Катта-Туз кени Тажикстанга берилдиби?

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Өткөндө, март айында Баткен районунун Ак-Сай айылы менен кошуна Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап тең жолду төрт күн жаап салгандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде төрт күн күнү-түнү сүйлөшүү жүрүп, араң жол ачылган. Бирок анда тараптар эмнени сүйлөшүп, кандай документтерге кол коюлгандыгы, кантип мунасага келишкендиги жашыруун сыр катары сакталып, ачыкка чыккан эмес. Көрсө, биздин жетекчилер Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кенин кайрадан Тажикстандын пайдалануусуна берип салыптыр. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы Кыргызстандын карамагына өткөн Катта-Туз кени жайгашкан аймакта иштеген тажик жарандары чыгарылган. Бирок кошуналардын жүзгө жакын кен казган жумушчулары жөн гана техникасы менен Кыргызстандын аймагынан чыгарылбастан, милициянын өзгөчө даярдыктагы бөлүгү (ОМОН) тарабынан күч менен чыгарылган. Бирок эмнегедир мындан эки жыл мурун же 2017-жылы аталган тилкеге тажик жарандары кайрадан кирип, мунай кенин ушул күнгө чейин иштетип келишүүдө. Баарынан таң каларлыгы, бөтөн мамлекеттин газ, мунай кенин иштеткендиги үчүн бир сом же сомони салык төлөбөстөн, анысы аз келгенсип, канча өлчөмдө газ жана мунай сордурулуп аткандыгы да белгисиз.

Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турган кезинде аталган кен Кыргызстанга караштуу деген негиз менен өкмөттүн карамагына өткөрүлгөндүгүн белгилеп коюубуз керек. Бирок кийин макамы аныкталбай, көпкө чейин кечеңдегендиктен кайра Тажикстан колдонуп келгендиги табышмак болууда. Башка мамлекеттин жумушчулары эгер Кыргызстандын кайсы бир же тиешелүү жетекчилигинин макулдугу болбосо, кантип кирип келип, алтынга барабар байлыгын ченемсиз өлчөмдө ташымак эле?

Лейлек районунун Жаӊы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Катта-Туз участогундагы 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул жерде кара май сордургуч 9 кууру жана табигий газ алуучу 5 скважинасы 2013-жылы талашка түшүп, тажик тарап кыргыз аскерлеринин жана жергиликтүү элдин кысымы менен кенди таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2016-жылы Кыргызстандын Мүлк фондунун чечими менен “Кыргызмунайгаз” ишканасынын эсебине убактылуу өткөрүлүп берилген. Бирок ушул күнгө чейин Тажикстан жер астындагы куурлар аркылуу газды алып турганы белгилүү болду. Бул ачык эле аткезчилик болуп саналат. Ага жергиликтүү бийликтин тиешеси да болушу мүмкүн.

2017- жылы 20-августта Катта-Туз кенинен Тажикстанга басымы жана көлөмү белгисиз кетип жаткан газ куурунда авариялык абал жаралып, аны оңдоо үчүн тажикстандык адистер чек арадан өтүү үчүн уруксат сурашкан.

Кыргыз тарап алгач макулдук бербей койгон. Мындан улам ар кандай абалга даяр туруу үчүн аймак күчөтүлүп кайтарууга алынган. Бирок 20-августта таңга жуук чек арачылардын кайтаруусунда турган жерге тажик тараптын адистери кирип, куурларды оңдоо иштерин жүргүзүп кайра чыгып кетишкен.

Ал эми мындай маалымат коомчулукка тарап кеткен соң Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы “Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени Тажикстандын пайдалануусунда калды” деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Куватбек Жеенбаев төмөндөгүдөй маалымат берди:

– Катта-Туз кени 2013-жылы биздин көзөмөлгө алынып, мунай казуу иштери токтотулган. 2015-жылы өкмөттүн буйругу менен кен «Кыргызмунайгазга» өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күнү тажик жарандары ал жерде иш жүргүзгөн жок. Скважиналар толугу менен токтоп турат. «Кыргызмунайгаз» ал жерде өзүнүн чарбалык иштерин кылып жатат. Биздин чек арачылар алардын коопсуздугун камсыз кылып, кызматын өтөп жатышат.

Эгер Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы чын болсо, анда азыркы Акыйкатчы, бийликке түз да, кыйыр да түрдө көзкаранды кызматтагы адам, болгондо да экс-вице-премьер-министр, чекист, полковник калп айткан болобу? Балким, Токон Болотбекович өз сөзүн дагы бир ирет тастыктап же жаңылган болсо, төгүнгө чыгаруусу тийиш.

Бишкектиктер жакшы билбеген менен Катта-Тузда бүтүндөй Кыргызстанды камсыз кыла албаса да, Баткен облусунун жарым миллионго жакын калкына жыл боюу жете турган газ жана мунай кендери бар. Эгер ондогон чарчы километр бул жерди өзүбүз эле иштетсек, экономикалык жактан бир топ утушка ээ болуп, жумушсуздук көйгөйү да чечилмек. Баарынан да жыл сайын жазында арыгын биз тарапты көздөй тазалаган тажиктер бул мунай жана газ кенин кийин биротоло “биздин жер болчу” деп чыкпастыгына ким кепил боло алат. Марттагы чек ара жаңжалын чечүүдө кыргыз тарапты жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковдун тажиктер менен кандай алака-катышы бар?…

А. Белеков.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз