Пятница, Ноябрь 22

Ирактагы көтөрүлүштүн таржымалы

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Эксперт менен Ирактагы кандуу көтөрүлүш жөнүндө маек

Иракта он күндөн бери эл өкмөткө каршы көтөрүлүп, көчөдө, аянттарда полиция менен кандуу кагылышуулар болуп жатат. Каза болгондордун саны 100дөн ашып, жаралуулар 3 миңге чукулдады деген маалыматтар бар. Ирактагы кырдаал тууралуу бул өлкөнүн эл аралык мамилелер боюнча илимдин кандидаты, саясат таануучусу   Зияд Нури менен “Kyrgyz News’” сайтынын Түркиядагы атайын кабарчысы Дастан Разак уулу маектешти.

– Зияд Нури мырза  Иракта ушул тапта эмнелер болуп жатат?

-Бул учурда  Иракта абал оор. Эл 1-октябрдан бери өкмөткө нааразылыгын билдирип көчөдө. Анын себеби өлкөдөгү кырдаал: учурда Иракта жогорку окуу жайды аяктаган 100 миңдеген билимдүү адистер жумушсуз, жолдор бузулган, таза суу жетишсиз, коммуналдык тейлөө төмөн. Бул абал бүт өлкө аймагында байкалат. Айрыкча, өлкөнүн эң түштүгүндөгү Басра шаарында абал оор. Болбосо өлкөдөгү нефтинин көпчүлүгү Басрадан өндүрүлөт. Ирак нефть өндүрүп, экспорттоо боюнча дүйнөдө бешинчи орунда туруп, күн сайын 4 млн баррель нефтини сыртка сатып жатат. Ушунча чоң көлөмдөгү нефть сатып жаткан өлкөдөгү социалдык абалдын начардыгы- жумушсуздук, жакырчылык элди көчөгө алып чыкты. Нааразылык билдиргендер өлкөнүн бюджетине түшүп жаткан кирешелерди саясий партиялар, уюмдар, мамлекеттик чиновниктер алып жатат деген пикирде. Ошол эле учурда социалдык объектилер каралбай калды, айлык-маяналар аз, жаштар жумушсуз, жакырчылыктын күчөп кетти”- деп  өкмөткө каршы көчөгө чыгышты.

-Бул нааразылык акциясына оппозициянын тиешеси барбы, алар үндөп көчөгө алып чыгышкан жокпу? Деги эле оппозициянын пикири кандай болуп жатат бул көрүнүштөргө?

-Бул нааразычылыкка каршы өкмөт жана президент жооп кайтаргысы келип жатат. Бирок ким тарабынан башталганы белгисиз, калктын алдына чыгып ээрчиткен бир лидери да жок. Ошондуктан нааразычылык билдиргендер менен өкмөт тараптын сүйлөшүүсү да кыйынчылыкка туруп жатат. Эч бир саясий партия, топтор көтөрүлүштү колдойбуз деген пикирлерин билдирбеди. Бир гана өлүм болуп кеткенден кийин кээ бир саясий партиялар сындап чыкты. Айрым гана партия лидерлери өкмөт таратылып, жаңыдан шайлоо болсун деп билдирди. Жогоруда айтып өткөндөй негизги себептердин бири жумушсуздук болду окшойт. Эгер элде жумуш болсо өздөрүнүн иши менен алектенишмек, колунан сүйрөсөң да көчөгө чыкмак эмес. Мисалы көтөрүлүшкө чыккандардан бирөө: “Өлкөдө иш жок, жанды багуу кыйын болуп калды. Европага барсаң шерменде болосуң, башкача мамиле кылышат, кайра кайтып келсең дагы шермендесиң, кай жерге барып жан багууну билбей калдык”, – деп айтты.

-Бул нааразылык акциясы бир гана Багдад  шаарында болуп жатабы же өлкөнүн бүт аймагындабы?

-Эң чоң нааразылык акциясы Багдад шаарында жүрүүдө, бирок өлкөнүн бардык тарабында эл көтөрүлдү. Жогоруда айтып өткөндөй өлкөнүн эң түштүгүндөгү Басра шаарында да катуу каршылык бар, Тикрит, Керкүк ж.б. бүт аймакта эл көтөрүлдү. Бир гана менин кичи мекеним тарапта (Түндүк Ирак) абал тынч.

-Көтөрүлгөндөрдүн лидерлери жок болсо, кантип бир убакта бүтүндөй аймак көтөрүлүп кетти?

-Бул нааразылык бир күндө чыга калган жок. Буга чейинки өлкөнүн абалы, калктын жашоо-тиричилигинин төмөндүгү көптөн бери элди кыжырдантып келген. Биринчи эл өздөрү топтолуп Багдадда чыкты. Бул нааразылык акциясы телевизор, интернеттен тарады, аны көргөн башка шаардагы жумушсуз жаштар да көчөгө чыгышты. Учурда полиция менен элдин кагылышуусунан ж.б. себептерден улам 107 адам өлдү деп билдирилип жатат. Бирок мунун саны 150дөн ашаары мүмкүн жакынкы убакта. Анткени оор жарадар алгандар  3 миңден ашуун. Алардын кээ бирлеринин айыгып кетиши мүмкүн эместей.  Кээ бир маалыматтарга караганда полициядан сырткары көзгө атаар (снайперлер) ок чыгарып жаткандыгы айтылууда.

-Ирак өкмөтүн Саддам Хусейинден бери шииттер башкарып жатат. Ал гана турсун шииттер сунниттерди кысымга да алышканы айтылып келет. Бул көтөрүлүштү шиит, суннит кагышылышы катары карасак болобу?

-Жок, бул нааразычылык диний агымдардын бөлүнүшү катары кароого болбойт. Анткени Басра шаарынын 95 шииттер, алар да чыгышты. Багдад шаарында шииттер да суниттер да жашайт, алар кошо чыгышты нааразылыкка. Өлкө түндүгүндө суниттер көпчүлүктү түзөт, алар да көтөрүлдү. Айтор муну диний көтөрүлүш эмес, жогоруда айтып өткөндөй социалдык абалдын начардыгынан чыгып жатат десек туура болот.

-Бул көтөрүлүштөргө башка өлкөлөр эмне деп жатышат?

-Негизинен бул да көйгөйлүү маселе. Чечим кабыл алуу Ирак өкмөтүнүн колунда эмес. Анткени бир тараптан Иран бир тараптан Америка бар. Бирок Ирандын таасири эң күчтүү десек болот. Ирак өкмөтү чечимдерди кабыл алып жатканда Ирандын кызыкчылыгы болбосо ал кабыл алынбайт. Саясий чечимдер болобу, шайлоо болобу же маанилүү маселелерди талкуулоодон мурда Иран менен сөзсүз кеңешишет, анткени ал чечимдер же саясий иштер Ирандын кызыкчылыгына каршы келбеш керек. Бир тараптан АКШ менен кеңешет. Анткени өлкөдө Ирандан кийин эле,  АКШнын таасири чоң. Бул эки өлкөнүн кызыкчылыгы менен эсептешүү керек болот. Ошондуктан чет мамлекеттер да көтөрүлүштү толук колдобой, баары өкмөттү колдоп жатышат. Бир гана көтөрүлүшчүлөр өлбөсүн, өлүм-житим болбосун деп жатышат. Орусия да өкмөттү колдоорун билдирди. Иран болсо түздөн-түз өкмөттү колдоп, көтөрүлүштү басууга жардам көрсөтөөрүн айтууда. Бир канча күндөн кийин Ирактын Кербала шаарында шииттердин диний сыйынуу жөрөлгөсү өтөт. Бул үчүн шииттердин коопсуздугун коргоо үчүн 10 миң аскер жиберем деп жатат. Бул Ирак өлкөсүнө Ирандын таасиринин канчалык терең экенинин белгиси эмеспи?

-Көтөрүлүшчүлөрдүн талабына өкмөт эмне деп жооп берди?

-Эки күндөн бери бир аз басаңдады. Анткени өкмөт бир канча талаптарды аткараарын билдирди. Алар:

1) Он миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт.

2) Өлкө казынасынан көп акча алган саясий топтор менен мекемелердин бюджети кыскартылат.

3) Пенсия, айлык акылар көтөрүлүп, жакырларга жардам берилет.

4) Коррупция менен күрөш уланат. Мунун негизинде 50 миңге жакын адам паракорчулук менен айыпталып иштен айдалды.

Нааразылык акция убагында өлгөндөр шейиттер деп аталып, үй-бүлөлөрүнө мамлекеттен жардам берилээри айтылды. Бирок көтөрүлүшчүлөр бул убадаларга ишенбей, күмөн санап жатышат. Бир тараптан жарадарлардын жана өлгөндөрдүн санынын өсүүсүнөн көтөрүлүшчүлөр да коркуп жатышат. Анткени  “улутчул шиит” топтор көтөрүлүшкө чыккан айрымдардын үй-бүлөсүн өлтүрүп, коркутуп жатышат. Бул улутчул шиит топтор өлкөнүн башкаруусунда таасирдүү болуп, бардык тармактарга кирип алышкан. Ал эми президент болсо көтөрүлүшчүлөргө катаал мамиле кылынганын мойнуна алып, аларга көмөк көрсөтүлөөрүн убада кылды. Бирок Иракта президенттин күчү жок. Бийликтеги ыйгарым укуктар премьер-министрдин колунда. Ошондуктан президент канча аракет кылса да кырдаал анча өзгөрө бербейт. Ирак бир канча жыл бою террордук топтор менен согушуп, эми гана алардын маселесинен кутулганда калктын көтөрүлүшү бийликти да солкулдатып, ойлондуруп койду.

-Пикириңизди бөлүшкөнүңүз үчүн чоң рахмат, Зияд мырза! Илимий жолуңузга ийгилик!

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз