Понедельник, Ноябрь 18

Жүз миңдеген сириялыктар Талль –Рыфаттын бошотулушун күтүшүүдө

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Талль-Рыфат сириялык районунан көчүп кетүүгө аргасыз болгондор Сириянын түндүгүндөгү Аазаз шаарында массалык акция өткөрүштү.

Сириялыктар бул районду PKK – YPG террористтеринен тазалоого чакырык ташташты, так ушул топтун сириялык аймактарды басып алганы үчүн жергиликтүү тургундар көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

Акциянын катышуучулары сириялык революциянын желектерин жана “Сириялыктарга мекенин кайра бергиле!”, “Тынчтык булагы” операциясы Талль-Рыфатты террористтерден бошотуу менен жыйынтыкталат!”, “Жогол PKK – YPG!” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүштү.

Алар “Тынчтык булагы” операциясына катышкан Сириянын улуттук армиясынын жоокерлерин Талль-Рыфат, Миннег жана Харбел райондорун PKK – YPG террористтеринен бошотууга чакырышты.

Акциянын катышуучуларынын бири Бешир Аллитонун айтымында каршылык акциясын Талль-Рыфаттын 200 миңден ашуун тургуну колдоого алды. Айтымында чатыр тигилген лагерлерде өтө оор шартта жашап жаткан сириялык качкындардын басымдуу бөлүгү Талль-Рыфаттын мурдагы жашоочулары.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз