Суббота, Март 23

Жаңы Зеландияда мечитке кол салуу болду

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Андан 49 киши каза тапты.Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында мечитте жума намазын окугандарга карата террордук кол салууда 49 киши каза болду. Өлкөнүн премьер – министри Жасинда Ардерин болсо кол салуу тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, 40 кишинин каза болгондугун, 48 кишинин жаралангандыгын, алардын ичинен 20сынын абалы оор экендигин билдирген. «Тарыхыбызда эч болбогон кол салуу менен бетме – бет келип турабыз»,- деген Ардерн кол салуучулардын чалгындоо маалыматтарындагы шектүүлөр тизмесинде орун албагандыгын айткан. Крайстчерч шаарынын Хаглей Парк аймагында мечитке карата атылган октон кол салуучулардын бирөөсү тарабынан социалдык медиада түз эфирден жарыялагандыгы да интернетке чыкты. Ок атуу учурунда мечитте жума намазын окуп жаткан 200 кишин болгон. Бул террорчулук үчүн шектүү катары үчөөсү эркек, бирөөсү аял болгон төрт киши кармалды. Кол салуудан кийин аймакта мектептер эс алууга чыгып, элдин мечиттерден алыс болушу айтылып, мечиттерге каалгаларын жабуу көрсөтмөсү берилди.

Бөлүшүү

Автор тууралуу

KYRGYZ NEWS

КыргызНьюс маалымат порталы Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктарды окурмандарына туура, толук, айкын жана объективдүү жеткирип берүүнү максат кылат. Адистер тарабынан даярдалган аналитикалык макалаларыбыз болуп жаткан окуяларга терең көз караш менен карашыңызга жардам кылат.

Комментарий жазыңыз