Вторник, Февраль 25

Жаңы жылга башкалардан өзгөчө киргиңиз келеби?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кандай киришүү менен баштаарымды биле албадым. Эсиме келген биринчи сүйлөмдөн баштайын. Мен үчүн да жаңы жылда жаңыча метод болсун. “Жаңы жыл” деп аты айтып тургандай эле, жаңы 2020-жылга да саналуу күндөр калды. Арабызда чындап күн санап отургандар бар. 2020-жылдын 1-январын эмес, 31-декабрь батыраак келсе экен деп күтүп отургандар. Ошолор бир күндүк майрамдык маанай үчүн күтүп отурушат. Башка эмне үчүн күтмөк эле? Жаңы жылда жаңы мүнөзгө ээ болом, буюрса эски жыл менен кошо жаман сапаттарым калып кетет, деп күтмөк беле. Бирок, ошол күнкү же түнкү дейлиби, иши кылса майрамдык кечелерде айтылган каалоо-тилектерде “жаңы жылда жакшылыктар коштосун, жаңы ийгиликтерди алып келсин, жамандыктар эски жыл менен кетсин” сыяктуу сөздөр айтылат. Ушул тилектер башка учурларда эмне үчүн айтылбайт? Эмнеге бүгүн айтпайбыз? Жамандыктарды эски жылга жүктөйбүз? Өзүбүз аракет кылып адамдык сапатыбызды өзгөртпөгөндөн кийин буга окшогон жаңы жылдан 100дү жашасак да эч нерсе өзгөрбөйт. 

Ал күнгө ар кимдин ар кандай пландары азыртадан түзүлө баштаган болуш керек. Кимдир бирөө достору менен, кимдир бирөө туугандары менен, дагы бирөө бирге иштегендери менен ж.б. Албетте, майрамды жөн гана, катардагы күндөрдөн бириндей өткөргөндөр да жок эмес. Сөзүм алардан сырткары.

Мен сиздерге бул майрамдын тарыхын, маданият чөйрөсүндөгү же исламдагы ордун, майрамдаса болобу же болбойбу сыяктуу талаш-тартыштарын айтпайын деп чечтим. Ансыз деле социалдык тармактарда бул тууралуу окурмандар үчүн даярдалган көптөгөн макалаларды, блогдорду кездештирсе болот. Жаңы жыл майрамын майрамдаймын деп өзүнө кабыл алдырган бирөөнү андан кайтаруу кыйын. Ошондой эле жаңы жылдагы ысырапкорчулукту, күнөөлөрдү, кылмыштарды, асманга учуп чыгып жарылган бойдон күлгө айланып, жок болуп кетип жаткан акчаларды чын дили менен ойлонуп караган, акыл-эси жайында ар бир инсан түшүнөт деп ойлойм. Мусулман болушу шарт эмес.

Быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтын кооздоп, тургундарга жана меймандарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн 5 млн. 800 миң сом сарпталганы айтылды. Буга өзүңүздөр баа бериңиздер. Бир эле Ала-Тоо аянтына бөлүнгөн акчаны жаздык. Өлкөбүздө чоң шаарлар, жети облус жана райондорубуз, айыл-аймактарыбыз бар. Мекеме, мектеп жана ЖОЖдорду кошпой кетсек таарынып калышпасын. 

Жыл сайын Кытайдан кирген тышы жалтырак арзан буюмдарды сатып алабыз, балдарыбызга сатып беребиз. Асманга чыгып атылганда ар кандай түскө бөлөнүп, адамдын көзүн күйдүрүп, өзү да күйүп барып күлгө айланган, кирдеп, шаардык мэрияга да маска тактыртып зорго турган абаны ого бетер булгаган жардыргычтарды сатып алабыз. Алып беребиз. Өзүбүз кылган иштерге эртеси күнү эле өзүбүз нааразы болуп чыга келебиз. Шаар биздики, кытайдыкы же башканыкы эмес. Жок, адаштым. Шаар биздики эмес, бизге аманат. Шаарыбыз эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан, жада калса бүткүл аалам бизге аманат. Бизден кийинки муунга, балдарыбызга өткөрүп бере турган колубуздагы аманат. Аманатка кыянаттык кылып жатабыз. Албетте, бир эле жардыргычтар күнөөлүү эмес.

Нанга жетпеген акча жаңы жылдык майрам үчүн жардыргычтын түрүн алганга жетет. Көмүргө жетпей жаткан акча жаңы жылда спирттик ичимдиктерге жетет. Калыңыраак кышкы кийимге жеткире албай жаткан акча жок дегенде бир тортко же индюк алганга жетет. Жаңы жылдык майрамда, бир эле күндүн ичинде салыштырмалуу көп эсе спирт ичимдектери түгөтүлөт, көп эсе күнөө жана кылмыш иштелген учурлар кездешет. Ошол түнкү зынааны айтпасак деле белгилүү. “Зынаа” дегенимди бир эле окуп өтүп кетпей, ошол ишти кылып жаткан адамдын ордуна өзүңүздүн бир тууганыңызды, ата-энеңизди, эже-карындаш, ага-инилериңизди койуп окуп көрүңүз.

Бир күндүк маанай көтөрүү үчүн бир канча нерседен курмандык берип келебиз. Абадан, акчадан, үй-бүлөдөн жана башка нерселерден. Маанайыңарды көтөрбөгүлө, такыр майрам күндөрүн белгибегиле деген жокмун. Майрамдагыла, бирок, бир майрам үчүн “бул дүйнөгө бир келдик” деген түшүнүк менен өзүңөрдү, ден-соолугуңарды, чөнтөгүңөрдү да ойлобой майрамдаштын канчалык кажети бар. Бул сөзүм өлүм-житимдеги сарптоолорго жана той-топодогу ысырапчылыкка да тийиштүү. 

Курман айт же орозо айт деле майрам. Бул майрамдардын максаттарынан бири, өзүң менен бирге кошунаңды, жетим-жесирди, колунда жок мекендештерибизди да кубантуу. Аларга колдон келишинче кайрымдуулук жасоо менен майрамдалып келет. Демек майрамдын башкача форматтагылары деле бар бекен?

Акыркы убактарда жаңы жылда жардыргычтарга каршылыгын билдирген жакшы максатты көздөгөн флешмоб, акциялар башталды. Бирок, аздык кылат. Бир канча жаш активист улан-кыздар менен гана чектелип калбастан ар бирибиз, улуу-кичүү дебей жакшылык иште жарышалы. 

Кыштын күнү… үшүгөн, кыйналган, көмүргө же тамагына акча таппай жүргөндөр бар. Сууктан каза болгондорду жыл сайын угуп, билип жүрөбүз. Бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө кор дүйнө. Жаңы жылга башкалардан өзгөчө кирели. Жаңы метод менен майрамдап көрөлү. 2020-жылга өзүбүздү эле эмес, башкаларды да кубантканча кирели. Башканын кубанычына себепчи болуунун сизге канчалык таасир берээрин көрүңүз. Жардыргычсыз жаңы жыл… Көнгөн адат калабы? Аракет кылып калтыралы. Өзүбүз үчүн. Өзүбүздү ойлобосок келечек муунду ойлойлу.

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз