Вторник, Апрель 7

Европага кире албаган мигранттар кыроон суукта калышты

0

Босниянын Бихач шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан качкындардын “Вучак” лагериндеги 500гө жакын легалсыз мигранттар минусту көрсөткөн суукта жашоо менен күрөшүп жатышат. Качкындардын лагери ЕБдин мүчөсү болгон Хорватиянын чек арасынан 15 чакырым алыстыкта турат.
Мигранттардын жашоосун биринчи жааган кар ансайын кыйындатты, алар чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктарын ачууну талап кылышып, европалык өлкөлөргө – негизинен Германия, Франция, Нидерландия жана Италияга кетүүнү каалашууда.

Качкындар лагеринде жашагандар, арасында 13-14 жаштагы балдар да бар, жылыныш үчүн от жагышат, токойдон чырпык теришет, жуунуу үчүн карды ээритишет. Мигранттар үчүн чек арасын жаап койгон ЕБ өлкөлөрүнө каршылык билдирип “Биз бул жерде өлгөнү калдык. Евробиримдик чек араңды ач!” деген жазуусу бар баннер илип коюшкан. Андан тышкары мигранттар эки күндөн бери Кызыл Кресттен жардам албай коюшту.
Лагерди башка районго эвакуациялоо чакырыгына карабай бийлик дагы деле бул багытта конкреттүү кадам жасай элек.
Лагердин жашоочусу Афганистандан келген мигрант Мухаммед белгилегендей качкындардын бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөйү – бул чыкыроон суук жана кар.
“Чатырларыбызда жылытуучу мештер жок. Биз жардамдын кереги жок. Биз жолду ачып, биздин алдыга жылуубузга мүмкүнчүлүк беришин каалайбыз. Бул жашоо эмес”, – деди Мухаммед.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз