Среда, Октябрь 23

Иран Лондонго танкеринин кармалгандыгы үчүн жооп берерин эскертти

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Ирандын Башкы штабынын жетекчиси Лондондун аракетин “душмандык демилге” деп атады. 

Тегеран Улуу Британия тарабынан Гибралтар куймасында ирандык мунай танкеринин кармалгандыгы үчүн жооп иретинде чара көрөт. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мухаммед Бакери билдиргенин ирандык Tasnim маалымат агенттиги билдирди. 

Башкы штабдын жетекчиси Лондондун аракетин “душмандык демилге” деп атады. “Жооп керек учурда жана керектүү жерде берилет”,- деди Бакери. 

Британиялык администрация Гибралтарда бейшембиде, 4-июлда ирандык танкерди Сирияга мунай жеткирип баратат деген негизде кармаган, Иран аны моюнга албай жатат.  

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз