Понедельник, Ноябрь 18

Футбол күйөрмандарына Ташкентке барууга туура келет

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Ноябрь айында Ташкент шаарындагы “Пахтакор” стадионунда Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командаларынын жолдоштук таймашы болмок. Футбол күйөрмандары бул таймашты көрүүнү каалашса Ташкентке баруудан башка арга жок, анткени телеканалдар аркылуу оюн көрсөтүлбөйт.

Өзбекстандын жергиликтүү басылмаларындагы маалыматтарга караганда өзбек курама командасынын башкы тренери Вадим Абрамов таймашты түз эфирден көрсөтпөөнү суранган. “Кыязы машыктыруучу команданын жаңы ыкмаларын жашыруун сактагысы келип жатат окшойт. Улуттук команда кийинки матчта Сауд Арабияга каршы ойнойт эмеспи”, – деп жазган басылмалар.

Дүйнөлүк чемпионат-2020нын алкагында экинчи тандоо туру Ташкентте 14-ноябрда өтөт. Сауд Арабиянын курама командасы Өзбекстандын курама командасынын башкы атаандашы, ошондуктан Абрамов алдын ала атаандашына өздөрүнүн алсыз жана күчтүү тарабын көрсөткүсү келбей жатат деп божомолдонууда.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз