Среда, Октябрь 23

ФЕТОчулар кыргыз-түрк мамилесин уулаганда…

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

ФЕТО (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму) 2016-жылы Түркияны аласалдырууга аракет жасап, бирок түрк калкынан катуу сокку алган.  Кандуу төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги бул уюмдун тамырын кыркуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барды. Бирок да ФЕТО дүйнө боюнча, анын ичинде өзгөчө Кыргызстанда абдан тамыр жайып, бийлик бутактарынан орун-очок алган. Ал оңой жоо эмес болуп турат.

ФЕТО учурда Кыргызстанда бийликти толук колго алууну караштырып калган уюм дегенге негиз бар. Анткени мекенинде террордук деп таанылган бул уюмдун көмүскө кадрлары кыргыз  бийлигинин бардык бутактарына жайгашып, мамлекеттик саясатка олуттуу таасир этүүгө жөндөмдүү .

Маселен, алардын “Maral FM” сыяктуу маалымат каражаттары Кыргызстандагы маалыматтык саясатка, коомдук пикирге таасир этүүдө. ФЕТОчулар социалдык түйүндөрдө абдан активдүү. Фейсбук көп нерсени аныктап калган заманда, социалдык түйүндөрдүн дагы ролу өтө жогору болуп калганы баарыбызга маалым.

ФЕТО учурда кыргыз-түрк мамилесин ууландырууда өз максатына “ийгиликтүү” жетишүүдө. Алар кыргыз-түрк мамилесин канчалык бузса, гүленчилердин бул жердеги коопсуздугу ошончолук бекемделип, түрк өкмөтүнүн колу жеткис боло берет. Анткени түрк бийлиги менен араздашкан кыргыз өкмөтү анын өтүнүчтөрүн аткарбайт. Демек, ФЕТОчулар коопсуздугу бекемделе берет.

ФЕТОчулар Кыргызстанда билим берүүдөн сырткары ишкер чөйрөнү да бекем колго алууга жетишкен. ЖИА сыяктуу уюмдары, иликтеп-талдоо уюмдары, “гуманитардык” фонддору ЦРУ жана ФЕТОнун контораларында жазылган план менен иш алып барууда.

ФЕТОчулардын “ийгиликтеринин” сырын байкап-билүүгө аракет жасаганда, анын себеби дүйнөдөгү эң бир күчтүү атайын кызмат – ЦРУ менен байланышта болушу менен деген тыянакка келүүгө болот. ФЕТОчулар ЦРУнун гуманитардык миссияларга жамынып, өздөрүнүн кыңыр максаттарына жетүү тажрыйбасын абдан мыкты пайдаланып жатышат.

Кыргыз-түрк мамилесин Атамбаев учурунда бир көтөрүлүп, андан кийин абдан төмөн деңгээлге түштү. Бул Атамбаев айланасына толуп алган гүленчилердин биринчи “ири жеңиши” болду.

Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышы менен кыргыз-түрк мамилесинде муз ээрип, кызматташуу жолго коюла баштады эле. Бирок гүленчилердин “абдан ойлонулуп жасалган чагымы” ал мамилени дагы муз абалга алып келди.

Адегенде Түркия гүленчилер маселеси боюнча Сооронбай Жээнбеков менен кызматташууга үмүт артып, бул уюмдун Кыргызстандагы анабашчыларын Түркияга өткөрүп берүү өтүнүчүн жиберди. Бирок ал өтүнүч аткарылбады. Үнсүз четке кагылды.

Түркия гүленчилердин эң чоң киреше булагы болгон “Сапат” мектептерин мамлекеттик “Маариф” билим берүү системасы  менен алмаштырууну сунуштады. Бул дагы үнсүз четке кагылды.

Түркия демин ичине катып турду…

Андан кийин гуленчилер  салкындап турган кыргыз-түрк мамилесине муздак шамал айдап, араздаштырууга багыт алды. Бул жагынан алар ийгиликке жетишүүдө. Муну акыркы кездеги эки окуя же эки чагым ырастап турат.

Кыргызстан муфтияттындагы гүленчилердин  атайын аракетинин негизинде Түркия элчиси менен “Сапат” билим берүү мекемесиин негиздөөчүсү (Кыргызстандагы ФЕТОчулардын анабашы) Орхан Ынанды 8-майда бир жерге ооз ачарга чакырылып, эки мамлекет ортосунда чоң дипломатиялык жаңжал жаратылды.

Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат ооз ачтыруудан “керегем сага айтам, келиним сен ук” деген түрдө “Феточуларды тандаңыздар же Түркияны тандаңыздар” деп чыгып кетти… Түрк тышкы иштер министрлиги элчинин иш-аракетин колдоого алды.

Кыргыз коомчулугунда бул маселеде эки жактуу пикир калыптанды. Тилекке каршы, элчи Женгиз Камил Фыраттын аракетине тескери боек берүүдө гүленчилер аракети натыйжа берди. Кыргыз коомчулугу тытышып жатып калды. Түркия кыргыз бийлигине дагы иренжиди.

Экинчи чоң чагым 5-июнда жасалды. Тагыраак айтканда, 5-июнда Сокулук районундагы Орок айылында болгон окуяда түрк элчисинин ролун теңирден тескери буруп, ага таптакыр башка өң түс берүүгө жетишти.

Түрк элчиси Орок айылына ал айылда коноктоп калган элчиликтин кызматкеринин суранычы менен барганын, ал жерге сапарын Кыргызстандын расмий органдары (тактап айтканда Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов) менен макулдашып жасаганына көңүл бурулбады.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ал жердеги гүленчилерин күш-күшү менен элчинин Орокто болушун ички ишке кийлигишүү катары сыпаттап, колуна нота тапшырды. Башкача айтканда бул шашылыш нота ТИМде да гүленчилер отурат дегенге негиз берүүдө. Убагында Атамбаевдин Түркияга каяша айтуусун дал ушул гүленчилер даярдагына белгилүү.

Кыргызстандагы гүленчилер же аларга жан тарткандар элчинин сапарына башка өң-түс берип, кыргыз-түрк мамилесин андан ары бузууга аракет жасады. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалидева “элчи Женгиз Камил Фырат ооз ачтыруудагы жаңжалдан кийин өз мекенинде баатыр болуп алыптыр. Эми куткаруучу болуп, өзүнүн ысмын түбөлүккө калтырууну көздөгөндөй” деп “кебез менен мууздап”, андан кийин чыныгы максатын ачыктап гүленчилердин Maral FMине: “Элчи кетсин” деп кыйкырып чыкты.

Депутат айымдын гүленчилердин ырын ырдап, чоорун тартып калуусунун сыры кайда деген суроону коюп карап көрсөк анын гүленчилер менен жакындыгы бардыгын ырастаган көрүнүштөргө туш болдук. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев берилген гуленчилерден экени коомчулукка маалым. Элвира Сурабалдиева бул мырза менен пикирлеш болуп жүрөт. Экөөнүн байланышы андан да тереңдей. Маселен, Элвира Сурабалдиева 2003-жылы Кыргызстан ишкерлер бирикмесин жетектесе, Нурбаев бул уюмдун Оштогу бөлүмүн жетектеген…

Кыргыз-түрк мамилесине абдан жаман өң-түс берген жагымсыз окуя Ороктогу окуядан кийин да болду. 6-июнда Бишкектеги түрк элчилигинин алдында, элчиликтин эшигинде бир ит эки күчүгү менен атып өлтүрүлдү…

Үрөй учура турган, мафиялардын согушун элестеткен окуянын артында эмне же ким  турат?

Элчиликтин алдында иттин күчүктөрү менен атылышын жөн гана окуя деп коюшка дит барбайт. Анын артында чоң бир күчтөрдүн чагымы жана эскертүүсү жатканы байкалат. Ал күч ФЕТОчулар болушу толук ыктымал.

2016-жылы Туркияны канга боеп, 252 адамды өлтүрүп, парламентин ракета менен аткылап, президентинин өмүрүнө аскерий учактар, атайын аскерлер менен кол салууну уюштурган ФЕТОчулар мындай ишке баруудан тайманбайт. Алар Түркияны канга боегондон кийин Кыргызстанды жөн коебу?

Алар Кыргызстан тышкы иштер министрлигинде, муфтиятында, парламентинде, ишкер чөйрөсүндө, маалымат айдыңында эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүп жатышат.

Кыргызстанда абдан эле таасирдүү динаятчылардын бири Чубак ажы Жалиловдун 2016-жылдагы Түркиядагы төңкөрүштөн кийин АКШга барып, Гүлендин “колун өөп” келүүсү эле эмнени билдирет?!

Кыргызстан бийлиги Түркия эли, мамлекети, анын башында турган расмий бийлиги менен мамиле курабы же өз мекенинде террорчу деп шектелген ФЕТОчулардын жетегинде кетеби? Акыркы окуялар гүленчилердин ролу канчалык өсүп, алар кыргыз-түрк мамилесин канчалык деструктивдүү таасир эте алышарын көрсөттү.

Көздү ачып, айлананы сергеп карап, туура жыйынтык чыгаруу мезгили келип турат..

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз