Среда, Сентябрь 18

ФЕТО деген эмне?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

8-майда Кыргызстан муфтияты уюштурган ооз ачтырууда  чыккан жаңжал Кыргызстан менен Түркиянын мамилесине дагы бир ирет көңүл буруп, ал мамилеге абдан чоң көлөкө түшүрүп турган ФЕТО эмне деген уюм экенине  дагы бир назар салуу зарыл экендигин туюнтат.

8-майда “Дасмияда” болгон ифтарга Кыргызстан муфтияты Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат мырза менен кошо “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды кошо чакырганы маалым.

Бул абдан чоң жаңылыштык жана Түркиянын жаалын келтирген окуя болуп калды. Түрк элчиси “Түркияны же ФЕТОну тандагыла” деп ачууланып, кыргыз бийлигине (анын абдан таасирлүү өкүлү болгон, ошол ооз ачарда катышып отурган президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго) ызаланган ачуу пикирин айтып, ооз ачарга катышпастан абдан капалынып чыгып кеткен.

Бул кыргыз-түрк мамилесинде болуп көрбөгөн демарш, эң бир жагымсыз окуя болуп калды.

Түркиянын ушунчалык жаалы келиш себебин аңдоо үчүн биринчи кезекте Орхан Инанды мүчө болгон ФЕТО эмне деген уюм экенине назар салыш керек.

Түрк мамлекети, Кыргызстандагы “Сапат” окуу жайын ФЕТОнун жетекчиси Фетхуллах Гүлен уюштурган жана анын тарапкерлери ал окуу жайларды жетектейт деп эсептейт. “Сапат” сыяктуу окуу жайларды Гүлен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ачкан. Бул бир жагынан бизнес, экинчи жагынан абдан дыкат уюштурулган тыңчылык-мафиялык уюм экени анын иштерине үңүлө назар салганда билинет. Маселен, бизнес дегенибиз, “Сапат” баш болгон Гүлендин бардык окуу жайлары акча менен окутат. Лицейлерде жылына бир окуучуга 3 миң долларга чейин, “Ала-Тоо” сыяктуу жогорку окуу жайларында 1200 доллардан жогору контракт төлөнөт…

Билим берүүгө жамынган мына ушул бизнес жана тыңчылык долбоор көп учурларда кол салуу убактысын күткөн жырткыч сымал аңдып жатат. Аңдып жаткан жырткыч Түркияга 2016-жылы кол салды. Кол салуу убактысы кокусунан тандалып алынган эмес. Ал Түркиянын чыныгы көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүү, батыш таасиринен чыгуу аракети күчөгөн мезгилде жасалган. Демек, мунун артында Түркияны вассал катары калтырууну көздөгөн дүйнөдөгү абдан чоң күчтөр турганы байкалат. ФЕТОчуларга мына ошолор буйрутма берген. Бул ФЕТОнун тыңчылык-мафиялык топ экенине бир далил.

Түрк калкы ФЕТОчулардын кандуу төңкөрүшүнө жол бербеди. Бирок кандуу төңкөрүштө 250 дөн ашык адам курман болду. Парламент аткыланды. Президент Эрдоганды жантаслим кылууга аракет жасалды. Тилекке жараша Түркия туруштук берди…

Түрк бийлиги кандуу куралдуу төңкөрүштүн аткаруучусу  Фетхуллах Гүлен жетектеген “Кызмат” уюму деп эсептейт. Ошондуктан Фетхуллах Гүлен жетектеген ФЕТОну (Фетхулах Гүлендин террордук уюму) террордук деп жарыялаган. Анын Түркиядагы тарапкелерин кармап, камакка ала баштаган. Бул уюмдун башка мамлекеттердеги, анын ичинде Кыргызстандагы билим берүү мекемелерине жамынган бөлүмдөрүн жабууну, лидерлерин Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган.

Азербайжан, Пакистан, Казакстан Түркиянын мындай талаптарын канааттандырды. Кыргызстанда ачууланган, кыска ойлонгон Атамбаев гана кежеңдеп, макул болбой койгон. Буга Атамбаевдин айланасында гүленчилердин топтолуп алуусу себеп  болгону анык. Маселен, КСДП 2015-жылдагы талапкерлер тизмесинде бир нече ФЕТОчулардын, бир нече көрүнүктүү мүчөлөрү бар.

Түркия ФЕТОчулардын Кыргызстандагы 27 лидерин өткөрүп берүүнү,алар менен абдан аяр болууну сунуштаган. Бирок кыргыз бийлиги ага жетишерлик көңүл бурбай келет.

Бул кыргыз-түрк мамилесине абдан терс таасирин тийгизип, келечекте дагы чоң жаңжалдарга алып келиши ыктымал. Ага муфтият менен түрк элчиси аралашкан жаңжал күбө.

Кыргыз бийлиги боордоштук, достук, өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча түрк бийлиги, Түркия мамлекети менен көптөгөн келишимдерге кол койгон. Мына ошолор келишимдерди урматтап, Түркия менен достукту, боордоштукту урматтап, ашынган ФЕТОчуларды Кыргызстанда чалчаңдатпаш керек эле. ФЕТОчулардын ана башын расмий элчи менен кошо шылдыңдагандай абалды түзбөш керек эле..

Тилекке каршы, кыргыз коомчулугу да ФЕТОнун кылмыштары менен тааныш эместей. Демек, ал уюмга адекваттуу баа бере албайт. Маселен, 8-майдагы жаңжалдан кийин ФЕТО маселеси кыргыз маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынды. Мына ошондо талкуулардын биринде кыргыз журналисттеринин бири (аттуу-баштуу эки коногу бар) ФИТО деген эмне деп суроо берип жатты. ФИТО деп бир эмес, бир нече жолу кайталады. Коноктор да ФИТО эмес, ФЕТО деп оңдоп койбоду…

Бул эмнени билдирет? Бул Кыргызстандын карапайым калкы эле эмес, билимдүү, маалыматтуу саналган айрым журналисттери да ФЕТО тууралуу кабардар эместигинен кабар берет.

ФЕТО байланыш тамырлары Израиль, АКШ жана батыш өлкөлөрүнө кеткен абдан сырдуу уюм. Кутунун ичинде кутучалар жаткандай ФЕТОнун сырткы катмары эч кандай шек туудурбаган, тескерисинче илим-билимге умтулган, ишкерликти колдогон, кызматташууларды өнүктүрүүгө аракет жасаган, таланттуу жаштарга шарт түзгөн абдан эле бир ак ниет уюм катары көрүнөт. Бирок ал уюмдун кат-кат болгон ички түзүлүштөрү алысты көздөгөн мафиялык мүнөздөгү, мамлекет үчүн абдан коркунучтуу уюм экенин көрсөтөт.

ФЕТОнун билим берүү мекемелеринен билим алган көпчүлүк, террордук уюмдун чыныгы маңызы тууралуу кабары да жок болушу мүмкүн. Анткени ФЕТОчулардын жетекчилери абдан кылдаттык менен өздөрүнүн кадрларын тепкичтен-тепкичке, сырдуу бөлмөдөн сырдуу бөлмөлөргө өткөрүп, купуя сырды абдан өлчөп ачып отурушат.

ФЕТО деген мына ушундай уюм. Ал Кыргызстанда да төңкөрүш жасоо мүмкүнчүлүгү бар экенин расмий Анкара эскерткен. Учурда ФЕТОчулар Кыргызстанда абдан таасирлүү күчкө ээ. Алар саясат, маалымат, ишкерлик, кайрымдуулук жана башка чөйрөлөрдө абдан катуу бекемделип алышкан.

Кыргыз бийлиги түрк мамлекети бийлиги менен бир туугандык, өнөктөштүк мамиледе болгондон кийин ал мамлекеттин, эли шайлаган бийлигинин талаптарына дос, өнөктөш мамлекет катары көңүл бурууга тийиш. Ансыз достук деген кайда калат? Өнөктөштүк, боордоштук деген кайда калат?.

Достун душманын койнуңда катуу, асыроо бул абийирге жатпаган, чыккынчылыкка тете иш. Жумшак айтканда…

Н. Акматбаев

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз