Понедельник, Ноябрь 18

Жантөрө Сатылбалдиев суралат

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча кезектеги сот процесси болот. Бүгүн мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев суралат.

Эске салсак Сатыбалдиев 31-октябрда суралышы керек эле, бирок ошол күнү акыбалы начарлагандыктан сурак кийинкиге жылдырылган.
Буга дейре мурдагы өкмөт башчылардын бири Сапар Исаков сурак берген.

Бишкек ЖЭБинин модернизацияланышы боюнча ачылган кылмыш ишинде сегиз мурдагы аткаминерлер айыпталып жатат. Алардын бири да айыбын моюнуна алышкан жок. Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова гана үй камагында, калгандары учурда УКМКнын абагында кармалууда.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз