Гүлендин ЦРУ менен байланышы

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

2016-жылдагы Түркиядагы кандуу төңкөрүш аракетинин артында ЦРУнун агенттери жана Фетхуллах Гүлен турганын Түркиянын атайын кызматтары ошол мезгилде эле аныктап, төңкөрүштүн башында тургандарды камакка алууга чечим чыгарган.

Бирок батыш маалымат каражаттары түрк прокуратурасынын ЦРУнун агенти Грэхем Фуллерди камоого берген чечимин “негизсиз” деп аташкан. Бирок белгилүү стратег, журналист Уильям Эндгаль Гүлен, Фуллер жана ЦРУнун байланыштары жөнүндө жазып, көп нерсенин башын ачкан.

Эндгаль макаласында Гүлендин 40 жылдан бери ЦРУ менен байланышын, анын 1980-жылдагы Түркиядагы төңкөрүшкө катышуусун, Борбор Азия мамлекетерин дестабилдештирүүдөгү ролун жана Гүлендин мектептерин ЦРУнун агенттери конспирация иретинде пайдаланганын аныктап чыккан.

2016-жыл 15-июлдагы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүшкө тиешеси бардыгына байланыштуу түрк прокуратурасы Грэхем Фуллерди камоого чечим чыгарган. Фуллер жөнөкөй эле катардагы агент эмес. Ал ЦРУнун башчысынын орун басары жана Түркия бөлүмүн жетектеген адам болгон.

Уияльм Эндгальдын Global Researchке жарыяланган макаласында 15-июнда кечинде Фуллер Буюкадеде ЦРУнун дагы бир жогорку даражадагы мурунку тыңчысы Анри Барки менен бирге болгону айтылат.

Буюкаде Стамбулдан алыс эмес жердеги арал. Ал жерде төңкөрүштү уюштуруу жана координациялоо талкууланып турган. Түркиянын Ени Сафак гезитинин маалыматы боюнча төңкөрүш болуп жаткан түнү Анри Барки он жети адамдан турган топ менен аралдагы Splendid Palas мейманканасында отурушкан. Алар ошол жерде отуруп алып төңкөрүштүн жүрүшүн телевизордон түз көрүп, окуянын өнүгүшүнө көз салуу менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушкан. Бул маалыматты гезитке Түркиянын атайын кызматтары берген.

Түркиянын башка көз карандысыз журналисттери аралда Гүлендин насаатчысы жана жетекчиси Грэхем Фуллер да болгонун ырастайт. Бул таңкалыштуу деле жагдай эмес. Анткени Фуллер менен Барки ЦРУда эзелтен өнөктөш болуп келишкен. Экөө тең Түркия жөнүндө мыкты билишет. Ал эмес экөө биригип Туркиядагы күрт маселеси боюнча китеп жазышкан. Аралдан төңкөрүшкө көз салып, башкарып отурган тыңчылар ал ишке ашпай калганын байкашаар замат Түркиядан чыга качышкан.

Түрк прокуратурасы Фуллерди камоого чечим чыгаргандай эле Анри Баркини да кармоого чечим чыгарган.

АКШнын бийлиги, бакма журналисттери Фуллер, Барки, Гүленди кармоого чыгарылган чечимдер “жетиштүү негизделген эмес” дешет. Бирок Түркия айыптоосунда Гүлен менен Фуллердин байланышына өзгөчө көңүл бура турган жагдай,-дейт Эндгаль.

Эндгаль Гүлен ЦРУ менен 1980-жылдары эле байланыша баштаган деп эсептейт. Ал мезгилде Гүлен Эрзурум шаарында антикоммунисттик уюм түзгөн. Ал уюм ЦРУнун долбоору болгон. “Эркин Европа” радиосу менен антивесоветтик пропаганда таратуунун үстүндө иштешкен. Мына ушул иши аркылуу Гүлен Түркиянын антикоммунисттик оңчул күчтөрү менен байланышкан. Бул оңчул топ НАТО жана ЦРУнун “Гладио” аттуу жашыруун операциясынын колдоосунда турган. “Гладио” батыштын антикоммунисттик жашыруун операциясы болгон.

Түркиядагы оңчул күчтөр экстремисттик жана террордук аракеттерди жасап, АКШ демилгелеген кандуу аскерий төңкөрүшкө жол ачкан. Фуллер Huffington Postко берген интервьюсунда Гүлен “1980-жылы мамлекетти сактап калуу максатында мамлекетти аскерлер көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү жактаган” дейт.

1980-жылы АКШнын көмөгү менен генерал Кенан Еврен Түркияда аскерий төңкөрүш жасап, аскерий диктатура орноткон. 650 миң киши камакка алынган. 230 миң киши кесилип кеткен. Бардык саясий партиялар, кесиптик  уюмдар, фонддор жабылган. 171 киши абакта өлтүрүлгөн, миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон, жүз миңдегендер кыйноого алынып, 450 адам кыйноодон өлгөн.

2012-жылы Кенан Евренге кандуу төңкөрүш боюнча кылмыш иши козголуп, 2014-жылы өмүр боюга кесилген.

Гүлен ЦРУнун мына ушул кандуу төңкөрүшүн колдогон. Ошондуктан Фетхуллах Гүлендин өтмүшүндө жалаң гана “тынчтык, сүйүүгө” кызмат кылуу болгон эместиги көрүнүп турат.

Гүлен жана ЦРУнун “англис тил окутуучулары”

 1980-жылдагы кандуу төңкөрүштү колдоодон сырткары Гүлен мурдагы Советтер Союзунун аймагында ЦРУнун кызыкчылыгы үчүн иштеген. Бул иш өзгөчө 90-жылдардан кийин өрчүгөн. Ал жылдары ЦРУ Гүлендин “мусулманчылыктын жумшак, илим-билимге умтулгандай ” көрүнгөн образын пайдаланып, Орто Азияны бүтүндөй камтыган уюм түзгөн. Бул бир эле Кыргызстан, Өзбекстан эмес жалпы түрк тилдүү регионду, анын ичинде Синьцзянь-Уйгур автономдуу районун да камтыган, деп жазат Эндгаль.

Эндгаль макаласында Түркиянын тышкы чалгын (MIT) кызматынын мурунку башчысы Осман Нури Гүндештин белгилүү китебинен мисал келтирген. Гүндеш Тансу Чиллер өкмөт башчы болуп турганда кеңешчиси болгон. Ал өз китебинде 1990-жылдары Гүлендин Евразия аймагындагы мектептери ЦРУнун жүздөгөн агенттери мугалимдик кесипти жамынып тыңчылык кылуусуна пайдаланганын белгилеген. Гүндештин маалыматы боюнча Гүлендин кыймылы Кыргызстан жана Өзбекстандагы мектептеринде ЦРУнун 130 агенти мугалимдикке жамынып, тыңчылык кылган. ЦРУнун “окутуучулары” Кошмо Штаттардагы төбөлдөрүнө отчетторун тынымсыз жөнөтүп турган.

ЦРУнун операцияларынын башкы фигураларынын бири

 Гүлендин уюму мурунку советтик республикаларды дестабилдештирүүдө активдүү роль ойногонун жазган Эндгаль, ФБРдагы булагына таянып, Гүлен ЦРУнун Орто Азия жана Кавказдагы операцияларында эң башкы ролдорду ойногонун белгилейт.

Гүлен жана Фуллердин жолдору Советтер Союзуна каршы иштөөдө туш келгени макалада айтылат:

1982-жылы Грэхем Фуллер ЦРУнун Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия боюнча чалгынчысы болуп дайындалат. Анын жоопкерчилигинде Ооганстан, Орто Азия жана Түркия болот.  Фуллер ал кезде ЦРУнун Кабулдагы бөлүмүн жетектейт. Дал ошол мезгилде Ооганстанда кеңири масштабдуу согуш жүрүп, ЦРУ өзүнүн “Циклон” аттуу операциясын ишке ашырып жаткан. Советтик аскерлерге каршы күрөшкө ЦРУ Сауд Аравиясынан Усама бен Ладенди тарткан. Ал араб өлкөлөрүнөн фанатик-жихадчыларды топтоп келиш керек эле.

Конгресске кийинчерээк берген маалыматында Фуллер айткан, “ Исламды эволюция багытында жана биздин душмандарыбызга каршы күрөштө пайдалануу Ооганстанда Кызыл Армияга каршы күрөштө абдан мыкты кызмат кылып берди. Мына ошол эле жол менен азыркы кезде орустардын калган анча-мынча кубатын дестабилдештирүүгө болот”.

Грэхем Фуллердин кавказдык жихадчылар менен байланышы 2013-жылдагы Бостондогу  террактан кийин ачыкка чыккан. Бостондо терракт жасаган Тамерлан жана Жохар Царнаевдин жакын агасы Руслан Царнаев болгон. Ал да Чеченстандан чыккан. Руслан Царнаев Грэхем Фуллердин кызы Саманта Фуллердин күйөөсү болгон. Фуллер Вашингтондун чет жакасындагы үйүндө Руслан Царнаев жашаганын айтып жүргөн. Грэхем өзү кызы жана күйөө баласынан кабар алуу үчүн Кыргызстан жана Кавказда бир нече жолу болуп кеткен. Дал ошол учурда ЦРУ чечен террордук жихадчыларын Москвага каршы күрөштө активдүү колдоп жаткан эле.

Руслан Царнаев атын өзгөртүп, Руслан Царни болуп алган. Ал Дик Чейнинин Халибартон компаниясы менен байланышкан ишканаларда иштеген. 1990-жылдары Казакстанда ЮСАИДдин консультанты болгон. ЮСАИД ЦРУ менен тыгыз байланышта иштеген уюм.

Грэхем Фуллер терракт жасаган Царнаевдер менен Руслан Царнаевдин байланышын жашырууга аракет жасаган. Бул Фуллердин чекист катары абийирине шек келтирери айкын иш.

Гүлен, Абрамовитц жана Сорос

Гүлендин АКШга барып жашап калуусуна Фуллер жана Абрамовитц жол ачкан. Анын Жашыл карта (Грин карт) алуу максатында жазган арызында колдоо багытындагы Фуллердин жана АКШнын Анкарадагы элчиси Мортон Абрамовитцтин кол  тамгасы турат.

Эндгаль Абрамовитцтин ооган жихадчылары менен байланышын белгилейт. Ал ооган жихадчыларынын колуна Стингер ракетасынын тийүүсүнө салым кошкон. Абрамовитц кийинчерээк Эл аралык кризисттик топтун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калды. Топту Жорж Сорос каржылаган. Бул уюм  1999-жылы Сербияны АКШнын мыйзамсыз бомбалоосун легитимдештирүүдө чоң роль ойногон. Андан кийин Абрамовитц ЦРУ менен байланыштагы “Улуттук демократиялык фонддун” башчылыгына келген. Бул фонд иш аракеттери үчүн көп жерлерде сынга алынып келет. Кээ бир өлкөлөрдө бул фонддон акча алуу кылмыш катары саналат.

2016-жылдын 15-июлундагы ишке ашпай калган кандуу төңкөрүш боюнча Грэхем Фуллер жана Анри Баркиге коюлган айыптар ЦРУ менен Фетхуллах Гулендин уюмунун байланышын тастыктап, ага бүт дүйнө көңүл бурган. Бул “бөрүлөр зынданын” жүзүн ачуу Түркиянын кээ бир жарандарынын ЦРУнун ыплас операцияларына аралашканын ачып чыккан. Алар баңги соодасы, Косово баңги мафиясы сыяктуу ыплас нерселерден да баш тарткан эмес…

 

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз