Среда, Октябрь 23

Израилдин абактарындагы кыйноолордон 73 палестиналык каза тапкан

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Соттолуучулардын палестиналык Клубу 1967-жылдан тартып израилдик абактарда сурак учурундагы кыйноолордон улам 73 палестиналык каза тапканын жарыялады. Анда айтылгандай израилдик оккупациялык бийлик абактардагы палестиналыктарды кыйноого алуунун бир нече ыкмасын колдонот. Бул физикалык жана психикалык ыкмалар. Алардын максаты кармалгандарды адамдык баалуулугунан ажыратып анан күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө алуу болуп саналат.

Аталган клуб кармалгандардын 95 пайызы камакка алынгандан баштап кыйноолорго туш келгенин белгилейт. Бул тергөө учурунда да уланат, ал турмак соттолгондон кийин да токтобойт. Анын бир мисалы, 2013-жылы Арафат Жарадат Мегилдо түрмөсүнүн камерасында камалганына беш күн болгондо кыйноодон улам көз жумган. 2014-жылы израилдиктер Ясин аль-Сарадихти камалган учурунда кыйноого алып өлтүрүшкөн. Ошол эле жылы Нахшон күчтөрү (абактардагы соттолуучуларга басым кылуучу атайын бөлүк) Азиз Эвейсатты Эшель түрмөсүндө кыйноого алышкан. Андан кийин аны израилдик ооруканага которушкан, ошону менен 2018-жылдын 20-майында өлдү деп жарыялашкан. Ошол эле жылдын сентябрында окуппациялык күчтөр Мохаммед аль – Хатибди өлтүрүшкөн. Сурак учурундагы кыйноолордун кесепетинен Насар Такат 2019-жылдын 16-июлунда көз жумду.

Клуб белгилегендей соттолуучуларга колдонулган кыйноо ыкмалары кармалган жана сурак учурундагы менен эле чектелип калбайт. Андан тышкары аларды жалгыздап камоо, санитардык минималдуу нормаларга жооп бербеген шартта кармоо, транспорттоо ыкмалары ж.б.лар да колдонулат.

“Израилдик түрмөлөрдүн администрациясы тарабынан жасалган репрессия соттолуучуларды жалпылап кыйноонун эң бир белгилүү түрү”, – дейт соттолуучулардын Клубу. Белгиленгендей ушул жылы атайын бөлүк Офер түрмөсүнө чабуул жасап бир нече репрессияны ишке ашырган. Каршылык көрсөтүү учурунда ондогон соттолуучу калемпир газынан, үн чыгарган бомбо, желим ок, дубинка жана полиция иттеринен жапа тартышкан, андан кийин Мегиддо жана Раймонд абактарындагы репрессияга туш келишкен. Каршылык көрсөтүү кайрадан Кциот абагында март айында орун алган, анда ондогон соттолуучулар жабырланышып, айрымдары кыйноолордон улам оор жараат алышкан. Репрессия мыкаачылык менен сабоо, газ чыгаруу, бир нече күн керебеттерге таңып салуу сыяктуу көрүнүштөр менен коштолгон.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз