Среда, Октябрь 23

Фейк маалыматтардан кантип коргонуу керек?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Акыркы убакта соцтармактарда жакынкы аралыкта Кыргызстанда массалык башаламандык болоорун эскерткен аудио пайда болду. Анда аялдын үнү сулуулук салонунда иштээрин айткан.
“Бүгүн бизге күч түзүмүндө иштеген аял келди. Ал мурдатан эле салонубуздун кардары болуп жүрчү. Ал 23-августтан 13-сентябрга чейин республикада абдан күчтүү толкундоолор болоорун, ал үчүнчү революцияга да алып келээрин айтты. Абайлап, азык-түлүктөрдүн запасын камдап алышыбыз керектигин да эскертти”, – деп айтылат аудиодо.
УКМК провокациялык аудиону тараткан аялдын өздүгүн тактаганы белгилүү болду. Аталган комитеттин маалыматына караганда, өлкөдө башаламандык болоорун “алдын ала болжой билген” жаран – кыргызстандык.
“Аял уккан кептерине ишенип, аудио кайрылуу жазып, туугандарын жана жакындарынын коопсуздугун сактоо максатында аларга жөнөткөн. А бирок, аудио заматта жалпы соцтармактарды кучагына алган”, – деп билдирди УКМК.
Коопсуздук кызматы ал аял менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзгөн. Жаран уккан кабардан коркуп кетип, санаага алдырып жибергенин айткан. Ошондой эле, кыргызстандыктарга кайрылып, такталбаган маалымат таратканы үчүн кечирим сураган.
Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Убак-убагы менен соцтармактарда, айрыкча Whatsapp түйүнү аркылуу ар кандай маанидеги кабарлар таратылат. “СПИД жуктурулган банандын сатыкка түшкөнү”, “Ленин заводунун жер төлөсүнөн маньяктын кармалганы”, “мектептерде бандалардын пайда болгону”, деги койчу, соцтармак аркылуу таратылган “коркунучтуу жомоктордун” тандабаган темасы жок.
Бүгүнкү маалыматтык технология өнүккөн заманда чыныгы маалымат менен фейкти кантип ажыратып билүүгө болот? Медиаэксперттер бир нече ыкманы сунуш кылышат:
1. Эгер билдирүү аудио эмес, текст менен таратылса, анын ар бир сөзүнө көңүл буруш керек. Профессионал эмес, провокацияны гана көздөгөн жазмакерлер сөзсүз ката кетет. Мисалы, бир канча убакыт мурда педофилдердин тобу пайда болгону боюнча билдирүү Кыргызстан менен Казакстанда таратылган. Анын түбүндө маалымат “башкармадан” келгени белгиленген. Андай башкармалык эки өлкөдө тең жок. Демек, бул маалымат кимдир бирөөнүн башкаларды санааркатып, нервин коротуу үчүн ойлоп тапканы.
2. Билдирүүгө сүрөт кошулса, анын фотомонтаж экенин абай салуу керек. Азыркы заманда адис эместер да нукура сүрөт менен фотомонтажды айырмалай алышат.
3. Логикалык жактан ой жүгүртүү. Мөмө-жемиштер аркылуу оору жуктуруу, педофилдер тобунун пайда болуусу, массалык башаламандыктын башталуусу – булардын баары өтө чоң коркунуч. Ушундай коркунуч болуп жатса, же жакындап келатса тийиштүү органдар эмнеге тынч отурушат? Биринчи кезекте алар коңгуроо кагышы керек эле да? Же алардын кабары жокпу? Жөнөкөй жаран билип алган маанилүү маалыматтан алар кабарсыз болушу мүмкүн эмес да?
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чагымчыл аудио-билдирүүлөр соцтармак аркылуу жайылган ар бир жолу жарандарга жалган маалыматтарды таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып бараарын эскертет. Мыйзамды билбегендик мындай билдирүүлөрдү тараткандарды жоопкерчиликтен куткара албайт.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз