Понедельник, Август 26

Жээнбеков менен Лавров Путиндин Кыргызстанга сапарын талкуулады

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын экинчи аскер базасын ачуунун
зарылчылыгы барбы?
Орусиянын президенти В. Путиндин март айынын соңунда Кыргызстанга
мамлекеттик иш сапар менен келери расмий түрдө жарыялангандан кийин
өлкөбүздүн түштүк аймагына экинчи аскердик базаны ачуу маселеси
көтөрүлүүдө. Бул тема мурда да айтылып келген. Бирок акыркы кезде
эскирип, унутула баштаган маселе кайрадан козголуп, жаңы форматта
коомчулуктун талкуусуна коюла баштады.
Отко май чачкандай кырдаал Кыргызстандын Орусияга жакында дайындалган
элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ТАСС маалымат агенттигине берген маегинен
кийин жаралды. Анда дипломат “Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орус аскердик
базаcын ачуу маселеси биздин өлкөнүн жетекчилиги менен тиешелүү
мекемелердин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Мындан улам бул маселе эки өлкө
президенттеринин марттагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн”,- деген.
Ошол эле маалда элчи Ооганстандын түндүк аймактарына Сирия менен Ирактан
“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жеткирилип жаткандыгы тууралуу
маалыматтар бар экенин билдирип, “Алардын Тажикстандын, андан кийин биздин
аймакка кирип келүү ыктымалдыгы өсүп жатат”, — деп айткандыгын “Азаттык”
радиосу билдирди .
Ал эми 4-февралда Кыргызстанга В. Путиндин сапарына даярдык көрүү
алкагында расмий сапар менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей
Лавров президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бирок ал Кыргыз-Орус
(Славян) университетинин студенттери менен жолугушууда база тууралуу
берилген суроого жооп берип жатып Кыргызстандын аймагында экинчи аскер
базасын ачуу – Орусиянын демилгеси эмес экендигин билдирген менен “Бул
маселе козголгон жок. Бул боюнча расмий демилге алган жокпуз. Ал эми
Ооганстанга байланыштуу сурооңузга жооп берсем, ал жактан Борбор Азияга
карата террор жана наркотрафик боюнча коркунучтар бар. Сириядан, Ирактан
жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдөн террорчулар Ооганстанга дагы
эле кирип жатканы жашыруун эмес. Алардын Борбор Азиядагы биздин өнөктөш
мамлекеттерге жакын жайгашуусу коопсуздукка өтө чоң көңүл бурууну, анын
ичинде Орусиянын бириккен аскердик базасын иштетүүнү талап кылат. Биз бул
жолу ошол базаны өркүндөтүү, биринчи кезекте ЖККУнун террорчулукка
карата чеби катары колдонуу боюнча маселелерди талкууладык, – деп,
Орусиянын Кыргызстандагы экинчи аскердик базасын ачууну жокко да чыгарбады.
Сыягы, бул маселе Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана социалдык
тармактарда кызуу талкуулана баштагандан улам болсо керек, элчи база боюнча
анын сөздөрү айрым күчтөр тарабынан бурмалып жатышкандыгын “Азаттыкка”
төмөндөгүдөй билдирди: – Мен социалдык тармактарда, маалымат
каражаттарында билдирүүмдү талкууга алып, тетири жакка бургандарга ошол
маекте айтылгандарды жакшылап окусун деп кеңеш берет элем. Ал жерде эки
өлкөнүн президенттери ушул маселени талкуулашы мүмкүн экендиги
айтылган. Ошол эле. Эми бүгүн Ооганстанда абал курчуп баратканын
билесиңер. Биздин түштүк аймактар Ооганстанга жакын эмеспи, ал жакта
коопсуздук чараларын камсыз кылуу иретинде талкуу болушу мүмкүн. Балким
талкуулабай калышы да мүмкүн. Башка сөз жок. Конкреттүү сөз жок.

Элчинин пикиринде, анын сөзүн "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы
мамиленин жакшырышын каалабаган тараптар бурмалап жатат.
– Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленин бекемделишине
кызыкчылыгы жок ички жана сырткы күчтөр ушул маселени атайын козутуп, эл
арасында туура эмес маанай түзүп жатышат. Орусия менен мамиледе эң
биринчи Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргогон саясат
жүргүзүлөт. Президент мага ошондой тапшырма койгон жана мен анын
үстүндө иштеп жатам, – деди Аликбек Жекшенкулов аталган маалымат
булагына.
Эми ошол эки мамлекеттин ансыз деле жакшы карым-катнашынын мындан ары да
жакшырып кетишине каршы болгон ички жана сырткы тараптар кимдер болду
экен? Эгер чындап эле ушундай күчтөр бар болсо, анда алар Афганистан
тараптан келе турган террордук коркунучтардын колдоочусу деп гана тыянак
чыгарууга болот. Анда эле чакан өлкөбүз дүйнөлүк улуу державалар тирешкен
полигонго айланып бараткан го.
Ооба, азыр Афганистандан келүүчү коркунучтар тууралуу көп эле айтылып,
жазылып жатат. Бирок Кыргызстан бул өлкө менен түздөн-түз чектешпейт. Ортодо
бүтүндөй бир мамлекет бар. Орусия Тажикстанга ансыз деле баардык курал-
жарактары менен аскерлерин жайгаштырып, чек арадан жөө-жалаң өтүп келаткан
жоочулардын күлүн көккө сапыра турган күчкө ээ. Андыктан экинчи айлампадагы
Кыргызстанга да ушундай аскердик базаны жайгаштыруу канчалык логикага төп
келет? Экинчиден, Кантта жайгашкан үндөн да тез уча турган Орусиянын супер
учактары өлкөбүздүн түштүгүнө көз ирмемдик убакытта эле учуп жетет. Демек,
Афганистан тараптан көрүнүп-көрүнбөгөн коркунуч шылтоосу менен Орусия 1991-
жылы СССР кулагандан кийин алдырып жиберген аймагын кайра толук
көзөмөлдөөгө умтулуп жаткан жокпу?

 

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз