Понедельник, Ноябрь 18

Журналистти каккан депутат мандатын тапшырабы?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаевдин “Kloop” сайтынын журналистине жасаган орой мамилеси Фейсбук колдонуучуларынын талкуусунда калды. Социалдык тармактагылар депутаттын бул кылыгын сындап, ал тургай анын мандатын тапшыруусун талап кылып башташты.

Аталган сайттын журналисти депутатка: “Сиз Ататүрк паркынан жерди мыйзамсыз алгансызбы? Бул боюнча эмне айта аласыз?” – деген суроо узаткан. Буга Азиз Турсунбаев “барчы ары” деп жооп берген.
Ал арада соцтармактагылар депутаттан мандатын тапшыруусун талап кылып флэшмоб дагы баштагандарын жар салышты.

Мелис Аспеков: “Ушул акмак Азизбек Турсунбаев “Кыргызстан” партиясынын депутаты, журналист кызды, итти айдагандай “Иди отсюда” деп кубалаптыр. Токтоосуз мандатын тапшырышын талап кылалы. Болбосо “Кыргызстан” партиясын шайлоодо чогуу байкот кылалы”.

Эскерте кетсек буга чейин журналистке орой мамиле кылганы үчүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов кызматын тапшырып кеткен.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз