциясын бул мисал сүрөттөп койгон жокпу?

Курулгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин БУУ  “тынчтыкты” сактоо милдетин аткара албады. Сирия кризисин чечүүдө ийгиликсиз калды. АКШ Коопсуздук Кеңешинде азырга чейин болжол менен 80 жолу вето укугун колдонган болсо,  анын дээрлик жарымы Израиль-Палестина маселесине байланыштуу. Натыйжа белгилүү. Палестина меселесине азырга чейин чечим таппай келет. БУУ мүчөлөрү болгон өлкөлөр дүйнөдөгү ири маселелерди чечүүдө колдору байланып, Коопсуздук Кеңешинин 5 мүчөсүнүн бир бирине каршы  вето коюусун карап отургандан башка айласы жок.

Бул жагдай БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоонун зарылдыгын көрсөтүп турат. Ал эми, Коопсуздук Кеңешиндеги 5 мамлекет БУУ”дагы  өзгөчө статустарынан баш тарта турган түрү жок.

Кошумча маалымат:

Учурда БУУда 190 дон ашуун өлкө бар. Структуралык жактан Башкы Ассамблея, Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана социалдык кеңеш, Башкаруу кеңеши, Баш катчылык жана Эл аралык Адилеттик кеңешинен турат. Бирок эң негизги органдары  Башкы Ассамблея жана Коопсуздук Кеңеши. Башкы ассамблеяда учурда БУУга мүчө өлкөнүн баары катышат, ар бири бирден добушка ээ. Башкача айтканда, сөз жүзүндө бирдей укукка ээ.

Дүйнөнүн тынчтыгын камсыздоого милдеттендирилген Коопсуздук Кеңешинде 15 мүчөсү бар.  Алардын беши АКШ, Россия, Кытай, Франия, Англия туруктуу мүчөлөр. Калган *(убактылуу) мүчөлөр эки жылдык мөөнөткө географиялык жайгашуусуна карап тандалат. Убактылуулар системаны, иштөө процесстерин эми гана үйрөнүп келатканда 2 жылдык мөөнөтү бүтүп калышат деген сындар арбын.

Ошентсе да Коопсуздук Кеңешиндеги чечимдер бул 15 өлкөнүн жарымындан көбүнүн (9) добушу менен  кабыл алынат. Бирок бул жерде 5 туруктуу мүчөнүн вето укугу бар. Бул бештин бири вето коюу укугун колдонсо, Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин жокко чыгарат дегендик.  Коопсуздук Кеңешинде вето коюу укугу колдонулуп, чечим кабыл алынбаган учурда БУУ мүчөлөрү ал маселени БУУнун Башкы Ассамблеясына көтөрүп чыга алышат. Башкы Ассамблеяда эч бир мамлекет кабыл алынган чечимдерге вето коюу укугу жок. Бирок, Башкы Ассамблеянын чечимдери мыйзамдык күчкө ээ эмес. Алына турган чечимдердин таасири да ошол маселенин “моралдык” күчүнө байланыштуу.

Андай болсо азыркы БУУ кайсы ишке жарап жатат?

АКШ президенти Д. Трамп эмне деди эле эсиңиздеби? БУУ адамдар чогулуп, сүйлөшүп, жакшы убакыт өткөрчү клуб (UN is just a club for people to get together, talk and have a good time) деди го (washingtonpost.com).

БУУнун бюджетинин 22% дан көбүрөөгүн каржылаган  АКШнын президенти бул сөздү айтып жатканы эмнени билдирет? Эң жакшы болжолдоо менен, бул уюмдун өз функциясын аткара албастыгын башкы спонсорлор да моюнга алып жатат дегенди түшүндүрөт го.  АКШ Иракты басып алганда, же Россия Крымды басып алганда БУУнун чечимдерине карады беле? Жок. Натыйжада, булар баш болуп дүйнөдө эч бир мамлекеттин коопсуздугуна кепилдик жоктой абалда. Ал эми, БУУнун аткаруусу керек болгон “дүйнө “тынчтыгын” сактоо милдетин Россия менен АКШнын ортосундагы *(азыр Кытайдын да ролу пайда болду)  саясий тең салмактуулук камсыздап турат деген пикирлер басымдуулук кылат.

Бири-бирине болгон ишенимсиздиктин айынан, тараптар НАТО, ЖККУ союздар аркылуу позициясын бекемдөөгө аракет кылышты. Бирок,  мамлекеттердин кызыкчылыктарынын түрдүү болуусу уюмдардын ичинде да ишенимди жоготту. Ошондуктан кээ бир мамлекеттер өз күчүнө гана ишенип, өз алдынча куралданууга киришти. Кийинки жазууларыбыз да дүйнөлүк коопсуздук темасында уланмакчы…

Бириккен Улуттар Уюму боюнча кыскача айта турган сөзүм азырынча ушулар.

Суроо: Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттер заманбап, 4-5 муундагы аскердик технологияларды өндүрүү же сатып алуу жөнүндө жакынкы убакыттарда ойлоно турчу түрү жок. Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоонун кандай жолдору бар?  

Албетте, ар бириңиздердин жеке пикириңиздер жана сунуштарыңыздар бар.  

Комментарийлерди күтөбүз…

Гиза Маматкулова

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз