Понедельник, Ноябрь 18

“Ислам мамлекетинин” лидеринин эжеси кармалды

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Түркиянын аскер кызматкерлери тарабынан “Ислам мамлекети” террордук тобунун мурдагы лидери аль-Багдадинин бир тууган эжеси кармалды.

Террордук лидердин эжеси 65 жаштагы Расмия Авад үй-бүлөсү менен Түркия-Сирия чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан Азаз шаарынан алыс эмес жерде контейнерден салынган үйдө жашырынып жүргөн. Кечээ, 4-ноябрда өткөрүлгөн атайын операциянын алкагында күйөөсү, келини жана беш баласы менен колго түшкөн.

Эске салсак аль-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып каза тапканы белгилүү болгон. Рейд учурунда ИМ тобу тууралуу маанилүү маалыматтар камтылган документтер табылган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз