Индияда Нарендра Моди жеңишке жетишти

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Индияда парламенттик шайлоо болуп, анда премьер-министр Нарендра Моди башында турган “Бхаратия жаната парти же Индия элдик партиясы” жеңишке жетишти. Дүйнөдөгү эң ири демократия саналган, 900 млн. шайлоочусу бар өлкө парламентинин төмөнкү палатасында 542 депутаттык орун бар. Модинин партиясы  шайлоо жыйынтыгы боюнча 299 мандатка ээ болгону 23-майда маалым болду.

Гандилер династиясынын “Конгресси” мурунку абалын бир аз оңолтуп,  54 мандатка ээ болду. Мурунку шайлоодо бир кезде Индияда бийлик башында турган “Конгресс” 44 гана мандатка ээ болгон эле.

Нарендра Модинин чоң жеңиши анын Индияда реформаларды дагы да чечкиндүү жүргүзүүгө алып келет деген пикирлерди жаратууда.

Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж 22-майда ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында Бишкекке келген эле. Аны президент С. Жээнбеков кабыл алып, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу, Кыргыз-индия өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкууланган эле.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз