ЖККУ, ШКУ министрлери Кыргызстанда

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

22-майда Кыргызстанда Жамааттыктык коопсуздук келишими уюму жана Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин өз-өзүнчө жыйындары болду. Бул жыйындарга эки уюмдагы, ал эле эмес дүйнөдөгү эң таасирлүү өлкөлөр болгон Россия жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров жана Ван И катышты.

ШКУ жана ЖККУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. ШКУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери июнь айында Бишкекте боло турган ШКУ башчыларынын саммитине даярдыкты талкуулашкан.

ЖККУга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери өз жыйынында  террорчулук, экстремизмге каршы күрөштү талкуулашкан. Алар ошондой эле НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине кайрылуу жолдошту. Анда өз ишенимди арттыруу жана кызматташууну өнүктүрүү сунушталган.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз