Казакстан Кыргызстан жашылча-жемиштерине жол ачты

Whatsapp Odnoklassniki LinkedIn VKontakte +

Өкмөттүн маалымдоосуна караганда, 22-майдан тарта Казакстан Кыргызстандан картошка, алма, курма жана анар ташууга киргизген чектөөнү алды. Мындай чектөөлөр 19-февралда фитосанитардык себептерге байланыштуу киргизилгенин казак тарап кабарлаган. Кыргызстан өкмөттүк делегациясы 14-15-майда Нур-Султанда казак өкмөтү менен сүйлөшүү өткөргөн.

Кыргызстан менен соодага Өзбекстан да чектөө киргизгени маалым болууда. Ташкен цемент ташып кирүүнү чектегенге байланыштуу кыргыз-өзбек чек арасында цемент ташыган ондогон фуралар топтолуп калганы 22-майда маалымат каражаттары кабарлады. Өкмөт бул маселе боюнча өзбек өкмөтү менен сүйлөшүү жүрөрүн билдирди.

Маалымат каражаттары Өзбекстан Анжиян облусунда жаңы цемент заводу ишке киргендиктен Кызыл-Кыя цемент заводунун продукциясын сатып алууга чектөө киргизгенин кабарлашкан эле.

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз